Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Мээрим Жуманазарова: Чоң сыноодон өттүм


Мээрим Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңген.

Ушуну менен 20 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова акыркы эки айда экинчи алтын байгесин утуп жатат. Буга чейин алган жараатына байланыштуу мелдештерге катыша элек болчу.

- Белградда өткөн Дүйнө кубогунда алтын байгенин ээси болдуң. Мыкты беттештердин бири болду. Баарыбыз сени алкап жатабыз. Спортчу катары ушул мелдештеги беттештериңе өзүң кандай баа бересиң?

- Буга чейин дүйнө биринчилигине катышып келгем. Бирок алтын медаль ала элек болчумун. Буга чейин жаштар арасындагы дүйнө биринчилигине катышып, жаракатымдын айынан күмүш медал алып калгам. Бул мелдештеги финалдык беттешиме чоң баа берем.

Жеңишке жеткенде башында өзүмө билинген эмес. Кыргызстанга келгенде аябай жакшы колдоп алышты. Сыйлашты. Ошондо гана билинди.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогу. 68 кг. Финал. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) - Адела Ханзликова (Чехия) 8:2. Белград, Сербия. 16-декабрь, 2020-ж.

Учурдан пайдаланып, агайыбыз Нурбек Изабековго ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биз чет өлкөгө чыксак, агай биз менен жумалап, айлап жүрөт. Агайга, ата-энеме жана машыктыруучуларыма, кыргыз элине ыраазычылык билдиргим келет.

- Чехиялык атаандашың Адела тууралуу эмнелерди айта аласың? Буга чейин экөөңөр беттештиңер беле?

- Бул чехиялык балбан кыз менен 2016-жылы күрөшкөн болчумун. Анда мен жашыраак болуп, утулуп калгам. Бул жолу тажрыйба топтогонум кадимкидей билинди. Ошого да ишеничтүү беттеш өткөрүп, аны утуп алдым десем болот.

Нурбек Изабеков (солдон оңго), Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы. Дүйнө Кубогу. Белград шаары. 16-декабрь, 2020-жыл.
Нурбек Изабеков (солдон оңго), Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы. Дүйнө Кубогу. Белград шаары. 16-декабрь, 2020-жыл.

- Бул - акыркы эки айдагы экинчи алтын байгең. Ноябрь айында Польшада өткөн мелдеште да алтын байге утуп алгансың. Көп тыныгуудан кийин мелдештерге кайткан оор болгон жокпу?

- Башында кыйын болду, бирок бат эле көнүп кеттим. Карантиндин мага пайдасы гана тийди. Эгер олимпиада 2020-жылы өткөндө мен жаракатыма байланыштуу жетишпей калмакмын. Карантин болуп, олимп оюндары 2021-жылга жылдырылып, мен жаракатымды айыктырып, өзүмө келип алдым.​

- Олимпиада тууралуу айтып калдың. Токиодо өтө турган олимп оюндарына катышууга мүмкүнчүлүгүң барбы?

- Азыр менин олимпиадалык жолдомом жок, бирок жолдомо алууга мүмкүнчүлүгүм бар. Алдыда эки мелдеш турат. Биринчиси - олимпиадалык жолдомо ойнотулуучу 9-11-апрель аралыгында өтө турган Азиялык континенталдык мелдеш. Ошол мелдеште өзүмдү сынап көрөм. Эгер ал жактан жолдомо ала албай калсам, анда дагы бир мелдешке катышам. Азырынча жолдомо алууга эки мүмкүнчүлүгүм бар.

- Былтыр дүйнө чемпионатына катышпай калгансың. Ага жаракатың себеп болгонун укканбыз. Ошол жаракаттан кайра калыбыңа келүү үчүн канча убакыт кетти? Толук айыктыңбы?

- Ал жаракатымдан айыгуу үчүн бир жылдай убакыт кетти. Операция да болдум. Операциядан кийин эки ай эч нерсе кылган жокмун. Жарым жыл кайра калыбыма келүүгө кетти. Жарым жылдан кийин гана килемге чыгып, машыга баштадым.

Операция алдында адамга ар түрдүү ойлор келет экен. Бир аз туура эмес жасалып калса эле спортко кайтпай калышым мүмкүн болчу. Мен өтө чоң сыноодон өткөндөй болдум. Буга чейин деле бутума операция жасалган. Бирок анда азыркыдай кыйналган эмесмин. Колумдагы жаракат мени өтө кыйнады. Оор күндөрдү башымдан өткөрдүм. Ушунча кыйынчылык баштан өткөн соң, алтын байге уткан маалда сүйүнгөнүмдү сөз менен жеткире албайм.​

- Колуңдагы жаракатты кайсы учурда алдың эле?

- Казакстанда окуу-машыгууда жүргөндө алгам. Анда мен өзүмдөн салмагы бир топ оор кыз менен күрөшүп жатып оорутуп алгам. Анда көп деле ооруп, кыйнаган эмес. Бирок дүйнө чемпионатына катышып жаткан учурда, күтүлбөгөн эле жерден колум чыгып кетти. Атаандашым өтө деле катуу тарткан эмес. Дарыгерлерге көрсөтсөк операция жолу менен гана дарылоого болоорун айтышты. Кыргызстанда операция жасай турган догдур жок болгондуктан Новосибирскиге барып жасатып келдим.

- Мээрим, сен жашоодо өтө назик кызсың. Сүйлөгөнүң да, күлгөнүң да өтө назик. Бирок килемге чыкканда такыр башкачасың, заматта сүрдүү болуп чыга келесиң. Бул мүнөз өзүнөн өзү пайда болобу же спортто ушундай талап барбы?

- Күрөшкөндө назик болбошуң керек. Бошобош керек. Килемге чыгарда жүз пайыз даяр болушуң керек. Анткени сенин бет маңдайында атаандашың турат. Беттеш алдында өзүбүздү моралдык жактан да, психологиялык жактан да даярдайбыз. Ошон үчүн сүрдүү көрүнүп калсак керек. Мен машыгуу учурунда же мелдешке катышып жаткан учурда гана спортчу болбосом, жашоодо жөнөкөй эле кызмын.

- Адатта кыздар назик, алсыз болушат. Анан аларды ата-энеси дене түзүлүшү бузулат деп спортко беришпейт. А сен кантип спортко келип калдың? Атаң машыктыруучу болгон үчүнбү же бул өзүңдүн тандооңбу?

- Атам машыктыруучу болгон үчүн деп ойлойм. Анткени айылда күрөштөн башка эч нерсе жок болчу. Атам күрөшөсүңөр деп, бизди машыктыра баштаган. Мен өзүм да кичинемден спортко жакын элем. Атамдын айтуусу боюнча залга барып машыгып жүрүп, спортко кантип кирип кеткенимди өзүм деле түшүнбөй калдым.

- Атаң тууралуу айта кетсең, машыктыруучу эмес, ата катары сага кандай колдоо көрсөтөт?

- Атам баарыбызды катуу кармачу. Атама ашыкча сүйлөй да алчу эмеспиз. Айтканын толук аткарчубуз. Күрөшүп жатып туура эмес кыймылдап алгандан да коркчумун. Анткени атам карап турат да. Атамдын айтканын айткандай кылчумун. Азыр мамилебиз бир топ өзгөрдү. Бир аз эркелетип турат. Азыр эки башка жашап калдык, атам көбүнчө Таласта, мен Бишкекте болуп, мамилебиз башкача. Мелдештерге аттанаарда атам мага “эгер өзүңө ишенсең гана бар” деп кеңешин берет. “Жашоодо эч качан сынба” деп айтып, дайыма колдоп турат.

- Спортто кыз бала ийгилик жараткандан кийин гана аны менен эсептеше башташат. Бирок ага чейин анын дене түзүлүшүнө асылып, сындап, “кыз деген кыздай эле болушу керек” деген сөздөр көп айтылат. Мындай учурда эмне кылыш керек? Сен кантип өзүңдү коомчулуктун сынынан сактайсың?

- Ошон үчүн азыр чачымды өстүрүп жатам (күлүп). Мындай сөздөр дайыма айтылып келет. Сындагандар өтө көп. Бирок мен ал адамдардын сөзүнө көңүл бурбаганга аракет кылам.

- Кыргызстанда күрөшкө кызыгып, күрөшөм деген кыздар көп. Бирок алар коомчулуктун сынынан коркушат. Аларга кандай кеңеш берет элең?

- Эч качан коркпош керек. Бир гана максат коюп алдыга гана умтулуш керек. Азыр мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Кыз киши өзү каалаган кесипти тандап, өзү каалаган иш менен алектене алат. Ошондуктан кыздарга айтарым, максат койдуңбу, бир гана алдыга карай умтулуш керек.

- Маегиңе чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG