Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Айдана Оторбаева эл аралык "Баатыр" наамын алды


Айдана Оторбаева
Айдана Оторбаева

Дүйнөлүк кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.

Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.

Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын башкы жыйыны 2020-жыл үчүн жеңүүчүлөрдү 18-февралда аныктады.

Буга чейин уюмдун башка бир "Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") деген сыйлыгына Айдана Оторбаева илинбей калган.

FIFPROнун барагында Айдана Оторбаеванын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылар тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы белгиленген.

Спортчу кыз бул жаңылык ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилейт:

«Бул кабарды угуу аябай жагымдуу болду. Менимче сегиз талапкердин катарына кирүүнүн өзү эле жеңиш. Анын үстүнө бул тизмеде мыкты футболчу Маркус Рашфорд да бар экен. Ал көп жаштардын кумири. Мен үчүн бул сыйлык социалдык маселелерди чечүүгө, коомго жардам көрсөтүүгө багытталгандыгы үчүн да абдан маанилүү. Бирок мен бул ишти өзүм жалгыз аткарган жокмун. Менин жанымда командам болду».

Маркус Рашфорд баштаган талапкерлер арасында татыктуу дагы бир топ адамдар бар. Маселен, Чехиянын жети футболчусу - былтыр жетим балдар үйүндөгү 306 балага алардын кыялындагы белектерди тартуулап, айрымдарына зоопарк сыяктуу кызыктуу жайларга саякат уюштурушкан.

Ал эми Түштүк Кореянын футболдук курамасынын мүчөсү Ли Гын Хо мырза өз аймагында коронавирус илдетине каршы күрөштө каржылык жардам уюштурган.

Чили футболчусу Николас Матурана 250 үй-жайсыз жана жакыр кишилерге азык-түлүк жана башка белек-бечкек таркатып, жакыр футболчунун социалдык көйгөйлөрүн чечкен.

Ыктыярчылар тобун жетектеген Айдана Оторбаева 2020-жылдын июль айларындагы пандемия күчөп турган учурда элге дары-дармек, азык-түлүк таратуу иштерине активдүү катышкан.

Оторбаева ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолуккан жыйынга келүүдөн баш тарткан.

Ал бул кадамын жыйындан жыйынтык чыкпастыгын, андан көрө убакытты туура пайдалануу зарылдыгын айтып түшүндүргөн. Оторбаева коомдун ишине аралашып, жардам берүүнү башкы милдеттердин бири деп эсептейт:

«Менимче, спортчу же белгилүү адамдар эле эмес, ар бир жаран коомго аралашканы оң. Мен ыктыярчылык ар бир адамды кыймылдата ала турган сапат болушу керек деп эсептейм. Кайсы бир учурда ар бирибизде жардам берүү төрөлгөндөн тарта пайда болгон деп ойлойм. Менимче, бул абдан маанилүү».

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов спортчу үчүн мындай сыйлык маанилүү деп эсептейт:

«Айдананын сыйлыкка көрсөтүлгөнүн угуп кубандым. Сыйлыкка Айдананы бул уюмдун Кыргызстандын өкүлчүлүгү көрсөтүптүр. Негизи эле спортчубу же башка жарандарбы - кыскасы ушундай иштерге аралашканы жакшы көрүнүш».

Кыргызстанда кыз-келиндер футболуна солгун мамиле жасалары айтылып жүрөт. Ошол эле кезде топ кубалаган спортчу кыздардын жакындары, коомдун чектөөлөрүнө да кабылган учурлар бар.

Көчө футболу федерациясынын башчысы Анара Касымалиева Айдана өндүү спортчу кыздардын ийгилиги башка кыздарга да дем берерин белгиледи:

«Спорттун ушул түрүн кыздардын тандап жатканына Айдананын кошкон салымы чоң. Негизи эле бизде кыздар футболунун өнүкпөй жатканына коомдун, кыздардын жакындарынын чектөөлөрү себеп. Жер-жерлерде дагы деле кыздар топ тепсе болбойт деген түшүнүк бар. Ошондуктан, биз азыр соцтармакта кыздардын ийгилигин жеткиргенге аракет кылып жатабыз».

25 жаштагы Айдана Оторбаева - Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери. Учурда өзүнүн футбол мектебин жетектеп, жаштарды тарбиялап жатат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG