Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Окуучуларды аңдыган "акылдуу калемсаптар"


Бээжиндеги көзөмөл камералар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бээжиндеги көзөмөл камералар. Иллюстрациялык сүрөт.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган макалаларга сереп.

Москванын согуштук планын ким кандай кабыл алган?

Washington Post (WP) гезити 16-августтагы санында “Согушка карай жол” деген аталыштагы көлөмдүү иликтөөсүн жарыялады. Журналисттерден турган топ АКШ, Украина, Европа жана НАТОнун 30 чакты жогорку аткаминери менен маек курган. Макала украин бийлиги Орусиянын кол салууга даярданып жатканы тууралуу маалыматты кантип алганын, кандай реакция кылышканын сүрөттөйт.

Иликтөө АКШ бийлиги былтыр октябрда эле Путиндин кошуна өлкөгө басып кирүү планы тууралуу кабардар болгонун, Вашингтон өнөктөштөр менен Зеленскийди согуш тобокелдигине ишендирүүгө аракеттенгенин баяндайт.

Журналисттер жазганына караганда, америкалык чалгындоо, аскердик жана дипломатиялык жогорку жетекчилер президент Жо Байден жана вице-президент Камала Харриске спутниктен тартылган сүрөттөр, өз булактарынан алынган маалыматтар камтылган доклад менен киришкен.

Украинанын Луганск облусу. 24-февраль, 2022-жыл.
Украинанын Луганск облусу. 24-февраль, 2022-жыл.

Гезит ошол маалдагы геосаясий кырдаалга сереп салып, АКШнын Ооганстандан эптеп-септеп, башаламан чегингенине, немис канцлери Меркелдин кызматынан кетип, ордуна мурда белгисиз саясатчы келгенине, Макрон туш болгон ички кыйынчылыктарга, Брекзиттен кийинки Британиядагы экономикалык кризиске, коронавирус пандемиясына токтолгон. Мунун бардыгы аз келгенсип, Европанын орустардын энергоресурстарына көз карандылыгы барган сайын күчөп турган.

Журналисттер америкалык чалгынчыларга таянып, Москванын согуштук планына токтолушкан. Орус аскерлери Беларус тараптан жылып, 3-4 күндө Киевди курчоону, атайын бөлүктөр президент Зеленскийди таап, кызматтан кетирүүнү, анын ордуна Кремлдин тилин уккан режим орнотууну көздөгөн.

Муну менен бирге борбордук Украина аркылуу Днепрга чейин жетип, Крымдагы аскерлери түштүк-чыгыш жээкти басып алмак. Москва бул аракеттерге бир нече жума кетерин болжолдогон. Тыныгуудан кийин, кошумча күч топтоп, Украинанын батыш тарабына, Молдова менен Белурас ортосундагы тилкеге чейин жылмак.

Киев шаары. 24-февраль 2022-жыл.
Киев шаары. 24-февраль 2022-жыл.

Журналисттер жазгандай, чалгынчылар Москва Киевди "3-4 күндө кулайт" деп болжошконун Байденге айтып беришкен. Ак үйдө орустар украин башкалаасын ала алышпайт деп эч ким талашкан эмес, алар мөөнөтү менен гана макул болгон эмес.

"Ошондон кийинКошмо Штаттар Путинге, атайын кызматтын жетекчиси Патрушевге жана тышкы иштер министри Лавровго чабармандарды жөнөткөн, андан майнап чыкпаган соң Киевге бет алышкан. Президент Зеленский ал маалыматты спекуляция болушу мүмкүн деген таризде кабыл алган", - деп улантат WP. - Эмне дегенде орус армиясы ага чейин да ошондой иштерге барган учурлар көп катталган. Анан да Киев даярдалып жаткан кол салуунун чын-төгүнүн текшерүү үчүн конкреттүү чалгын маалыматтар аз деп баамдаган".

Гезит жазганына караганда, кийин НАТО жана башка өнөктөштөр Орусиянын баскынчылык планынан кабардар кылынган, бирок чалгынчылардын айткандарын Британия жана Балтика өлкөлөрү гана олуттуу кабыл алышкан.

WP ошондой эле президент Зеленскийден интервью алган. Украин лидери толук масштабдуу согуш жакындап келатканы тууралуу калкка акыркы мүнөткө чейин айтпаганынын себептерин түшүндүүрүгө аракеттенген. Анын айтымында, башаламандыкты, экономикалык маселелердин пайда болушун каалаган эмес.

Президент согуш алдындагы саясатын жактап, Батыш ыктымал кол салуунун чоо-жайын ачык айткан эмес деди. Ошол эле маалда Зеленский кол салуу башталганда мүмкүн болушунча кубатуу болушканын белгиледи.

Москва менен Бээжиндин билинбеген тиреши

Eurasianet "Пикирлер” деген рубрикасында Атлантика кеңешинин аналитиктери Жо Уэбстер жана Падди Райандын казак мунайынын айынан Москва менен Бээжиндин тиреше кеткени жөнүндө макаласына орун берди.

Алар Орусия Украинага басып киргенден кийин казак мунай экспортунун өз аймагы менен өткөн каналды эки жолу блоктогонун эске салып: "Бул согушту колдобогону үчүн Нур-Султандан өч алуу аракетиби же өзүнүн кара майынын баасын көтөрүү амалыбы?", - деген собол коюшкан.

"Казмунайгаздын" жумушчулары. Архивдик сүрөт
"Казмунайгаздын" жумушчулары. Архивдик сүрөт

Кандай болгон күндө да, мындай аракет Кытайга жаккан жок деп эсептешет аналитиктер.

Андан ары Казакстандын мунай экспортуна кайрылып, орус аймагы менен өткөн куур Москвага басым көрсөтүү рычагы болуп келатканын баяндашкан. Мисал катары мартта Новороссийсктеги жабдуу иштен чыкканын жарыяланганын келтиришкен.

Авторлор иш жүзүндө Орусия кара майдын дүйнөлүк запастарын азайтууну, бааларды көтөрүүнү, Батышты санкцияларды жумшарттырууга аракеттенген деген оюн ортого салышат. Уэбстер менен Райан мындай окуя кийин да кайталганда мунайдын баасы кескин өскөнүн белгилешет.

"Кремль Нур-Султандан коркпогону менен, аларга Бээжин керек", - деп уланат макала. Кытайдын Казакстанда “Бир алкак бир жол” долбооруна байланышкан маанилүү экономикалык кызыкчылыктары бар. Андан тышкары кытайлык компаниялар Казакстандын газ-мунай тармагында олуттуу роль ойношот.

Үчүнчүдөн, Борбор Азия-Кытай газ куурунун үч маанилүү тилкеси казак аймагынан өтөт. Кытай экономикасынын өсүшү жайлап калган учурда Бээжин казак эксопртуна кызыкдар.

Авторлордун айтымында, Кытай Орусия менен пикир келишпестиктерин ачык көргөзгүсү келбегени менен, Бээжин Москвага мунайдын дүйнөлүк рыногуна кийлигишпөө керектигин кыйыр билдирип келет.

Мисалы, Каспий куур концернинин иши токтоп калганда Sinopec компаниясы Орусиядагы ири инвестициялык долбоорун токтотуп койгон. Ошол эле күнү Bloomberg агенттиги Кытай компаниялары Орусияга салынган санкцияларды кантип аткаруу зарыл деген маселени билүүгө аракеттенгенин жазган.

Кытай Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик мунай компанияларына кыйыр санкцияларга туш болбоо үчүн мунайды шашып сатып албоо кеңешин берген. Аналитиктер дагы бир жагдайга көңүл бурушат. Атап айтканда, Кытай лидери Си Цзинпин жыл соңунда үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышканы жаткан чакта Орусиянын казак мунайынын экспортун чектөөсү алагды кылган факторго айланышы ыктымал. Макала авторлору саясатчы муну каалабайт деп санашат.

Окуучуларды аңдыган калемсаптар

La Liberation гезити Кытай бийлигинин өз элинин артынан аңдуу өнөкөтү жаңы деңгээлге жеткенин баяндайт. Эмки окуу жылынан тарта кытайлык окуучулар чакан көзөмөл камералары орнотулган калемсаптар менен камсыздалмакчы.

Балдар эмне деп жазып атканы, үй тапшырмасын кантип аткарып жатканы мугалимге түз көрүнүп турат.

Ошондой “акылдуу калемдер” бир нече жылдан бери Шанхайда жана Юннан провинциясында сыноодон өткөрүлүп келатат.

Гезиттин кабарчысы Элиз да Силва Гриель ручкалардын кантип иштерин түшүндүрөт. Окуучунун дептерге жазгандары Bluetooth менен мугалимдин компьютерине дароо түшөт. Муну менен үй тапшырмасына канча убакыт коротконун билсе болот. Андан тышкары каталарды оңдоп, түзөй алат.

Кытайдын Билим берүү министрлиги мындай саамалыкты окуу процессин тескөө менен түшүндүрсө, айрым маалымат каражаттары тынчсыздануусун жашырбайт. Жергиликтүү басылманын биринин редактору калемдерди “акылдуу кишен” деп атады.

Журналист жасалма интеллектке негизделген көзөмөл системалары Кытай мектептеринде буга чейин эле пайдаланылып жүргөнүн белгилейт. Мисалы, мектептердин кире бериштери адамдын жүзүн тааныган камералар менен камсыздалган. Кээ бир класстарда атүгүл балдардын мээсинин активдүүлүгүн ченеген жабдыктар бар.

Былтыр окуу жылынын башында Жухай шаарындагы бир мектепте жеткинчектердин жакаларына электрондук чипти кадап жүрүү - коопсуздук үчүн жасалган деп айтылган. Чип күнүгө окуучулар кайда жүргөнүн жаздырып турчу.

Баарынан да Ханчжоу шаарында 2018-жылы башталган пилоттук долбоор аша чапкан деп эсептейт журналист. Ал жердеги орто мектептерде балдардын эмоцияларын окуп турган камералар орнотулган.

Автор макаласын “акылдуу калемдер” Бээжиндин өз элин көзөмөлдөө программасынын бир бөлүгү деген ою менен жыйынтыктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG