Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Навальная Тихановскаянын жолоюнда


Юлия Навальная
Юлия Навальная

Орус оппозициясынын "биринчи айымы" Германияга аттанды. Ошол эле маалда аны Беларус оппозициясын жетектеп жаткан Тихановская менен салыштыргандар да бар. Эки айым тең жолдошторунун ишенимдүү жардамчысы гана эмес, кыска аралыкта оппозициянын башына келе алышты.

Кремлдин келишкис сынчысы, камактагы оппозициячы Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная Германияга жеке иштери менен барганы кабарланды. Ал бейшембиде Москвадан Франкфурт-на-Майне шаарына учуп кеткен.

Оппозициячыл саясатчынын аялы бул маалыматты жабык кармаганы белгилүү болду. Анын адвокаты Светлана Давыдова «ТАСС» агенттигине эч кандай маалыматы жок экенин айткан.

«Акыркы убакта миллиондогон адамдар мага катталып жатат. Бул күндөрү менин жашоомдо полиция бөлүмдөрү, соттор менен тинтүүлөр гана бар. Силер мени күчтүүсүң деп баалайсыңар. Мен күчтүү эмесмин, кадимки адаммын. Силердин колдоо сөзүңөрдү окуп, Алексей экөөбүздү бизден күчтүү, туура жана канчалаган жакшы адамдар колдоорун сезем. Артка качууга же коркууга да жол жок экенин билем. Биз баары бир жеңебиз», деп жазган бир жума мурда Навальная «Инстаграмдагы» баракчасында.

Юлия Навальная 23-январда жана 31-январда Орусияда өткөн каршылык акцияларына катышкан. Алгачкысында аны полиция кармап кетип, 20 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирип, коё берген. Экинчи акцияда да Навальная дароо күч кызматтары тарабынан камакка алынган.

Акция учурунда
Акция учурунда

27-январда «Автозаводская» метросунун жанында жайгашкан Навальный жашаган батирде тинтүү жүргүзүлгөн.

Навальнаянын Орусиядан учуп кеткенин Навальныйга жана анын тарапташтарына каршы куугунтук маалында өзүнүн коопсуздугу үчүн кооптонуу катары баалашкандар бар.

Бирок, «Der Spiegel» журналы булактарына таянып, ал Германияга убактылуу жеке маселелер менен келгенин жазды. Навальнаянын Орусияга качан кайтары азырынча белгисиз.

Буга чейин Орусиядагы өздөрүн «патриот бизнесмендер» деп атаган «Аванти» ассоциациясы Мамлекеттик Думага кайрылып, анда Беларустагы жапырт элдик толкундоолор Орусияда кайталанбашы үчүн Юлия Навальнаяны 19-сентябрда өтө турган Мамдумага шайлоого катышууга жол бербөөгө чакырган.

«Беларуста жайы, күзү менен болгон жүрүштөр азыркыга чейин анчалык масштабдуу болбосо да уланып жатат. Өрттү өчүрүүгө караганда алдын алуу оңой. Чет өлкөлүк агент Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальнаяны Мамлекеттик Думага шайлоого катыштырбоо беларус окуяларынын бизде кайталанышын алдын алып, саясий системада туруктуулукту сактап калат», деп айтылат «патриот бизнесмендердин» кайрылуусунда.

Юлия Москвага 17-январда күйөөсү менен кошо Германиядан келген. 44 жаштагы Алексей Навальный ошондо дарылануудан келери менен камалган. 2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы жапырт акцияларда он миңден ашуун адам кармалып, аларга карата ондогон кылмыш иштери козголуп жатат.

14-февралда Москвада Юлия Навальнаяга жана акцияларда камакка алынып, зомбулукка кабылган аялдарга тилектештик иретинде атайын акция өткөнү турат. Уюштуруучулары Москванын борборуна чогулуп, узун чынжыр болуп туруп, тынч акцияга чыгышарын кабарлашты.

Навальныйлар үй-бүлөсү
Навальныйлар үй-бүлөсү

Күйөөсүн бардык иште коштоп, дайыма жанында жүргөн Навальнаяны эл ичинде «декабристтин жубайы», ал эми айрым маалымат каражаттары «орус оппозициясынын биринчи айымы» деп аташат. Юлия 44 жашта, эки баланын энеси, кесиби боюнча экономист.

Былтыр августта Алексей Навальный Томскиден көтөрүлгөн учакта эстен танып жыгылып, кийин Омскиде ооруканага жаткырылганда Юлиянын орус президенти Владимир Путинге тайманбай түз кайрылып, тоскоолдуктарга карабай күйөөсүн Германияга алып чыгып кеткени орус коомчулугунда чоң талкуу, анын жеке өзүнө кызыгуу жараткан. «Новая газета» басылмасы аны «Жыл Баатыры -2020» деп тааныган.

Бир катар саясий серепчилер Навальный камакта отурганда аялынын куугунтукка кабылып жатканын «бийликтин жаңылыштыгы» деп эсептешет.

«Азыр Навальнаяда чоң саясий потенциал бар. Алексей түрмөдө отурганда ал революциячыл фамилияны көтөрүп жүрөт. Азыртадан эле ал талапкерлигин Мамдумага көрсөтсө, Москвадагы каалаган аймак боюнча көпчүлүк добушка ээ болот. Буга бийлик өзү түрткү болуп жатат. Ага саясий барк, харизма берип жатат. Ал канчалык акцияларда көп кармалып, куугунтукка кабылса, үйдө диванда отурган адамга караганда ошончолук утушка ээ болот. Экономикалык тил менен айтканда, азыр Юлияга кошумча баалуулук жана артыкчылык берилди», дейт саясат таануучу Аббас Галлямов.

Беларустагы айымдар

Светлана Тихановская былтыр президенттик шайлоо өнөктүгү маалында, июль 2020-жыл
Светлана Тихановская былтыр президенттик шайлоо өнөктүгү маалында, июль 2020-жыл

Былтыр Беларуста белгилүү видеоблогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин президенттик шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган. Кечээки үй кожойкеси ошентип Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланган.

Анын штабы менен ырасмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен. Натыйжада шайлоого үч аял - Тихановская, Бабариконун шайлоо штабынын координатору Мария Колесникова жана Цепкалонун аялы - Вероника Цепкало чогуу бир команда болуп аттанган.

Оппозициячыл талапкердин шайлоочулар менен жолугушууларына миңдеген адамдар катышкан. Добуш берүүгө саналуу күндөр калганда мындай жолугушуулар үзгүлтүккө учураган жана Тихановскаянын штабы буга байланыштуу бийликти айыптаган.

9-августтагы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин Тихановская коңшу Литвага бозгунга кеткен.

Тихановская баштаган беларус оппозициясы шайлоонун жыйынтыгын “бурмалоонун жемиши” катары эч тааныбай келатат. Ал ирет Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко добуштардын 80%, Тихановская 10% алганын жарыялаган.

Андан бери Беларуста нааразылык иш чаралары, жыйындар, жүрүштөр ар кыл ыкмаларда уюштурулууда.

Кесиби боюнча чет тилчи, эки баланын энеси, 38 жаштагы Светлана Тихановская жарым жылга жетпеген убакта беларус оппозициясынын лидери болуп калды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG