Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

«Мемориал» Навальныйды жана анын тарапташтарын саясий туткун катары тааныды


Алексей Навальный сотто. 5-февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальный сотто. 5-февраль, 2021-жыл.

Москвадагы «Мемориал» укук коргоо уюму абаккка камалган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды жана анын тарапташтын саясий туткун катары тааныды. Бул тууралуу уюм 8-февралда тараткан билдирүүсүндө билдирди.

«Мемориалдын» тизмесине Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный, «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» юристи Любовь Соболь, «Дарыгерлер альянсы» коомдук уюмунун жетекчиси Анастасия Васильева, "Pussy Riot" тобунун мүчөсү Мария Алехина, Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана башкалар бар.

«Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузду деген шылтоо менен демонстранттарды куугунтуктоо менен миңдеген адамдарды кармап, полиция машинелерине тыгып, илдеттин жайылышын тездеткен шартта полиция бекеттеринде кармап жатышат»,-деп жазылат билдирүүдө.

Бир күн мурда жүздөй орусиялык актерлор, режиссерлор, жазуучулар, музыканттар, акындар жана илимпоздор бийликке, саясий партияларга жана элге ачык кат жарыялап, митингдерди күч менен таркатууга жана демонстранттардын куугунтукталышына каршылыгын билдиришти.

Ал катта Навальныйдын аты жазылган эмес.

44 жаштагы Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный Германиядан дарылануудан келери менен 17-январда кармалган.

2-февралда Москва соту Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы чыккан миңдеген адам кармалды.

XS
SM
MD
LG