Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

АКШда сенаторлор Навальныйды ууландырууга катышы барларга санкция салууну сунуштады


Алексей Навальный сот залында
Алексей Навальный сот залында

АКШда бир нече сенатор оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландырууга тиешеси бар орусиялык жетекчилерге санкция салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Тиешелүү документ 3-февралда Орусияда Навальный абакка кесилгенден бир күндөн соң сунушталды. Демилгени Крис Кунс, Бен Кардин, Дик Дурбин сыяктуу демократ, Марко Рубио, Мит Ромни сыяктуу республикачы-сенаторлор көтөрдү.

Эгер мыйзам кабыл алынса, 90 күн ичинде Кошмо Штаттардын президенти Навальныйды ууландырууга тиешеси бар жетекчилерге санкция киргизиши керек. Ага ылайык, санкцияга туш болгон адамдардын банктагы эсептери камакка алынып, АКШга кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн.

44 жаштагы Алексей Навальный - Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда Германиядагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган.

2-февралда Москва соту Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү тууралуу чечимди үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Навальный камакка алынган соң Орусиянын ондогон шаарларында нааразылык акциялары болуп, миндеген демонстранттар камакка алынган.

Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин Навальный боюнча чечимдерин айыптап, камактан чыгарууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG