Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Москва-Брюссель айрылыш алакасы


Москвадагы жолугушуу, 5-февраль 2021-жыл
Москвадагы жолугушуу, 5-февраль 2021-жыл

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Москвага сапарынан кийин Евробиримдик менен Орусия айрылыш жолдо турганын айтып, жаңы санкцияларды киргизүү маселесин козгоду.

«Агрессивдүү маанайда өткөн басма сөз жыйыны менен менин сапарыма тушташ Евробиримдиктин үч дипломатын өлкөдөн чыгарып салышканы – орус бийлиги Евробиримдик менен конструктивдүү диалог түзүүнү каалабагандыгын көрсөттү. Бул өкүнүчтүү, эми кесепетин эске алышыбыз керек», деп айтылат Боррелдин билдирүүсүндө.

«Орусия демократиялык баалуулуктарды кыйратуучу коркунуч катары көрөт» деп белгилеген Боррель Европа өлкөлөрүн бирдиктүү жана чечкиндүү кадамдарга барып, санкцияларды колдонууга чакырды.

Евробиримдик Кремлди оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды, ошондой эле, нааразылык акцияларында кармалган миңдеген адамдарды абактан бошотууга үндөп келет.

Боррель 4-6-февраль күндөрү Москвага жасаган иш сапарынын алкагында да бул маселени дагы бир ирет көтөргөн болчу. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушууда Евробиримдикти «ишеним жаратпаган өнөктөш» деп атады.

Жозеп Боррель менен Сергей Лавров Москва жолугушуусунда. 2021-жылдын 5-февралы
Жозеп Боррель менен Сергей Лавров Москва жолугушуусунда. 2021-жылдын 5-февралы

Ырасмий Кремль Швеция, Польша жана Германиянын үч дипломатын «23-январда мыйзамсыз митингдерге катышты» деп айыптап, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүнү талап кылган болчу.

Боррелдин жаңы санкциялар тууралуу билдирүүсүнөн кийин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буларды айтты:

«Биз буга кызыкдарбыз жана ортодогу алаканы жыйыштырууга эч качан демилгечи болгон эмеспиз. Биз кызыкчылыктарыбызды эске алышыбыз керек. Кызыкчылыктарга кийлигишүүгө жана кош стандарттуулукту колдонууга эч качан жол бербейбиз».

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Берлинде дарылануудан кийин кайтып келген Алексей Навальный аэропортто кармалгандан бери Орусияда абал тынч эмес. А.Навальныйдын пикирлештери Кремлдеги төбөлдөрдүн жана ага жакын адамдардын тизмесин жарыялап, «эгерде Орусияда адам укуктары сакталып, жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүүнү кааласа Батыш бул адамдарга санкция салышы» керек дешет.

Тизмеде олигархтар Роман Абрамович, Алишер Усманов, Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковдун уулу Денис Бортников, «ВТБ» банкынын президенти Андрей Костин, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушевдин уулу Дмитрий Патрушев, дагы бир орусиялык бизнесмен Игорь Шувалов жана теле алып баруучу Владимир Соловьев бар.

Франциядагы саясат таануучу Сесиль Вессье Европа Биримдиги Кремлге колдоно турган санкцияларын кечеңдетип жатканын белгилейт.

«Азыр диалогго чакыруудан эч майнап чыкпастыгын көбү түшүндү. АКШ да Евробиримдик менен чогуу Орусияга чара көрүүнү зарыл деп эсептейт. «Магнитский тизмеси» сыяктуу атайын тизме менен санкция салуу керектиги тууралуу көп айтылды. Жеке санкцияларды киргизүүгө азыр ниет да, чечим да бар», - деди ал.

Ал эми «Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюмунун өкүлү Олег Козловский соңку айларда Орусиянын шаарларындагы жүрүштөрдө жапырт камакка алынгандарды алгач мамлекеттик сотко, андан кийин майнап чыкпаса Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга чакырат. Укук коргоочу бийлик менен күч кызматтарынын аракеттерин «зомбулук» деп мүнөздөдү:

«Акыркы эки жумада канча адам камакта калтырылганы тууралуу так маалыматыбыз жок. Бирок, бул жылы мурда болуп көрбөгөндөй камакка алуу болуп жатат. Өткөн айда эле наарызылык жүрүштөрүнө чыккандарды кармоо боюнча Советтер Союзу таркагандан бери рекорддук көрсөткүчтөр катталды. Же чынында эле нааразылык маанай ушунчалык жогору, бийлик болсо муну көрмөксөн болуп жатат, же бийлик акцияга чыккандарга ушундай зомбулук менен мамиле кылып калган», дейт Козловский.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусияда Навальныйды колдогон жүрүштөрдө 11 миңден ашуун адам кармалып, ондогон кылмыш иштери козголду. Кармалгандардын туугандары убактылуу кармоочу жайлардагы шартты кыйноого барабар дешет.

Алексей Навальныйды 2-февралда Москва соту былтыр декабрда жаза мөөнөтү бүткөн «Ив Роше» иши боюнча кайрадан камакка алып, 3 жылга кескен болчу. Ага каршы ачылган дагы эки жаңы кылмыш иши каралганы турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG