Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери Навальный боюнча сот өкүмүн сындады


Алексей Навальный сот залында
Алексей Навальный сот залында

Бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абакка кесилишин сынга алышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул чечимге Кошмо Штаттар терең тынчсызданып жатканын билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Навальныйга чыгарылган өкүмдү “сот адилеттигинин бузулушунун” үлгүсү деп атады. Анын айтымында, сот өкүмү кылмышка күнөөлүүлөргө эмес, курмандыкка каршы багытталган.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел орус бийлигин Алексей Навальныйды бошотууга жана аны колдогон акциялардын катышуучуларына куугунтукту токтотууга чакырды. Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас акыркы сот өкүмүн Орусиядагы мыйзам үстөмдүгү жана негизги адам укуктары үчүн оор сокку деп атады.

Навальныйды бошотууга Франциянын президенти Эммануэл Макрон да үндөдү.

Дал ушундай эле тынчсызданууларды Чехия, Литва баштаган бир нече өлкөнүн бийлиги жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү билдирди.

2-февралда Москва соту Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү тууралуу чечимди үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.

Саясатчы боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Москвада нааразылык акциялары болуп, демонстранттар менен полиция кагылышты. ОВД-Инфо борборунун маалыматына ылайык, Орусиянын бир нече шаарында өткөн митингдерде 1400дөн ашык адам кармалды.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган.

44 жаштагы Алексей Навальный - Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

XS
SM
MD
LG