Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Мечит жана жатаканадагы чакырыктар: мигранттарды согушка азгыруу күчөдү


Аскер кызматын өтөөгө чакырган баракчаны берип жаткан учур, Орусия.
Аскер кызматын өтөөгө чакырган баракчаны берип жаткан учур, Орусия.

Украинада Москва алдан тайып бараткан чакта орусиялык жалдоочулар мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо эмгек мигранттарын согушка тартуу аракетин күчөттү.

Нижний Новгород облусунда кыш куюучу болуп иштеген тажик мигранты Фозилжон Умаров жакында Орусияда жашап турууга уруксатты узартуу жөнүндө арыз берген.

Умаров документтерди миграция борборуна алып келгенде, андагы кызматкер орус армиясына баргыңыз келеби деп сурады.

"Ал эгер жалдансаңыз, жашап турууга же иштөөгө уруксат талап кылынбайт жана алты айлык аскер кызматынан кийин орус паспортун алсаңыз болот деди. Ошондой эле айына үч миң доллардан берилерин айтты", – дейт Умаров.

Анан миграция борборундагы ал кызматкер тажик улутундагы аял экенин кошумчалады:

“Ал мени менен тажикче сүйлөштү. Тажикстандык мигранттар менен сүйлөшсүн деп тажиктерди же өзбектер менен сүйлөшсүн деп өзбектерди мындай кызматтарга атайын алышабы, билбейм”.

Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарынын айтымында, аларды орусиялык жалдоочулар мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо аларды армияга тартууга улам көбүрөөк далалат кылып жатышат. Орусия Украинада ойрону чыккан аскер күчүн толуктоого катуу аракеттенүүдө.

Куралдуу күчтөрдүн катарын 300 миң кишиге толуктаган өткөн күздөгү жарым-жартылай мобилизациядан кийин Москва жаңы өнөктүктү расмий жарыялай элек. Мобилизация жөнүндөгү буйрук согушту каалабаган он миңдеген кишилерди өлкөдөн качууга аргасыз кылды.

Өкмөт Украинада аскердик операцияларга 400 миң адамды алууну пландап жатат деп маалымдайт Орусиянын аймактык өкмөттөрүндөгү маалымат булактары.

Расмий кызматкерлер орус жарандарын да, жалданууга көнүшү мүмкүн болгон эмгек мигранттарын да согушка тартуу өнөктүгүн күчөтүп, аларга акча жана башка жеңилдиктерди убада кылышууда.

Орусиядагы шаарлардын көчөлөрүндө жалдоочулар эркектерге китепче таратып, "келишим боюнча аскер кызматына чакырылгандар адегенде бир жолку 2390 доллар, кийин ай сайын 4160 доллар маяна алышат" деп үгүттөп жатышат.

“Азаттыктын” редакциясына мигранттар жиберген сүрөттөрдө жана видеолордо жумушчулар жайгашкан жатаканалардын дубалдарына, эшиктерине жана тепкичтерине илинген үгүт баракчалары көрүнүп турат.

“Азаттыктын” тажик редакциясы алган бир видеодо Челябинск шаарындагы белгилүү мечитте сүйлөп жаткан аскерге чакыруу бюросунун өкүлү деп болжолдонгон киши тартылган.

"Орусиянын жараны болуу үчүн беш жыл күтүүнүн кажети жок. Андан көрө силер алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө аскер кызматын өтөөгө келишим түзсөӊөр, үй-бүлөңүз менен тез арада жарандык аласыңар", – деп жатат тасмадагы аскер кийимчен киши мечитте намазга келгендерге кайрылып.

“Азаттыктын” редакциясына видео жиберген мигранттар Орусиянын аскер кызматынын өкүлү Челябинскидеги мечитте мигранттарды армияга чакырганын кабарлашты.
“Азаттыктын” редакциясына видео жиберген мигранттар Орусиянын аскер кызматынын өкүлү Челябинскидеги мечитте мигранттарды армияга чакырганын кабарлашты.

Дагы бир видеодо аскер кийимчен киши бир топ эркектерге келишимдик кызматтын жакшы жактары жөнүндө айтып жатат. Булардын айрымдары өзбекче сүйлөшүп отурат. Видеодо Пенза шаарында иштөөгө уруксат алуу үчүн кезекте турган, болжолу, Борбор Азиядан келген мигранттар тартылган.

Үгүтчүлөр жалданууну каалагандар үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүүнүн деле кажети жок дейт экен. Бул тууралуу Орусиядагы мигранттардын укугун коргоочу Журабек Амонов кабарлады.

"Алар ден соолугу чың экендиги жөнүндө кагазга эле кол коюшу керек, – деди Амонов “Азаттыкка” 10-апрелде. – Мен мигранттарга орус паспортун алууга үмүттөнүп согушка кеткендердин 99 пайызы Украинада курман болуп жатканын дайым айтып жүрөм. Алар дегеле Украинага барууга укугу жок".

"Бул согуштун мага кереги жок"

Орусияга Борбордук Азиядан жана мурдагы Советтер Союзунун башка өлкөлөрүнөн миллиондогон жумушсуздар агылууда.

Мигранттардын көпчүлүгү Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушка кызыкпайт. Бирок жүздөгөн же миңдеген адамдар Орусия басып алган украин жерлеринде, негизинен курулуш компанияларына жумушка орношкон.

2022-жылдын февраль айында согуш башталгандан бери Борбор Азиядагы ондогон үй-бүлөлөргө Украинадагы согушта өлгөн туугандарынын сөөгү келди. Алардын айрымдары Орусиянын жарандары, айрымдары чет элдик жалдануучулар эле. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Орусиянын түрмөлөрүнөн көбүнчө мажбурлап алынып кеткендер да бар болчу.

Рубль куну кетип жатканына, жумуштун азайганына жана согуштун башка кесепеттерине карабастан, Борбор Азиядан мигранттар дагы эле Орусияга эң көп барып жатат.

Тажикстандык мигранттардын бири апрель айынын башында Ыраакы Чыгыштагы депортация борборунан “Азаттык” радиосуна чалып, аскерге чакыруу бюросунун өкүлдөрү камактагылар менен жолугушууга келгенин айтты.

"Офицер эми депортация болосуңар, анан Орусияга кеминде беш жылга чейин кайтып келе албайсыңар. Бирок эгер орус армиясына кошулууга макул болсоңор, бул жазуулар өчүрүлөт. Жакшы айлык алып, алты айдын ичинде Орусиянын жарандыгын аласыңар деди", – дейт ысымын атагысы келбеген тажикстандык мигрант.

Анын айтымында, ошол жердеги дагы бир нече адам “бул сунушту кабыл алууга кызыгып жатат, анткени Тажикстанга акчасыз кайтып барып, жумушсуз жашоо өтө кыйын”.

Нижний Новгороддо Тажикстандан келген мигрант Фозилжон Умаров орус паспортунан жана айына 3000 доллар алуудан баш тартууну чечти. Ал чоң акча убадаланганына карабастан, Украинада согушууну каалабайт. Жумуш кайнап турган жайкы мезгилде деле ал мунун жарымынан аз акча иштеп табат.

"Мен Украинага эч барбайм, – дейт Умаров. – Бул согуштун мага кереги жок".

Бул материалды даярдоо үчүн Зарангез Наврузшохтун макалаларындагы маалыматтар пайдаланылды. Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG