Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

"Көлбаев, Матраимовго катышы бар 180ден ашык киши иштен кетти". Райымбек Матраимов кайда?


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажыда Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемасы иштебей калгандан бери көп акча чогулуп жатканын кыйытты.

Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримчөйрөнүн анабашы атыккан маркум Камчы Көлбаев жана мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди. Бирок алардын башында турган Райымбек Матраимов өзү кайда экени белгисиз.

"Бажыдан көп киреше алып жатабыз"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, мектептин ачылышында азыркы бийлик коррупция менен күрөштүн алкагында бажыдан жана салыктан көп акча чогултуп жатканын белгилеген.

“Мындан ары контрабандага жол бербейбиз. Азыр бажыдан көп киреше алып жатабыз. Өзүңүздөр деле 2019-жылды карап көрсөңүздөр болот, бир жылда 34 млрд сом чогултушкан. Мына быйыл 111 млрд сом чогултуп жатабыз. Айырмасы - 73 млрд сом. Эл деле, кудай деле бир күнү сурайт да, "буга чейин бул акчалар кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшүп жүргөн" деп. Ошол сиңдиби эми, аш болдубу?"

Акылбек Жапаровдун мындай сөзү Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптаган кыргыз рассмийлеринен экинчи киши болуп калды. Буга чейин атайын кызматтан жетекчиси Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

"180 адам кызмат кызматтан алынды"

Ал тапта Кыргызстандын атайын кызматы 11-декабрда Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовго тиешеси бар деген негизде кызматтан алынган 180ден ашуун киши тууралуу маалымат таратты.

“Бир эле Бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду”

Атайын кызмат жумуштан алынды делген кызматкерлердин аты-жөнүн жарыялаган жок.

"Депутаттар да жооп бериши керек"

Жарандык активист Урмат Жаныбаев Матраимовго байланыштуу иштен айдалган бардык кызматкер ачык аталып, депутаттардын да жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо.

Урмат Жаныбаев
Урмат Жаныбаев

"Айтылган 220 киши тууралуу биз эч кандай маалымат билбейбиз. Бирок ошол эле Жогорку Кеңеште 30% жакын депутаттар мурун "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен парламенке кирейин деп жатышкан. А бирок ошол депутаттар эч кандай суракка алынбай же кызматтан алынбай отурат. Ошол эле Надира Нарматова "Мекеним Кыргызстан" менен мандат алайын деген. Ошол эле Шайлообек Атазов Райымбек Матраимов камалган кезде митинг уюштурган, Матраимовду чыгаргыла деп. Ошондой эле бир т ууган байкеси Искендер Матраимов. Эмне үчүн ушул адамдар жоопко тартылбайт. Суроолор көп."

Буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев анын биринчи орун басары Уристем Манапов Матраимовдордун бири менен жеке карым-катышы болгон үчүн өз арызы менен иштен кеткенин айткан.

Ошондой эле өткөн айда Ош облусунун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болгон.

Матраимов кайда?

Иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул тапта коомчулукта Райымбек Матраимов өзү кайда деген суроо турганын белгилеп, бийлик анын кайда экенин ачык айтышы керек деп эсептейт.

Болот Темиров
Болот Темиров

"Буйрук берген киши бош жүрсө эч нерсе өзгөрбөйт. Негизи ал жөнүндө эч кандай маалымат чыккан жок. Албетте, эгер ал качып кеткен болсо, анда "кармайбыз, Интерполго бердик, издегенге аракет кылып атабыз" деп ачык айтыш керек. Бирок андай нерсе жок, жок нерсени кантип ачыктайт".

"Акыркы жолу тойдон жолуккам"

"Мекеним Кыргызстан" партиясы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан журналист Элнура Алканова Райымбек Матраимовдун кайда экенин билбей турганын, акыркы жолу ушул жылы жайында тойдон көрүшкөнүн айтууда.

Элнура Алканова
Элнура Алканова

"Ал 2020-жылдан кийин көп киши менен байланышпай калган. Болгону ушул жылы жайында Бишкекте той берген. Ошондо өзү мурда чогуу иштеген санаалаштарын чакырган. Мен ошондо акыркы жолу жолуккам, андан кийин сүйлөшкөн жокмун".

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгогон. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Быйыл октябрда кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов да сурак берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG