Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

АКШ-Борбор Азия саммитинен эмне күтүлөт?


Президент Садыр Жапаров келерки айда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына жана анын алкагында Борбор Азия лидерлеринин АКШ президенти Жо Байден менен чогуу өткөрүлгөн саммитине катышат.

Ак үйдөгү ишенимдүү булактар Байдендин атынан Жапаровго чакыруу келгенин "Азаттык" радиосуна ырасташты.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кошмо Штаттарынын алакасы соңку учурда санкция маселелеринен улам сыналган учурга туура келди. Мунун алдында Жапаров Бишкекте америкалык таасирлүү сенатор Гэри Питерс менен жолуккан.

АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин саммитинде кандай маселелер талкууланары азырынча белгисиз.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы дагы Бишкек анда кандай сунуштарды көтөрөрү тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Мунун алдында, 21-августта Жапаров Бишкекте АКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери комитетинин төрагасы, сенатор Гэри Питерс менен жолуккан. Анын басма сөз кызматы эки өлкөнүн саясий жана экономикалык өнөктөштүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болгонун билдирген.

"Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы жумушчу мүнөздөгү саясий мамилелер өсүп, эки тараптуу өз ара түшүнүшүү чыңдалып жатканын белгиледи. Ал коопсуздук, демократия жана экономикалык өнүгүү маселелерине багытталган эки тараптуу күн тартиби мындан ары да конкреттүү мазмун менен толтурулат деген ишенимин билдирди. Сенатордун Кыргызстанга сапары парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө түрткү берерине ишеним айтты. Өз кезегинде америкалык сенатор Гэри Питерс Мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгилеп, мамилелерди өнүктүрүүгө, достукту чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. Гэри Питерс эки тарапты кызыктырган бир катар тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенине токтолду", - деп жазылган маалыматта.

Талдоочу Тимур Саралаевдин пикиринде, Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде аймакта АКШнын Орусияга салган санкцияларынан кыйгап өтүү көрүнүштөрүн тыюу маселеси талкууланышы мүмкүн. Ал соңку жагдайдан улам бул жолугушуу расмий Бишкек үчүн маанилүү экенин белгиледи.

"Ар дайым дипломатиялык мамилерди өнүктүрүү керек. Кыргызстандын тышкы саясаты көп багыттуу, көп векторлуу деп жатпайбызбы. Бардык өлкөлөр менен өнөктөш мамиле куруу маанилүү. Бирок ошол эле кезде Борбор Азиянын алкагынан караганда кээ бир маселелерге көңүл буруш керек. Себеби, азыркы тапта ааламда глобалдык чоң саясий процесстер болуп жатканы баарына эле маалым. Биринчиден, бул Украина менен Орусиянын ортосундагы азыркы нерселерге байланыштуу. Ошондой эле бизге кошуна Кытай экономикалык, технологиялык жана башка жактардан күчтөнүп жатканына байланыштуу. "

Ушул айдын башында АКШ Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылган. Сенатор Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырган.


Көп өтпөй Садыр Жапаров Боб Менендестин санкция тууралуу дооматына жооп берген. Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай - өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4 миң километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз”, - деген президент.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев Кошмо Штаттары үстөмдүк кылуу саясатынан баш тартышы керектигин айтты:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

"Кыргызстан колдон келсе дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен жакшы мамиледе болушу керек. Маселенин баарын сүйлөшүү жолу менен чечиши керек. Бир жакка тартпашы керек. Бирөөнүн санкциясына кирбеши керек. Америка мисалы үчүн "биздин мыйзам менен жашагыла" деп өзүнүн мыйзамдарын бүт дүйнөгө таратып жатат. Мен ачык эле айтып коеюн, ага баш ийбеш керек. Америка мисалы кайсы бир өлкөгө санкция салса аны башка бирөөгө таңуулабашы керек. Азыр эми эл аралык укук бузулуп, "күчтүүлөрдүн укугу" дегендей болуп калбадыбы. Садыр Жапаров өзү деле "бардык мамлекеттер менен жакшы мамиледе болобуз" деп айтып жатат. Анан Американын "бул мамлекет менен соодалаш, бул мамлекет менен соодалашпа" деп айтканга кандай акысы бар? Ошол америкалык сенатордун биздин президентке көрсөтмө бергенге кандай акысы бар? Мен Америка менен жаман мамиле болсун деген оюм жок. Бирок Америка үстөмдүк саясатынан баш тартышы керек".

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тышкы саясат мекемесинин "Международная жизнь" басылмасына 19-августта чыккан көлөмдүү маегинде Батыш мамлекеттери Орусиянын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) жана Жамааттык кызматташтык келишим уюмундагы (ЖККУ) өнөктөштөрүнө басым жасап жатат деген пикирин билдирген:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

"Чынында эле биздин ЕАЭБдеги жана ЖККУдагы өнөктөштөрүбүз дос эмес мамлекеттердин болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатат. Аларга Батыш өлкөлөрүнүн борборлорунан жогорку даражалуу аткаминерлер "кеңешүү үчүн" жана Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы туруу маселелерине байланыштуу деп тынбай каттап калышты. Ала кушту атынан атай турган болсок, биздин союздаштарды Орусия менен мыйзамдуу кызматташуудан коркутуулар жана шантаж аркылуу баш тарттырууга аракет болуп жатат. Сырткы басымдын негизинде биздин өнктөштөр сактанып жатканын түшүнүү менен кабыл алабыз. Ортобуздагы соода-экономикалык милдеттенмелер аткарылып жатат, анткени ал тараптардын кызыкчылыгына туура келет жана эл аралык укукту бузбайт", - деген Лавров.

Деген менен саясат талдоочу Эмилбек Жороев алдыдагы саммитти расмий Бишкек менен Вашингтондун азыркыдай алакасын жакшыртууда жакшы мүмкүнчүлүк катары сыпаттады. Ал Нью-Йорктогу саммитке карата Кремлдин каш-кабагы тууралуу пикири менен бөлүштү.

"Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер бир топ жылдан бери кыйыныраак, солгунураак нукта бара жатат. Аны оңдоого өбөлгө болгон бир топ шарттар, мисалы үчүн негизги келишимге кол коюуга Бишкек тарап батынбай жаткандай. Анын үстүнө эң чоң маселе азыр АКШ менен Орусиянын мамилеси жана биздин тышкы саясатыбыздагы Кремлдин таасири. Алдыдагы саммитке орус тарап өз кызыкчылыгын өздөрүнө жагымдуу нукка бурууга, керек болсо Борбор Азиядагы айрым бир лидерлерди ал саммитке барбай коюуга чакырса керек. Беш президент тең Байден менен уюштурулган саммитке барса чоң эле окуя болмок. Албетте, Американын бийлигинин дагы ар кандай кызыкчылыгы бар. Мындан улам санкция маселелери дагы негизги маселе катары каралбашы мүмкүн. Бирок жалпы дүйнөдө геосаясат өзгөрүп, Орусиянын Украинага каршы согушунун алкагында Кытай өз дараметин чыңдап жаткан кезде, Вашингтон үчүн бул саммитте чоңураак маселелерди позитивдүү нукта ар бир мамлекет менен алаканы чыңдоого багытталган сөздөр көбүрөөк айтылышы мүмкүн".


Өткөн айда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери The Diplomat басылмасына курган маегинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кызматташуу келишимине азырынча кол коюла электигин, бирок эки тарап тең демократия, адам укуктары, коомдук саламаттык жана энергетика тармагында кызматташып жатканын белгилеген.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсация кылган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын эки тарап тең белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG