Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Кытайда жоголгон министр кызматтан алынды


Кытайдын мурунку тышкы иштер министри Цинь Ган. 23-май, 2023-жыл. Бээжин.
Кытайдын мурунку тышкы иштер министри Цинь Ган. 23-май, 2023-жыл. Бээжин.

Кытайда бир айдан бери коомго чыкпай келген тышкы иштер министри Цинь Ган кызматтан алынды.

Бул тууралуу 25-июлда мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Ал эмне себептен кызматтан кеткени ачык айтылган жок. Бирок Циндин дээрлик бир ай табышмактуу жок болушу ар кандай түкшүмөлдөрдүн жаралышына жол ачты.

Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган күтүүсүздөн кызматтан алынганын мамлекеттик CCTV каналынын алып баруучусу түз ободо жарыялады.

"Төрага Си Цзинпин 25-июлда № 8 буйрукка кол койду. Ага ылайык, Цинь Ган тышкы иштер министри кызматынан четтетилди, ал эми Ван И тышкы иштер министри болуп дайындалды".

Цинь Ганды акыркы жолу 25-июнда Бээжинде орусиялык, шри-ланкалык жана вьетнамдык расмий адамдар менен жолугушууда көрүшкөн. Андан мурда Кытайдын баш калаасында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолуккан.

11-12-июлда Жакартада өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) жыйынына катышкан эмес. Тышкы иштер министрлиги Цинь саламаттыгына байланыштуу бара албай калганын айткан.

Ал эми Йоханнесбургда өтө турган БРИКС уюмунун саммитине Коммунисттик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И барары алдын ала жарыяланган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цинь Ган. 18-июнь, 2023-жыл. Бээжин.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цинь Ган. 18-июнь, 2023-жыл. Бээжин.

"Си Цзинпиндин мураскору, жылдызы жанып келаткан саясатчы"

Бир кезде Си Цзинпиндин жардамчысы болуп иштеген Цинь Ган 2021-жылдын июль айында Кытайдын АКШдагы элчиси болуп дайындалган.

Көп өтпөй, былтыр декабрда Тышкы иштер министрлигинин башына келген. Тажрыйбалуу дипломаттардын арасынан Цинь Гандын бул жогорку кызматка дайындалышы кытай элитасы үчүн күтүүсүз болгон. Мындан улам ал тууралуу "Синин мураскери" деген да сөз тараган.

57 жаштагы Цинь Ган дипломатиялык мекемени жетектеген эң жаш министр жана жылдызы жанып келаткан саясатчы катары таанылган.

Айрымдар анын жоголушун мамлекеттик каналдын алып баруучусу менен болушу мүмкүн деген жеке мамилеге байланыштырса, башкалары ал ковиддин оор түрүнө чалдыкканын айтууда. Андан тышкары ага каршы иш козголгону тууралуу да кептер бар.

"Цинь эмне кылган эле? Ван И узак убакытка дайындалдыбы? Цинь партия ичиндеги атаандаштыкка туруштук бере албай калдыбы? АКШда жүргөндө чет элдик чалгын кызматынын бутасына илингенби? Ушул жана башка суроолорго жооптор, балким, бир нече убакыттан кийин табылар же такыр эле жоопсуз калышы да мүмкүн.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цинь Ган. 25-июнь, 2023-жыл. Бээжин.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цинь Ган. 25-июнь, 2023-жыл. Бээжин.

Кызыгы, өткөн аптада эле Тышкы иштер министрлигинин сайтынан Цинь Ган деп издегенде "Цинь Ган Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Руденко менен жолукту", "Цинь Ган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен менен сүйлөштү" деген жана башка жаңылыктар чыкса, азыр бул маалыматтын баары сайттан өчүрүлгөн. Анын сүрөттөрү да жок.

Буга China Media project порталы көңүл бурган. Болгону Кытайдын Министрлер кабинетинин - Мамлекеттик кеңештин сайтында ал мамлекеттик кеңешчи катары көрсөтүлгөн.

Падышалык биргелешкен иликтөөлөрдүн институтунун илимий кызматкери Сари Архо Хаврен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Рид Стендишке курган маегинде министрдин кызматтан кетиши тууралуу түшүндүрмө бербегени Кытай бийлигинин Циндин карьерасы аяктаарын билдирерин айтууда.

"Цинь Ган Кытайда дайынсыз жоголгон биринчи же акыркы жогорку даражалуу аткаминер эмес. Ачык түшүндүрмөнүн жоктугу Циндин каьерасы аяктайт деген түкшүмөлдү чындыкка айлантат", - деген Сари Архо Хаврен.

Циндин ордуна келген Ван И 2013-2022-жылдары Кытайдын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG