Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:13

Үмүт ыңкылабы жүзөгө ашырылып жатат


Үмүтбек Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу. Баткен. 08.10.2020.
Үмүтбек Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу. Баткен. 08.10.2020.

Кыргызстандагы соңку окуяларды элдик толкундоо маалында өмүрүнөн ажыраган Үмүтбек деген жигиттин ысымы менен “Үмүт ыңкылабы” деп атоо сунушу айтылууда. Тарыхчынын сереби.

Ыңкылаптардын түрлөрү

Марксисттер берген коомдук-экономикалык формациянын болжолдуу өзгөрүүсүнө "байланган" “ыңкылап” аныктамасына XX––XXI кылымдарда дүйнөлүк тарыхый жүрүм кыйла жаңы аныктамаларды толуктады. Алардын бири –– саясий жана экономикалык жемкорлукка каршы социалдык ыңкылаптардын түрү.

1789-жылдагы Бастилия чебин алуу менен байланышкан Улуу Француз ыңкылабы бир эле күндө, бир эле жылда жыйынтыкталган эмес.

Анын сыңарындай, эгерде 1990––1991-жылдары Кыргызстанда антикоммунисттик антитоталитардык ыңкылап тынч жол менен жүзөгө ашкан болсо, ал эми XXI кылымдын башындагы 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптар чыныгы элдик толкундоолордун мөмөсү болуп калышты.

Жаңы ыңкылаптын аталышы

Эгерде 2005-жылдын 24-мартындагы акаевдик режимге каршы элдик ыңкылапты “Жоогазын ыңкылабы” деп аташса, ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапты түс же өсүмдүктүн аталышы менен эмес, айдын аталышы менен “Апрел ыңкылабы” деп атап келишет.

Интернеттеги коомдук тармактарда “2020-жылдын 5-октябрында башталган ыңкылапты эмне деп атоо керек?” деген суроого карата жамгырдай жааган жооптордун арасында купулга толгону –– “бул ыңкылапты “Үмүт ыңкылабы” деп атоо керек”, – деген татынакай сунуш болду.

Сүйүн Откеев (Фейсбук):

Каза болгон жигиттин урматына бул революцияны
"ҮМҮТ РЕВОЛЮЦИЯСЫ"
деп атасак кандай болот?

Ыңкылапка себепкер –– бийликтин элге каршы саясаты

Бир чети, Кыргызстандагы 1990–91-жылдагы, 2005- жана 2010-жылдардагы ыңкылаптар толук жүзөгө ашырылбастан, кой терисин жамынган эскичил карт бөрүлөр бийликке жетип алып көп узабай эле президенттик авторитардык режимди кайрадан калыбына келтирүүгө жетишкен.

Алардын арасында Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да, Алмазбек Атамбаев да болду. Эгерде 2017-жылы президент А.Ш.Атамбаев өз администрациялык ресурстарына таянбай, калыс президенттик шайлоо өткөргөндө, албетте, азыр арсар акыбалга кириптер болгон Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңип чыга алмак эмес эле.

А.Ш.Атамбаев өз көөнүндө учурда Орусияны авторитардык режимдин сазына батырган “Владимир Путин сыяктуу кадам жасадым, койдон жоош Дмитрий Медведевдин кыргызча вариантын мураскор кылып алдым го” деп ойлогон.

Кыргызстанда, путинчил чекисттер бийлик бутактарын тымызын чырмап алган Орусиядан айырмасы, жаңы президент экс-президенттен көз каранды эмес болууга милдеттүү. Дал ушундан А.Ш.Атамбаев жаңылды.

Бирок анын ордуна келген С.Ш.Жээнбеков өзүнө чейинки президенттин каталарын кайталап, тымызын авторитардык бийликти чыңдоого, Матраимовдордун бажыдагы ж.б. жемкордук схемасын чып-чыргасын коротпостон өз кызыкчылыгында пайдаланууга умтулду.

Анын табити, өзгөчө, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо аркылуу жалаң бийликчил жана жемкор партияларга айрыкча шарт түзүү далаалаты маалында айгинеленди.

Эл таламы үчүн тынчтык митингине чыккан уландын –– Үмүтбектин арты кайырлуу болсун! Ал –– нагыз эл баатыры! Эми анын ысымы менен бүтүндөй элдик ыңкылап “Үмүт ыңкылабы” деп аталсын! деген сунушту жалпы калайык кабыл алса сонун болмок.
Т. Чоротегин

Анан массалык добуш бурмалоолорго каршы эл кайрадан толкуп чыкты.

Бул толкундоо маалында Бишкекте көчөгө эл менен кошо чыккан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу 5-октябр күнү кечкурун кулак тундуруучу жардыргыч каражат жарылганда, өтө олуттуу жараат алып, анын айынан көз жумган.

2001-жылы туулган Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Маркумдун сөөгү 8-октябрда Баткенде жерге берилди.

Эл таламы үчүн тынчтык митингине чыккан уландын –– Үмүтбектин арты кайырлуу болсун! Ал –– нагыз эл баатыры!

Эми анын ысымы менен бүтүндөй элдик ыңкылап “Үмүт ыңкылабы” деп аталсын! деген сунушту жалпы калайык кабыл алса сонун болмок.

Коомубуз жемкорлуктан таза, демократиялуу, эгемен Кыргызстанды чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү гүлдөгөн өлкөгө айландыруу тууралуу маркум Үмүтбектин жана башка жаш муундардын тилеги, үмүтү аткарылышы үчүн жапатырмак салым кошуусу абзел.

Чыгармадагы жана тарыхтагы Гавроштор

1832-жылы 6-июнда бийликке каршы көтөрүлүш маалында Париждеги баррикадалардын биринде каармандарча курман болгон өспүрүм бала Гаврош Тенардье (Gavroche Thénardier) тууралуу бала чактан кабардарбыз. Гаврош –– француз жазуучусу Виктор Гюгонун 1862-жылы жазылган “Бечаралар” (“Байкуштар”, “Куулгандар” деп да которулуп келет; түп нускадагы аталышы – Les Misérables) чыгармасынын көркөм кейипкери.

Бирок тарыхта далай чыныгы Гавроштор болгон.

Маселен, Улуу Француз ыңкылабы маалында Француз ыңкылапчыл аскерлеринин баатырына айланган 12 жашар Жозеф Агрикол Виала (Joseph Agricol Viala; 22.9.1780 — 06.7.1793) — тарыхый инсан. Ал ыңкылапка каршы аскерлер өйүздөн өтүп келбесин үчүн сал сыяктуу көпүрөнүн арканын балталап кыркып жатканда, ок жаңылып набыт болот. Анын акыркы сөзү “...Мен эркиндик үчүн өлүп бара жатам!” деген ураан сөз эле. Анын энеси өз уулу тууралуу: “Ал Атажурт үчүн өлдү”, –– деген кайраттуу сөзүн айткан экен.

1933-жылы Аркадий Гайдар “актарга” каршы күрөштө курман болгон өспүрүм Мальчиш-Кибальчиш тууралуу балдар жомогун жарыялаган. Совет доорундагы далай жаш муундар жомокко таасирленип, ушундай бала чын эле болгон экен деп кыялданып тарбияланган.

Албетте, ар бир ыңкылапта өспүрүмдөр жана жаштар четте калбайт экен. Тарыхый Гавроштордун далайынын эрдиги тизмеленбей, катталбай калып кетти...

2010-жылы набыт болгон 87 атуулдун ардактуу ысымына эми Үмүтбек Алтынбек уулунун ысымы кошулду. Атаганат, чырактай өмүр “элдик демонстрацияны күч менен оп-оңой эле таркатып салабыз” деген эрдемсиген мамиленин айынан үзүлдү...

Кыргызстанда элдик ыңкылаптар маалында курман болгон жана жабыр тарткан баатырлардын ой-тилеги бирдей.

Азыркы адилетсиз шайлоонун айынан кыртышы борпоңдогон жана 5-октябрда дээрлик кулаган бийликтин өкүлдөрү, негизи, 2010-жылдын Апрел ыңкылабы маалында набыт болгон атуулдардын аруу таламдарын жүзөгө ашырууга байма-бай убада берип, бийликке келишкен эле...

Ыңкылапты коргоп калуу зарыл

Учурда өлкөдөгү кылмыштуу топтор жана сырткаркы авторитардык күчтөр өздөрүнүн айрым өкүлдөрү аркылуу жаңы ыңкылаптан кийинки бийликти көзөмөлгө алууга умтулууда. Аларга дээрлик кулаган режимдин жана аны каржылаган жемкор кландардын өкүлдөрү өзгөчө шыкакчы болууда.

1789-жылдагы Улуу Француз ыңкылабы жалпы эле Батыш Европада үмүт жандырган. Ыңкылапты муунтууга ошол кездеги абсолюттук жеке бийликтин өлкөсү болгон падышалык Орусия да чоң салым кошкон. Бирок Орусияда да айдыңдар ойгонуп, айтылуу декабристтер 1825-жылы 14(26)-декабрда падышалык монархиялык режимге каршы көтөрүлүштү жүзөгө ашырууга далаалат жасашканы маалым.

Азыркы тапта Кыргызстандагы Үмүт ыңкылабын Евразиянын түндүгүндөгү авторитардык режимдер жек көрүү менен байкап турушат жана ырааттуу түрдө жамандашууда.

Элдин карандай эмгеги менен жүзөгө ашырылган бул улуу жеңиш кайрадан эскичил күчтөргө жем болбосун үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү жигердүүлүк көрсөтүүгө тийиш.

Ылайым Үмүт ыңкылабы –– элибиздеги үмүт-тилектин жүзөгө ашырылышынын байсалдуу жана ар тараптуу нугун чаба берсин!

Ред.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG