Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

«Кыргызстанда бийлик боштугу пайда болду»


Бишкекте 5-октябрда болгон митинг.
Бишкекте 5-октябрда болгон митинг.

Улуу Британиядагы Эксетер университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Жон Хезершоу Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу ой бөлүштү. Ал өлкөдөгү бийлик боштугу, кырдаалдан чыгуунун жолдору жана Орусиянын ыктымалдуу таасири тууралуу да пикирин билдирди.

- Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки саясий кырдаал тез өнүгүп жатат. Саясат таануу илиминин көз карашынан алып караганда Кыргызстанда 5-октябрда эмне болду? Азыр эмне болуп жатат?

- Саясат таануу илиминин жөнөкөй өңүтүнөн карасак, силерде бийлик боштугу пайда болду. Кырдаал эч кимдин көзөмөлүндө эмес. Бийлик иерархиясы жок. Түрдүү топтор бийликке жетүүнү көздөп турушат. Айрым топтордун ортосунда бийликти бөлүштүрүү аракети байкалууда. Бир катар депутаттардын тобу мейманканага чогулганы да муну айгинелеп турат. Атаандаш топтор да пайда болду.

Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу.
Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу.

Борбордук бийлик күчүн жоготкондо мындай көрүнүш болоору талашсыз. Бийлик оңой-олтоң калыбына келе койбойт. Көп соодалашуу, коалиция куруу аракеттери болот. Айрым күчтөр алдыга чыгат. Адатта мындайда саясаттын караңгы тарабы менен, балким кылмыш топтору менен байланышы бар күчтөрдүн үнү катуураак чыгып, кубаттуу тарап катары суурулуп чыгышы мүмкүн. Андай күчтөрдөн өзүн оолак кармаган, чыныгы реформаларды талап кылган жарандык топтор да пайда болору анык.

Жеке өзүм бүгүнкү окуялар менен кыргыз саясатындагы буга чейинки болгон окуялардын окшоштугун байкап жатам. Анда да алгач башамаландыктын белгиси пайда болуп, атаандаш топтор бийлик жана таасир талашканы белгилүү.

- Эгемен Кыргызстанда буга чейин эки жолу бийлик күч менен алмашканы маалым. Бийлик алмашкан сайын бийликке келген тараптар демократиялык коом курууга убада беришет. Бирок бүгүнкү окуялар кыргыз демократиясынын кандай тарабын көрсөтүп жатат? Кыргызстан демократияны калыптандыруунун кайсы стадиясында турат?

- Демократиялуу өлкөлөрдө тиешелүү институттар саясий иш-аракеттерди көзөмөлдөп, бийликтин тынч алмашуусун камсыз кылып, бийликтегилердин жоопкерчилигине көз салып турат. Ал үчүн расмий белгиленген жоболор сакталат. Аны көчөдөгү митингдер же бийликтегилердин кызуу кандуу чечимдери аныктабайт.

Кыргызстанда булардын аралашмасын көрүп жатабыз. Өлкөдө кайсы бир институттар бар. Мисалы, шайлоолорду өткөргөн, шайлоо босогосун аныктаган институттар иштейт. Андыктан Кыргызстан демократиядан такыр эле алыс деп айта албайбыз.

Ошол эле учурда өлкөдө добуш сатып алуу күч. Мыйзамдуулукту сактаган институттар чабал экени белгилүү. Катаал шартта мындай институттар абалды турукташтыргандын ордуна четинен урап калып жатат. Андыктан Кыргызстан коомдогу кубаттуу толкундоолордун алдында алсыз экени көрүнүп турат. Бул мамлекеттик институттар алсыз экенин айгинелейт. Бул демократиянын өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат.

Бишкектеги Жогорку Кеңештин алдындагы 6-октябрдын таңындагы көрүнүш.
Бишкектеги Жогорку Кеңештин алдындагы 6-октябрдын таңындагы көрүнүш.

- 2005 жана 2010-жылдардагы элдик толкундоолордон кийин дүйнөлүк медиада «Кыргызстан мамлекет катары калыптанбай калды», «өлкөдө анархия өкүм сүрүп жатат» деген сыяктуу маалыматтар жарыяланган эле. Бул жолу эл аралык коомчулук Кыргызстандагы окуяларга кандай баа берип жатат?

- Бүгүн деле гезит-журналдардан ошондой маалыматтарды, башаламандыкты көрсөткөн сүрөттөрдү кездештирсе болот. Албетте, медиа каражаттары соңку кабарларга көңүл бурат эмеспи. Ал эми нааразылык акциялары, анын айланасындагы драма акыркы жаңылык болору бышык. Бирок Кыргызстандагы окуялардын оң жактары да бар. Себеби зордук-зомбулук чектелүү деңгээлде болду. Маселелер күч менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечилип жатат.

Сырттан Кыргызстандагы окуялар терс кабыл алынып жатканынын бир себеби бар. Адатта саясий жактан туруктуу өлкөлөр өз саясатындагы башаламандыктын же кылмыштуулуктун ачыкка чыгып кетишин жактыра бербейт. Бул маселелер, жогорку жетекчилер аралашкан кылмыштуу аракеттер жашыруун сакталышын каалашат.

Ак үйдө (АКШ) деле, «Дауниң-Стритте» (Британия) деле кайсы бир чечимдерди кабыл алуу жараяны башаламандык менен коштолот. Биз саясат белгилүү бир тартип менен так жүргүзүлүшү керек деп күтөбүз. Бирок саясатта ыплас ыкмалар көп кездешет. Саясатчылар мындай ыплас көрүнүштөрдү, башаламандыкты жаап-жашыруу менен алектенишет. Кыргызстанда болсо бул маселердин баарын жаап турган көшөгө ачылып калды. Биз баарын, эмне болуп жатканын ачык көрүп жатабыз.

Чынында демократия калыптанган өлкөлөрдө деле салыштырмалуу башаламан, системага коркунуч келтирген учурлар катталат. Болгону Кыргызстанда институттар алсыз. Анын үстүнө силер саясатты көчөгө алып чыгуу жагынан кыйла кыйынсыңар. Ошентсе да бул оң көрүнүш. Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө караганда Кыргызстанда эл саясатка аралашып жатканын көрсөтүп турат. Бирок бул сырттан караганда башаламан, чаржайыт абал өкүм сүрүп жаткандай көрүнөт.

- Сиз айтып өткөндөй, Кыргызстанда бийлик боштугу байкалып жатат. Президент Жээнбековдун тагдыры эмне болору так белгисиз. Бирок ал легитимдүү президент экенин билдирүүдө. Парламент кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барары да арсар. Кыргызстандагы мындай кризистен кантип чыкса болот?

- Сүйлөшүү жана кызматташтык болушу керек. Бийлиги жана мыйзамдуу талаптары бар топтордун ортосунда мунаса табылышы зарыл. Бирок мындай убакта бул талаптардын мааниси өзгөрүп кетет эмеспи.

Абал тынч кезде кайсы бир адамдын кайсы бир жерди башкарышы үчүн мыйзамдуу укугу болушу керек. Башкаруу толугу менен зордук-зомбулуксуз болушу зарыл. Бирок азыр түрмөдөн жаңы чыккан адамдар өздөрүн «өлкөнүн кийинки премьер-министримин» деп атап жатышат. Экинчи тарапта бул аракеттерди толугу менен мыйзамсыз деп атаган топтор турат. Андыктан талашып-тартышып жаткан топтор компромисс табышы керек.

Абсолютисттик позицияларды карманган тараптар да бар. «Мурда өкмөттө иштеген жетекчилердин бири да саясатка кайтып келбеши керек» деген идеалисттик көз караштар айтылып жатат. Бул реалдуу эмес. Жаңы түзүлгөн топтор кырдаалды толук көзөмөлгө алып, башкалардын башын бириктирип, жаңы саясатты бир нече жылга жүргүзүп кетебиз десе, бир аз баёолук кылган болушат.

Анткени азыр тараптардын ортосунда мунаса таба алган саясатчыларга муктаждык бар. Бул процесске талаштуу фигураларды же мурда акча уурдап алгандарды же кызматты тартып алгандарды аралаштырбай коюу кыйын болот. Бирок бул жараянга жаңы лидерлердин мууну катышышы керек. Реформалар жана жоопкерчилик так аныкталышы зарыл.

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдындагы ыктыярчылар. 8-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдындагы ыктыярчылар. 8-октябрь, 2020-жыл.

- Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Евробиримдик да абал тынч жол менен жөнгө салынарына үмүт артууда. Ал арада орус президенти Владимир Путин Москва «жаңжалга аралашкан бардык тараптар менен байланышып жатканын» айтты. Кыргызстандагы мындай саясий кризисти жөнгө салууда Орусиянын таасири же ролу кандай болушу мүмкүн?

- Биринчиден, сырткы оюнчулардын баары жөн отурбай бир нерсе кылып жаткандай түр көрсөткүсү келишет. Себеби кризис бир нече күнгө созулуп кетти. Дагы бир канча күнгө, керек болсо жумаларга созулчудай болуп турат. Андыктан алар бир нерсе кылышыбыз керек деп ойлоп жатканы талашсыз. Ошол эле учурда Кыргызстандагы окуялар ички маселелерден улам чыкканын алардын билдирүүлөрү деле айгинелеп жатат. Алардын арасында Орусиянын билдирүүсү көңүл бурууга арзыйт.

Себеби орус тараптын жергиликтүү саясий оюнчулар менен көбүрөөк байланышы бар. Анын үстүнө жергиликтүү саясатчылар да Орусияны таасирдүү күч катары көрүшөт. Жеке өзүм андай экенинен бир аз күмөн санайм. Кыргыз саясатында Орусиянын таасири жана ролу тууралуу көп мистика бар. Бирок Москва жыйынтыктын баарын аныктап жатат деп ойлобойм.

Менимче, Орусия бир аз күтүп, карталардын баарын талдап туруп, ошого жараша кадам таштайт деп ойлойм. «Падышаны Орусия аныктайт» дегенге кошула бербейм. Бул постсоветтик эле идея деп ойлойм.

Чынында Москва ошондой ролду аткарууга умтуларынан да күмөн санайм. Муну постсоветтик чөлкөмдүн жаңы тарыхы деле көрсөтүп турат. Москва азыр Беларустагы окуяларга канчалык кызыгып жатат? Тоолуу Карабактагы окуяларга канчалык аралашууда? Көбүнчө сырттан карап турат. Аралашайын десе да чамасы жетпей турат.

Ошентсе да көп саясатчылардын Кремлге барары, Москванын билдирүү жасашы күтүлгөн нерсе. Бирок Орусиянын символикалык күчү көбүрөөк деп ойлойм. Бул жагдай талаш-тартыштын айрым шарттарын чечүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок акырында келип бул маселени жергиликтүү саясатчылар мунаса жолу менен чечиши керек.

Ал компромисс Кыргызстандын институттарын бекемдейт деп үмүттөнөм. Бийликти тартып алып, жазасыз калууга бөгөт койгон система түзүлөт деп ойлойм. Ал жагынан алганда туура багыттагы окуялар болуп жатат.

Мен Кыргызстанды «жараксыз мамлекет» деп атабайт элем. Албетте, мамлекеттик институттар алсыз. Мамлекетте түрдүү майда топторду да көрүп жатабыз. Ошентсе да Кыргызстанга эл аралык коомчулуктан чоң кийлигишүү болот деп ойлобойм. Бирок окуялар тез өнүгүп жатат. Андыктан менин бул оюмду жокко чыгарган нерселер да болуп кетиши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG