Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Айыл жетишкендиги –– 100 пайыз добуш!


Кара-Кулжадагы № 5011 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келгендердин дээрлик 100 пайызы “Биримдик” партиясын колдогон. Бир гана бүллетен жараксыз табылган.
Кара-Кулжадагы № 5011 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келгендердин дээрлик 100 пайызы “Биримдик” партиясын колдогон. Бир гана бүллетен жараксыз табылган.

Кыргызстанда жалпы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодогу бир таң каларлык көрүнүш тууралуу сатиралык жанытманы сунуштайбыз. Ал Кара-Кулжадагы бир даңазалуу айылдын шайлоочу тургундарына арналат.

Ур-р-раа! Кандай гана сонун жетишкендик!

Биздин айылыбыздагы шайлоочулар өздөрүнүн 100 пайыз добушун “Биримдик” партиясына бериптир! “Атаандашайынчы” деп жаңыдан бел байлаган ымыркай “Реформа” партиясы – нөл добуш алды! “Бир Бол” партиясы – нөл! “Замандаш” партиясы – нөл! “Социал-демократтар” партиясы (мурда ушул партия жиктеле элек кезеңде анын президенттикке талапкери үчүн бүт айылыбыз менен 100 пайыз добуш берген элек) – нөл!

“Бүтүн Кыргызстан” – нөл! “Республика” партиясы – нөл! “Ыйман Нуру” партиясы – нөл!

Ал эми “Ата Мекен”, “Мекенчил”, “Чоң Казат”, “Ордо” партиялары – таптакыр эле килтейген нөл!..

Берки аттары айтылбай калган башка партиялар дагы – бадырайта жазылган нөл алышты!..

Биздин айылыбыз гана жүз пайыз ынтымакты, сталиндик саясий эркти жана амалдуулукту көрсөтүштү!

Бүткүл өлкө боюнча биздин айылыбыз гана ушундай ири жетишкендикти камсыз кылды!

Кайра ойлоп да кетесиң, келээркиде, эгерде люстрациянын айынан бул “Биримдик” партиясы шайлоо оюнунан чыгарылып салынбаса, анда биздин айылда шайлоо өнөктүгү үчүн акча коротуп отурбастан, шайлоо тилкесинде иштемекчи болгон мектеп мугалимдерин да алагды кылбастан, шайлоо үчүн электр жабдуусун, техникасын, маалымат технологиясынын жабдууларын бекер эле колдонуп отурбастан, шайлоого башка атаандаш партиялардын байкоочуларын чакырып, бечараларды башка жумуштарынан алаксытып отурбастан, тек гана “бизде 100 пайыз добуш “Биримдик” партиясы үчүн ыйгарылганы калды, деп алдын ала агыбыздан жарылып, бул чечимди тастыктап, БШКга расмий кат, телеграмма, факс, SMS жолдоп койсок деле жетиштүү.

Эгерде БШК буга ишенбей турган болсо, анда айылыбыздагы ар бир шайлоочунун колу коюлган тизмени жөнөтө алабыз, керек болсо алиги №2 форманы алып, сырттан келип добуш берчүлөрдүн “биз толугу менен “Биримдик” партиясын колдомокчубуз!” деген тилкаттарын алдын-ала чогултуп бере алабыз.

Албетте, биздин жетишкендиктерибиз шоона эшпей турган башка өлкөлөр деле бар экенин билебиз. Маселен, Түндүк Корея Элдик Демократиялык Республикасында бийлик сүрөөнгө алган жападан-жалгыз партиянын талапкерлери 110 пайыз добуш алуулары мүмкүн. Орусиянын Чеченстан аймагында да ушуга окшогон жыйынтык алынып жүрөт деп угуп келебиз.

Эми биз аларга эч жете албайбыз, чындыкты моюнга алууга туура келет, бирок өлкөбүз боюнча биз гана чемпионбуз! Ушуга да шүгүр!..

Биздин айылдын намыстуу тургундары бир кишидей ойлонушат, партиялардын программаларын бир кишидей талдашат, “Биримдик” партиясынын тизмесинде бакандай орунда турган айылдашыбызды тээ төрөлгөн учурунан бери эле бир кишидей сүйүшөт! Биздеги молдокелер, дааватчылар да аталышы азгырган “Ыйман Нуру” партиясын эмес, “Биримдик” партиясын колдошот! Биздин айылыбыздагы Ооган согушунун, Баткендеги кирип келген исламчыларга каршы согуштун ардагерлери да “Ооган жана башка согуштардын ардагерлери” саясий партиясын эмес, он алты партиянын максат-мүдөөсүн жеке өзүнө камтыган сыйкырдуу “Биримдик” партиясын тандайт!

Биздин айылдагы эски коммунисттер да “Биримдик” партиясындагы капитализмди жана базар экономикасын жантыгынан жата калып колдогон байларды жактап турушат.

Биздин айылыбыздагылар – түз сызыкта тартиптүү тизилип, бирдей ойлогон, коёндой окшош ой чабыт жүргүзө алган, чоочун көз караштарды бирдей четке каккан, "өз алдынча ойлоноюнчу" деген ээн ооздорду шайлоо тилкесине жарым карыш жолотпой коё алган уникалдуу жердештер!..

Атаганат, биздин айылыбыздагы жетишкендикти бүткүл өлкөгө жайылтууга жетишсек, анда кандай сонун болмок эле!.. Андан ары бул демилгени КМШга жайылтсак, анан партиябызды ирилештирип, кайрадан “КПСС” деп атап алсак, ох-х!.. Бул партиянын бир өкүлү 2019-жылы Орусияда жүрүп эрээркеп кетип айткандай, эгемендиктен 29 жылда чарчап деле бүтпөдүкпү, эми оторчулуктун кылтагына мойнубузду кайра салып бербейликпи!..

Бирок бир жагдайды ачык айта кетелик: өлкөдөгү башка айылдарда “Биримдик” партиясы нөл добуш алып калуусуна эч кандай жол бербешибиз керек. Бул – демократияга каршы кадам болмок!.. Кантип ар бир айылда эч бир тургун биздин сыймыктуу партиябызды колдобой калуусу мүмкүн? Кантип башка жактагылар сүйүктүү айылдашыбыздын партиясынын канатын кайырууга даашсын?!. Бул – жарабаган, акылга эч сыйбаган ой да!..

Ошондуктан биздин айылыбыздын тургундары өлкөнүн аткаруу бийлигинен өзгөчө өтүнүч жасайт: башка айылдарда жана, өзгөчө алганда, ири шаарларда демократияны камсыз кылуу үчүн “Биримдик” партиясынын кызыкчылыгында тиешелүү шарт жаратыңыздар!

Биздин сүйүктүү айылдашыбыздын партиясы – акчаны оңду-солду чачкан айрым жемкор бажычылардын партиясы эмес, бар болгону администрациялык ресурстарга гана таяна алган бечара партия!..

Кара-Кулжадагы № 5011 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келгендердин дээрлик 100 пайызы “Биримдик” партиясын колдогон. Бир гана бүллетен жараксыз табылган. Интернет барактарынан.
Кара-Кулжадагы № 5011 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн келгендердин дээрлик 100 пайызы “Биримдик” партиясын колдогон. Бир гана бүллетен жараксыз табылган. Интернет барактарынан.

(P.S. Бул сатиралык жанытмада аты аталган партияларга окшош партиялар турмушта болуп калышы деле мүмкүн. 100 пайыз добушту бир эле партияга ыроологон айыл да турмушта болуп калышы ыктымалдан алыс эмес. Ошондой расмий баяндаманын фотосу деле жарыяланып калышы ажеп эмес.

Эгерде ошондой окшоштуктар бар болгон болсо, анда ушул чакан сатиралык чыгарманын кембагал автору өз чыгармасы сая кетпегендигин билгизип: “Опе-ей! Ошондойбу?!.” деп кошумчалап айтып, тек гана аргасыздан ийинин куушурат. Кембагал калемгер: “Турмуш... Тагдыр... Жазмыш... Эми оңолоорбуз...” –– деп өзүнчө күбүрөнө берет, күбүрөнө берет...)

XS
SM
MD
LG