Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Оппозиция жаңы шайлоону талап кылды


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл

Оппозициялык партиялар парламенттик шайлоонун эртеси, 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингде кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Эртең менен ондогон адамдын катышуусунда башталган нааразылык акциясына чыккандардын саны түштөн кийин бир нече миңге жетти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ордо» саясий партиялары билдирип жатат. Ал эми шайлоодо уткан партиялар жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайра добуш берүүгө негиз жок деп эсептешет.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн билдирди.

Ал арада оппозициянын митинги өтүп жаткан аянтка күч кызматкерлери тартылды.

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингге алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары чогулду. Түштөн кийин ал акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Ошондой эле ал жерге кийинчерек «Ордо», «Ыйман Нуру» партиясынын лидерлери да келди.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып «Бир Бол» партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги үчүн күрөштү улантууга чакырды:

«Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Ар бир аймакта шайлоо кандай ыпылас өткөнүн көрдүңөр. Эгер бүгүн ушуга жол берип койсок, дагы беш-он жыл ушулардын эксплуатациясынан кутулбайбыз».

Ала-Тоо аянтындагы митингге чыккандардын башкы талабы кайра шайлоо өткөрүү болууда. Алардын пикиринде, шайлоо ыпылас өттү, андыктан анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керек.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган партиялардын митингинде Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын шайлоо тизмесин жетектеген Жанарбек Акаев азыр ыйлай турган учур болуп жатканын белгиледи:

«Буларды жокко чыгарышыбыз керек. Контрабандисттер, уурулар, «ака-үкалар», куда-сөөктөр парламентти ээлеп алды. Кайра шайлоо! Кайра шайлоо! Кайра шайлоо кылышыбыз керек. Уурулар, туугандашкан жана кландашкан система шайлоого катышпашы керек. Элибизди сатып алышты. Мындай бийлик, мындай парламент кетсин! Эмне үчүн бийлик буга жол берди? Бүгүн Башкы прокуратура 25 мыйзам бузуу катталганын айтты. Бул күлкү да! Мына, Алай районунда беш миңден ашык адамды каттатышты. Ушундай арам, ыпылас шайлоодон кийин бийлей турган эмес, ыйлай турган учур».

Шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Элвира Сурабалдиева митинг мөөнөтсүз экендигин белгиледи.

«Биздин артыбызда милиция кайтарып турат. Алар суу толтурулган миномёттор менен аткылап, иттер менен кубалоо тууралуу буйрук алууда. Элдин укугу тебеленип жатса, мыйзамсыз шайлоону «жеңдик» деп ресторандарда тойлоп жатат. Ушул туурабы?», - деди саясатчы.

Нааразылык акциясына чыккандарга түштөн кийин «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да келди. Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып аянтка чыккан партиялардын талаптарын колдой турганын айтты:

«Парламенттик шайлоо өтө ыпылас жүргөнүн бүт эл көрдү. Муну бир же он адам айтып жаткан жок. Бүт эл айтууда. Ошондуктан жыйынтыгын жокко чыгарып, тез арада кайрадан шайлоо өткөрүшүбүз керек».

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон ондогон адам катышкан адамдардын митинги Нарында жана Таласта да болду.


«Реформа» партиясы да шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип жатат:

«Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алышы, коркутуп-үркүтүү менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун №2 форма аркылуу жасалган добуш алышы бул шайлоону эң ыплас кылды. Ошондуктан биз, «Реформа» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоону уюштурган бийликти да легитимдүү эмес деп эсептейбиз», деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Баштапкы маалыматтар боюнча 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Ал эми «Биримдик» партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоо курч өткөнүн, шайлоочулар жигердүү катышканын билдирди. Ал шайлоодо утуп чыгарына ишенгенин, буга партия күчтүү команданы түзгөнү себеп болгонун айтты:

«Добуш берүүдө биздин партияга каршы административдик кысым колдонулду. Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында бул байкалды. Биздин партиянын өкүлдөрү ага байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссиясына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууну мыйзам чегинде чечиш керек».

Төрөбай Зулпкукаров «түрдүү бут тосууга, партияны жаманатты кылуу аракеттерине карабай, ишеним артып, шайлап берген» шайлоочуларына ыраазычылык билдирген.

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Евгения Строкова бул кырдаалга жалаң эле шайлоодон өткөн партиялар эмес, өтпөй калгандар да күнөөлүү деген пикирде.

«Чындап келсе, добуш сатып алуу үчүн ар бир партияны айыптаса болот. Азыр аянтта бакырып жаткан партияларды деле айыптай алабыз. Бул мүшкүл мурдатан эле болуп келген. Аларды эл алдап кетти да. Бирок партиялар элдин атынан кыйкырып жатышпайбы. Ал эми эл башкаларды шайлабадыбы. Бул менин жеке пикирим. Тилекке каршы, эл эми «биз кыйналдык» деп нааразы болот. Өздөрү сатылып жатпайбы», - деди ал.

БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок деп эсептейт. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүчү фактылар болсо гана кайра шайлоо болушу керек.

«Добуш берүүнүн жыйынтыгы бузула турган болсо, добуштарды сатып алуу боюнча далилдер болушу керек, - деди ал. - Элди автоунаа менен ташуу мыйзамсыз деп эсептелбейт. Кечээ бизге шайлоочуларды ташуу боюнча маалыматтар түштү. Аларды текшергенде аксакалдарды, алыскы айылдардагыларды ташып келишкен болуп чыкты. Ташып келген күндө да шайлоочулар бюллетенди алып, кабинада жалгыз өзү болот. Ага эч ким таасир эте албайт. Бул фактылардын баары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүгө негиз боло албайт».

Бекматов 5-октябрда Бишкекте өтүп жаткан шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгуу ар бир кыргызстандыктын укугу экенин билдирип, бул митингдеги талаптар да шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болуп бере албай турганын кошумчалады.

Ал арада оппозициянын митинги өтүп жаткан Ала-Тоо аянтынын айланасына атайын даярдыктагы күч түзүмдөрү пайда болгону маалым болду. Бирок Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздук тууралуу маалымат бере элек. Ал эми вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө экенин айтты. Ал аянтта канча киши чогулуп турганын айта албай турганын, күч органдары жана башка мамлекеттик органдар өз жумушун аткарып жатканын белгиледи.

Акрам Мадумаров элдин коопсуздугун камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо негизги бирден-бир милдет экенин кошумчалап, тийиштүү тараптар ишин жүргүзүп жатканын, өз оюн билдирүүнү каалаган тарапка жолтоо болбой турганын, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек экенин кошумчалады.

Ал арада Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган КМШ мамлекеттеринин байкоочулары 5-октябрда өз баасын беришти. КМШ байкоочулары «бардык партияларга шайлоо өнөктүгү, үгүт учурунда бирдей шарт түзүлүп берилди. Маалымат каражаттары аркылуу программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты» деп билдиришти.

КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Глуминский: «Шайлоого талапкер катары катышуудан БШК тарабынан четтетилген эки партия - «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жеңишке жетишкени өлкөдө шайлоо калыс жана таза өткөнүн көрсөтүп турат», - деп айтты.

КМШ байкоочулары шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөнү анын таза өтүшүнө шарт түзгөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы шайлоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу айтып, добуш берүүчүлөрдүн дарегин алмаштыруусун мисал келтиришти. Миссия буга байланыштуу сунуштарын Боршайкомго бермекчи.

14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мыйзамдарга ылайык, ачык жана таза өткөнүн КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мухтар Ирман да кошумчалады.

БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат. Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен.

XS
SM
MD
LG