Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

«Кыргыз оппозициясындагы ырксыздык»


Путиндин Бишкектеги сапары. Ноябрь, 2019-жыл.
Путиндин Бишкектеги сапары. Ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандагы окуяларга Москвадагы серепчилердин жана саясатчыларды реакциясы.

Орусия президенти Владимир Путин федералдык телеканалдагы кыска маегинде Кыргызстандагы абал тез арада жөнгө салынышы керектигин белгиледи.

«Жакында эле Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо демократиялуу өткөнүн жалаң эле эл аралык байкоочулар эмес, Жамааттык Кызматташтык боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) өкүлдөрү да билдиришкен. Бул өлкөдө азыр болуп жаткандар бизди кайдыгер калтырбайт. Баары тынчтык жолу менен чечилет деген ишенимдемин, өлкөдө демократия орноп, саясий маселенин баары ачык тез арада чечилишине тилектешмин», - деди ал.

Путин бардык тараптар менен байланыш бар экенин кошумчалап, абал жөнгө салынгандан кийин Кыргызстан менен макулдашылган бирдиктүү пландар ишке ашырыларына үмүт артарын айтты.

Шаршембиде таң эрте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 68 жаш курагын белгилеп жаткан Путинди туулган күнү менен куттуктаганын президенттик аппарат кабарлаган.

Куттуктоо телеграммасында Жээнбеков кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөдөгү Путиндин ролун жогору баалап, Орусия элине бакубатчылык каалаган.

Ушул тапта Жээнбековдун өзү кайда экени так белгисиз. Басма сөз кызматы президент Бишкекте экенин кабарлап келет.

Буга чейин Путин Жээнбеков менен түз байланышып, Кыргызстандагы абал боюнча кабарлашпаганын айткан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кийин «Орусия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүгө каалоосу жок» экенин билдирди.

Митинг маалында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун абактан чыгарылганы тууралуу суроо узаткан журналисттерге Песков «бул кыргыздардын өз чечими» деп жооп берди.

Ал эми орусиялык басылмаларда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тууралуу «кыргыз бийликтигинин параличи», «Кыргызстанда адамды барымтага алгандыгы үчүн соттолгон экс-депутат премьер-министр болгону калды», «бийлик алмаштыруу адаты калбагандар», «Жээнбеков жашырынды» деген өңүттө баяндар жарык көрүүдө.

Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин «РИА Новости» агенттиги менен болгон маегинде Кыргызстанда мындай толкундоо өлкөнү туңгуюкка алып барарын айтып, бул үчүн өлкөнүн бүтүндүгү менен келечегин ойлобогон кыргызстандык саясатчылардын «чоркоктугун» айыптаган.

Буга чейин «Азаттыкка» «Кыргызстандагы оппозициялык партияларга анык парламенттик өлкөнү түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү» деген ою менен бөлүшкөн Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору Андрей Казанцев бул күнү «Ведомости» гезитиндеги маегинде «кыргыз оппозициясындагы ырксыздыкты» сындап, «өлкөдө бир да киши лидер катары айланасына элди бириктире албай турганын» баса белгиледи.

«Ведомости» гезитинде жарык көргөн бул баян «Кыргызстанда шайлоодон кийинки митингдер бийликти шал кылды» деп аталат.

Ал эми «Газета.ру» басылмасында Кыргызстандагы окуялар «эң чукул жасалган төңкөрүш» катары сүрөттөлүп, кыргыздардын улам-улам «хан алмаштыруусу» элдин үрп- адаты менен түшүндүрүлгөн.

«Кыргыздар көчмөн болгондуктан, күчтүү мамлекеттик бийлик институтун кура алышкан жок. Элде ханды салтуу тандашкан. Бул адам элдин мүдөөсүн аткарбаса, аны тез эле алып түшүшчү. Азыркы Кыргызстандын тарыхы бул адат дагы эле бар экенин көрсөтөт. Атаандашкан урууларды басып алууну көздөгөн ханды окшош тагдыр күтөт» деп жазылат макалада.

Жалпысынан элдин эркиндик менен теңдикке эрки жогору бааланган менен парламенттик өлкөдө эң жооптуу кызматка - премьер-министрликке соттолгон экс-депутат көрсөтүлгөнүнө басым жасалат.

2019-жылы Жогорку сот «Адамды барымтага алуу» беренеси боюнча айыптуу деп таап, он жылга эркинен ажыраткан Садыр Жапаров эки күн мурун жактоочулары абактан чыгаргандан кийин өзүн «өкмөт башчымын» деп жүргөнү баяндалат.

«Интерфакс» агенттигинде болсо «Кыргызстан: бийлик алмаштыруу адаты калбагандар» деген макала жарыкка чыкты. Анда КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия боюнча серепчиси Андрей Грозин Кыргызстандын ичиндеги тирешүү Москва-Бишкек алакасына эч кандай залалы тийбей турганын белгилеген.

«Кыргызстанда бийликке антиорусиялык маанайдагы адамдардын келишин элестетүү кыйын. Координациялык кеңешке киргендердин тизмесин карап көрсөк деле, эскилердин эле келгени айдан ачык», - деген Грозин орусиялык басылмага.

Буга чейин ЖККУ Кыргызстандагы окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып, кырдаалга көз салып турганын маалымдаган. Уюм Кыргызстандагы саясий кырдаалды «өлкөнүн ички иши, өз алдынча жөнгө салып кетет» деп эсептейт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG