Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Президентти кыжалат кылган күчтөр кимдер?


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстанда шайлоо алдында өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жараткан күчтөр жанданганын билдирип, «алар кыргыз-орус алакасына да шек келтирет» деди.

Жээнбеков айткан күчтөр, Кремлдин колдоосу

Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, орус тарап Кыргызстанга саясий да, экономикалык да колдоо көрсөтүп келатканын белгиледи. Анын сөзү боюнча, өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал да Путиндин жардамы менен турукташты. Жээнбеков Орусия COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп каттаганын, муну бүткүл адамзат күткөнүн кошумчалады. Андан ары Кыргызстандын ички саясатына тиешелүү маселени көтөрүп, парламенттик шайлоодогу кооптуу деп эсептеген жагдайларга токтолду.

«Владимир Владимирович, Кыргызстандын эли сиз менен болгон жолугушуубуздан көп нерсени күтөт. Айрыкча парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине кол салууга аракет кылып, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет. Албетте, биз аларга жол бербейбиз, алар ийгиликке жете алышпайт. Анткени Орусиянын бизди колдоосу абдан маанилүү жана бул үчүн сизге ыраазымын», - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин.
Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин.

Бул Кремлдин расмий сайтына чыккан кабар. Кыргызстандын президентинин сайты жолугушуунун жыйынтыгы боюнча башкачараак маалымат берди. Анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы маселелер талкууланганы жазылган.

Сайт Орусия тарап Кыргызстанда шайлоодо жана андан кийин да абал туруктуу болушун каалай турганын кабарлап, Владимир Путиндин Жээнбековго карата айткан бул сөзүн келтирди:

«Сиз билесиз, биз сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Сиздин бул аракетиңиз уланат деп ишенебиз. Сизди мамлекет башчы катары, Кыргызстанды жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз».

Кайрадан орус президентинин расмий сайтындагы маалыматка келсек. Анда Путин Орусия коңшу, дегеле башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпей турганын, бирок кырдаалды турукташтырыш үчүн бардык саясий күчтөрдүн тил табышуусун колдой турганын айткан. Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанда кайсы күчтөр абалдын туруктуулугун бузууга аракет кылып жатканы, кыргыз-орус мамилесине кимдер бут тоскону тууралуу сөздөрү ачык айтылган жок.​

Президент айткан күчтөр кимдер?

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президент «туруктуулукка коркунуч жараткан күчтөр» деп Батышты жана өкмөттүк эмес уюмдарды айтты деп эсептейт. Анын сөзүнө караганда, мындай пикир кыргыз бийлигинде калыптанып калган. Ал эми кыргыз саясатына Кремлдин таасири буга чейинкидей эле күчтүү.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Путиндин сөзү - стандарттуу эле сөздөр, - деди ал. - Ал бир жума мурда эле БУУнун Башкы ассамблеясында «Орусия ЕАЭБдин алкагында мамилени тереңдетет» деди. Муну биримдикке кирген мамлекеттер ички саясатында кандай мыйзам кабыл алышы керектиги тууралуу буйрук берүү деп түшүнсө болот».

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев аты-жөндөрү так айтылбаган, президент эскертип жаткан күчтөр тууралуу мындай деди:

«Ал күч «Ак үйдүн» жетинчи кабатында отурат. Анын башчысы Сооронбай Жээнбеков өзү. Ал элге «таза, калыс шайлоо өткөрөм» деп убада берген. Бирок шайлоонун жыйынтыгы кандай болору азыр эле белгилүү болуп калды. Президент башында туруп шайлоо боюнча жаңы, ачык шайлоого шарт түзгөн мыйзамдарды кабыл алышы керек болчу. Анын бири да жасалган жок. Президенттин шайлоо алдында Путинге жолукканы - бул «таза шайлоо болбой калды. Шайлоодон кийин абал курчуса жардам бергиле» дегени эле».

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров Кыргызстанда 2005-2010-жылдардагы эки элдик толкундоо шайлоодон чыккан нааразылыктан улам болгонун эске салды. Ал ушундан улам президенттин сөзүнүн жөнү бар экенин мындайча негиздеди:

«Коркунуч бар. Себеби, президент баарыбызга караганда так маалыматтарды алып турат. Шайлоодо атаандаштык дайыма күчтүү болот. Чет өлкөлөрдө шайлоо Кыргызстандан да курч мүнөздө өтөт. Бизде «элди колдонуп эле эптеп бийликке келсек, байлыкты кайра башынан бөлүшсөк» деген күчтөр жок эмес. Ошондуктан анын алдын алыш керек. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт. Коронавирус оорусунан кийин бизде эле эмес, дүйнөдө да бардык мамлекеттердин экономикасы начарлап кетти».

Орусияда талкууланган ички саясат

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен бул маселелер боюнча «Биримдик» партиясынын депутаттыкка талапкери Марат Аманкуловдун эгемендикке жана Орусияга байланышкан талаштуу билдирүүсү талкууланып жаткан тапта сүйлөштү. Бул ансыз да Аманкуловдун сөзү коомчулукта катуу сынга алынып жатканда талкууга май тамызгандай болду.

Жарандык активист Айбек Бузурманкулов президент оппозициялык партиялар шайлоодон өтпөй калса, өлкөдө абал курчуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатат деген пикирде. Бирок бул маселени башка өлкөнүн жетекчиси менен талкуулаганы орунсуз экенин айтты:

Айбек Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов.

«Башка өлкөнүн президентинин алдына барып алып Кыргызстандагы кырдаал боюнча маалымат бергени туура эмес. Ал отчёт берип жаткандай эле сезилди. Биз эгемен мамлекетпиз. Мындайга жол берилбеши керек. Президент, тескерисинче, Марат Аманкуловдун «биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат» деген сөзүн кескин сындашы керек эле. Эгерде буга президент да макул болсо - анда ал «Путиндин кол баласы» деген атка калат».

Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы кыска жумушчу сапарынан кийин 28-сентябрда эки күндүк расмий сапар менен Венгрияга кетти.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Алардын ичинен «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа», «Чоң Казат», «Республика» партиялары бийликке оппозициялык партиялар катары шайлоого баратканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG