Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Дубнов: Кыргызстанда Кремлге баш ийбеген саясий жараян болбойт


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен орус президенти Владимир Путин, Москва шаары, 12-июль 2019-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен орус президенти Владимир Путин, Москва шаары, 12-июль 2019-жыл.

Кремль кыргыз парламентинде кандай күчтөрдү көргүсү келет? Жогорку Кеңешке аттанган айрым партиялардын "Евразиячылык" идеясын алга сүрөгөнү эмнеден кабар берет? Орусиялык саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов ой бөлүштү.

- Кыргызстанда бийликчил деген «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун орус делегациясы менен жолугушуусунда «30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү» деп айтканы талкуу жаратууда. Анын видеосу качан тартылганы боюнча эки ача маалымат чыкты. Кантсе да бийликке ыктаган партиянын өкүлүнүн мындай сөздөрүнө кандай баа берүүгө болот?

- Видеодогу окуя качан орун алган болсо да анын парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында тартылбаганы бышык. Кандай болсо да муну «Биримдикке» каршы турган кандайдыр бир саясий технологдор колдонуп жатат. Себеби бул идея кыргыздардын өзүнүн идентификациясы тууралуу жана кимге ыктап, кимден оолак туруу керектиги жөнүндө талкууларга жол ачууда. Албетте, эгер бул суроо катардагы кыргыз шайлоочусун ойлондурган болсо...

Бирок өзүңдүн цивилизацияңдын улуулугун өзүңө болгон бааны жогорулатуу үчүн талашып-тартышуу – бул туура эмес жол. Улуттук кыжырданууну гана күчөтүп коёт.

«Кыргызстанга Евразиячылык керекпи же кереги жокпу?», «Орусия менен дагы жакын байланыш зарылбы же жокпу?» деген суроолордун президент Жээнбековдун Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочидеги жолугушуусунун алдында жанданганы кимдир-бирөөгө керек болгон чыгар.

"Биримдиктин" төрагасы кайда кайткысы келет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

- Жакында орусиялык саясат таануучулардын бири «Кыргызстандагы бардык партиялардын артында орус күч түзүмдөрү» турганын айтып чыкты. Кыргызстанда ар бир шайлоодо Москванын ыктымал таасири тууралуу маселе козголот. Бул жолу ошондой таасир байкалабы? Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Кремлди кызыктырабы?

- Бул жерде эки фактор бар. Биринчиден, Кыргызстанда Кремлден таптакыр көз карандысыз саясий жараян боло албайт. Түндүк кыргыздары орус падышасына кайрылгандан бери Кыргызстан Москванын саясий, экономикалык жана идеологиялык таасиринен чыга элек. Кыргызстан геосаясатта толугу менен өз алдынча фигура боло албайт. Чоң регионалдык контекстте саясаттын өз алдынча субъектиси болушу кыйын. Мындан улам Орусиянын таасири болбой койбойт.

Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов.
Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов.

Анын кандай чечмеленип, кандайча ишке ашырылып жатканы башка кеп. Бир топ партиялардын Евразиячыл курсту жактайбыз дегени деле партия лидерлеринин Кыргызстандын болочогу тууралуу ойлорунда Москва үстөмдүк кылаарын, Кремлден чыккан демилгелерге көңүл бурулаарын көрсөтүп турат. Андан качып кутулуу да кыйын. Путиндин жетеги астындагы азыркы Орусиянын же империялык үстөмдүктүн балким кезинде бир пайдасы болсо болгондур. Азыр анын жүз миңдеген кыргыздарды жумуш менен камсыз кылуу, экономикалык жактан кайсы бир долбоорлорду каржылоо маселесинде жардамы тийип жаткандыр. Бирок Кытайдын инвестицияларын карап отуруп, андан деле күмөн санап турам.

Муну эмнеге айтып жатам? Орусиялык күч түзүмдөрүнүн таасири, кызыкчылыгы болбой койбойт. Себеби Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси жайгашкан. Алардын кырдаалды туруктуу кармап туруу үчүн өз ролу бар экенин да четке кага албайбыз. Кыргызстан Орусия, Кытай сыяктуу гиганттардын, Иран, Түркия өңдүү регионалдык күчтөрдүн чордонунда жана эң башкысы туруксуз Ооганстандын жанында жайгашканын билебиз. Андыктан реалдуулукту да эске алуу керек.

- Эгер орус күч түзүмдөрүнүн, деги эле Орусиянын таасири бар десек, анда алар Кыргызстандын парламентине кандай күчтөрдүн келишине кызыкдар?

- Кыргыз парламенти азырынча өз алдынча саясий түзүмгө айлана элек. Орусияга байланыштуу талылуу маселелер боюнча Бишкектин позициясына таасир эте алган күчтүү бир борбор да эмес. Менимче, Кыргызстанда мындай күч дале президенттин колунда. Учурда президент Москвага карата ырааттуу бир багытты карманып жатат. Башкача кылуу да мүмкүн эмес экенин кайра кайталагым келет. Кремлдеги бийликтин мүнөзүн да эске алуу зарыл. Бул маселеде керемет бир өзгөрүүнү күтө албайсың.

Ошол эле учурда Орусия Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо «утулуп калышы мүмкүн» деп да айта албайсың. Себеби Кыргызстанда парламентти орусиялык багыттан тайдыра турган, шайлоочулардын терең ишенимине ээ болгон олуттуу бир да саясий күч жок. Албетте, Кыргызстанда Евробиримдик же АКШ менен толук кандуу байланыштарды, демократиялык баалуулуктарды жактаган демократиячыл түзүмдөр да бар. Ошентсе да мындай күчтөр толугу менен Орусияга каршы эмес. Алардын да өз шайлоочулары болушу керек. Москвадагы жетекчилик түшүнүктүү болсо, Кыргызстанда мындай күчтөргө Беларустагыдай басым көрсөтпөйт деп ишенем.

Орусиянын Кант шаарындагы аба базасы.
Орусиянын Кант шаарындагы аба базасы.

- Алдыда айтылгандай, Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бир тобу Евразиялык Экономикалык Биримдиктин алкагындагы интеграцияны жактай турганын билдирип жатышат. Бийликчил деген партия ошентип Евразиячылык идеясына басым жасоодо. Ушунун өзү Кыргызстандагы партиялар Орусиянын жылуу мамилесине, макулдугуна муктаж дегенди билдирбейби?

- Алар биринчи кезекте Москвада аныкталган Евразиячыл багытты алга сүрөп жатышат. Алар бул идеяга каршы чыгышпайт. Кыргызстандын Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан же Евразиялык Экономикалык Биримдиктен чыгып кетишин жакташпайт. Анын үстүнө мындай ойлорду ишке ашыруу деле мүмкүн эмес. Москвага мындан ашыктын кереги жок.

- Ошентип быйыл 2010-жылдагы Апрель окуяларынан берки үчүнчү парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бул президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда өтүп жаткан алгачкы парламенттик шайлоо. Бул жолку саясий өнөктүктүн Кыргызстан үчүн, бийлик үчүн жана катардагы жарандар үчүн маанисин сиз кандай чечмелер элеңиз?

- Менимче, республиканын алдыга карай өнүгүшү үчүн, экономиканын жана демократиялык жараяндардын алдыга жылышы үчүн бул шайлоонун орчундуу, этаптуу бир мааниси бар. Бул шайлоону саясий өнүгүүнү өзгөртүү аракети катары мүнөздөсөм болот.

Бир жагынан президент бул өнөктүктү мамлекет башчынын фигурасына көп байланыштырбоого аракет кылып жатат. Бирок бул популисттик билдирүүдөй угулат. Себеби башкы үч партиянын бири бийликчил деп саналууда. Ал партияны президенттин иниси жетектеп жатат.

Экинчи жагынан Кыргызстанды аксатып койгон Атамбаевдин доорун кайталабоо маселеси турат. Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө бийликтин партиясы өлкөдөгү саясий жараяндарды бир колго топтоп алган, оппоненттерин, башка партиялардын лидерлерин куугунтуктаган, мамлекет башчыны жактабаган саясий партиялардын өнүгүүсүнө бөгөт койгон.

Анын аягы кейиштүү болгонун билебиз. Бул өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүн, саясий жараяндарды артка чегинтип койду. Бул жагынан караганда бүгүнкү парламенттик шайлоону өлкөнүн демократиялык өнүгүү багытына кайра түшүү аракети десек болот.

- Ошентсе да добуш сатып алуу, шайлоочуларга басым көрсөтүү аракеттери тууралуу кабарлар бул жолу деле токтобой жатат. Кылмыштуу түзүмдөрдүн таасири тууралуу да сөз болууда. Мындай кабарлар мурдагы шайлоодон бери көп нерсе өзгөрбөгөнүн күбөлөп турган жокпу? Буларды эске алсак, быйылкы шайлоонун жыйынтыгын кандай факторлор аныктап коюшу мүмкүн?

- Мен шайлоочуларга таасир этүү аракети болбогон бир да өлкөнү билбейм. Түз эле акча менен болбосо да убадалар менен шайлоочуларды көндүрүү аракети болот. Кыргызстанда деле ушундай көрүнүш байкалып жатат. Болгону бул көрүнүш өтө артта калган, адепсиз ыкмалар менен коштолууда. Келгиле, бардык нерсени өз аты менен атайлы. Бир аз мурда эле дүйнөлүк өнүгүү трендинен алыста турган өлкөнүн СССР ыдырыгандан кийинки 30 жылда эле өнүгүп кетиши кыйын.

Силер ансыз деле региондо баарынан алдыда кетип баратасыңар. Элдин мүнөзүн эске алуу керек. Азыр саясий ураандардын алдында эмес, жергиликтүү авторитеттердин, таасирдүү ишмерлердин, капчыктуулардын айланасында биригип жатканыңар качып кутулгус жараян. Бирок мында чыныгы саясаттын үлүшү аз.

Бирок шайлоочулар саясатчыларды эсептештирген күчкө айланып баратат. Мындан улам авторитаризм же деспотизм коркунучу аз десек болот. Себеби бир деспот кол алдындагылардын ою менен эсептешпейт эмеспи. Кыргызстанда андай жок. Ал жакта көп нерсе шайлоочулардын маанайына көз каранды.

Орус президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаев, 16-май 2012-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаев, 16-май 2012-жыл.

- 2010-жылы Кыргызстан бүтүндөй дүйнөгө парламенттик демократияны курабыз деп жарыялаган. Бирок парламент толугу менен көз карандысыз орган боло албаганын убакыт көрсөтүп койду. Азыр шайлоого аттанган партияларды эске алганда кыргыз парламентинин макамы жана сапаты өзгөрөбү?

- Жарыялап коюу аны ишке ашыруу дегенге жатпайт. Парламенттик демократия үчүн саясий партиялардын маданияты пайда болушу керек. Ал дале Кыргызстанда жок. Саясий партиялар кандай кураларын көрүп жатпайбызбы. Таасирдүү үй-бүлөлөр, чоң кыштактар, жек-жааттуулар чогулуп, партия түзүп жатышат. 6 миллиондон ашуун калкы бар өлкөдө кантип 16 партия шайлоого аттансын? Бул партиялык маданияттын бышып жетиле электигин көрсөтүп жатат.

Орусияда да партия көп. Бирок бийлик алардын парламентке келишине административдик жол менен бөгөт коюп жатат. Балким бул жол менен партиялык өнүгүү чектелип жаткандыр.

Кыргызстан болсо башка жол менен кетти. Партияларга чектөө жок. Бирок Кыргызстандагы өнүгүүлөрдүн оң таасири көбүрөөк болот деп ойлойм. Ошентсе да ал үчүн көп убакыт керек. Партиялык маданият калыптанышы үчүн дагы көп парламент алмашууга тийиш. Ал 10 жылдын же 20 жылдын ичинде да калыптанбашы мүмкүн.

Ал биринчи кезекте Орусиядагы эркиндиктин, плюрализмдин, демократиялык курулуштун өнүгүшүнө жараша болот. Кыргызстан көп факторлор боюнча үстөмдүк кылган өлкөдөн алыс кете албайт.

Шайлоого аттанган партиялардын программаларында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолдору так жазылган эмес. Өлкө ичиндеги кайсы ресурстарга басым жасоо зарылдыгы, турмуш-тиричиликке керектүү каражатты чет өлкөдөн эмес, өлкөнүн өзүндө табуунун жолдору белгиленген эмес. Евразиячылык курсу өлкөнүн өз алдынча өнүгүүсү тууралуу суроого жооп таап бере албайт. Муну түшүнүү аракетинин жоктугу Кыргызстандын өз суверендүүлүгүнө толук ээ боло албай турганын моюнга алууга тете болот.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG