Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

Хью Уильямсон: Кыргыз бийлиги менен диалогду улантабыз


 Хью Уильямсон "Азаттыктын" студиясында.
Хью Уильямсон "Азаттыктын" студиясында.

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Хью Уильямсон "Азаттыкка" курган маегинде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү, Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу пикирлери менен бөлүштү.

- Human Rights Watch уюмунун 2020-жылга баяндамасында Кыргызстанда Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү, пандемия маалында зордук-зомбулуктун күчөшү, маалыматты манипуляциялоого байланыштуу мыйзамдардын каралышы, майыптыгы бар балдардын билимге болгон укуктарынын чектелиши жана башка окуялар белгилениптир. Тилекке каршы, быйыл дагы Айзада аттуу кыз ала качуунун курмандыгы болду, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жайкын тургундар бейкүнөө ажал тапты. Бул окуялар өлкөнүн имиджине кандай таасир этиши мүмкүн?

- Ооба, Кыргызстан үчүн турбуленттик мезгил болуп жатат. Президент Садыр Жапаров буга чейин адам укуктарын колдой турганын айткан эле. Кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда Кыргызстан демократиялык жол менен алга жыларын дагы белгиледи. Биз кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогду уланта беребиз. Адам укугун коргоодо жана алдыга жылдырууда кыргыз өкмөтүнө жардам бергибиз келет.

Сиз белгилегендей соңку айларда адам укуктарын бузган бир катар окуялар катталды. Ошондой эле көп аспектилерде адамдын базалык укуктары сакталбаган, адам укуктарынын эл аралык стандарттарына жооп бербеген Кыргызстандын жаңы Конституциясын да белгилей кетсек болот. Эксперттердин пикиринде, Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары күчөп, башка институттардыкы кыйла ылдыйлаган. Адам укуктарын сактоодо баланс маанилүү ролду ойнойт.

Ошондой эле 2020-жылдагы Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү боюнча жаңы ачылган иликтөө көз карандысыз жүрүп, чыныгы күнөөлүүлөр табылат деген үмүттөбүз.

- Сиз айтып кеткендей, 21-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын айтты. Деги эле демократиянын өнүгүшүнө Кыргызстанда кайсыл жагдайлар, окуялар көлөкө түшүрүп жатат же түшүрүшү мүмкүн?

- Мисалы, Кыргызстанда жакында кабыл алынган эки мыйзам тең адам укугуна каршы келет. Биринчиси - бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга кошумча отчет тапшыруусун милдеттендирип жатат. Бул ашыкча түйшүк. Алар буга чейин эле ачык-айкын иш кылып келген. Экинчиси - маалыматты манипуляциялоо мыйзамы. Мында медиа ишкананы эч кандай факты же жүйөсү жок эле түшкөн арыздын негизинде маалыматты алып салууга милдеттендиргени ачык басым. Биз муну менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөгө жол ачылат деп тынчсызданабыз.

Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу сөз кылсак, Айзада аттуу кыз ала качуунун курмандыгы болду. Пандемия маалында үй-бүлөлүк зомбулук күч алды. Мунун алдын алууда күч органдарынын иши аксады.

- Сиз белгилеп кеткен үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтуу же алдын алуу, коомчулукту агартуу, түшүндүрүү иштеринде Кыргызстан кандай чараларды көрүшү кажет?

- Биринчи кезекте милиция, прокуратура, сот кызматкерлерин окутуу зарыл. Алар аялдардын кайрылуусуна олуттуу мамиле кылып, тиешелүү деңгээлде мамиле жасашы керек. Ошого жетишүү абзел. Себеби, зомбулукка кабылган аялдар милицияга кайрылганда укуктук жардам берүү ордуна күйөөсү менен жарашып алуу сунушун айткан учурлар көп. Күч органдарынын өкүлдөрүн жабырлануучуларды кунт коюп угууга, түшүнүүгө үйрөтүү керек.

Бул жерде үч маанилүү нерсени эске алуу кажет. Биринчиден, милиция зомбулук көргөн аялдын окуясын иликтеши керек. Экинчиден, прокуратура зомбулук көрсөткөн адамга карата тиешелүү айыптарды коюуга тийиш, үчүнчүдөн, укук коргоо органдары жабыркаган аялга коргоо ордерин берип, анын аткарылышын көзөмөлдөшү зарыл.

Дагы бир маселени токтоосуз көтөргүм келет. Бул Кыргызстандын жана Түркиянын жараны, Бишкектен уурдалган Орхан Инандынын жагдайына байланыштуу иликтөө.

Кыргызстандын президенти бул окуя иликтениши керек деп айткан. Биз бул иликтөө натыйжалуу, көз карандысыз жүрөт деген үмүттөбүз жана кылмышка тиешеси бар адамдар өз жазасын аларына ишенебиз. Белгилүү адамдар ушинтип жоголуп жатса, катардагы адамдардын коопсуздугу кандай болот деп кабатырбыз.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG