Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Инандынын өлкөдөн кантип чыгарылганы иликтене баштады


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин 5-июлда жарыя кылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин 5-июлда жарыя кылган.

Аскер прокуратурасы Кыргызстандан уурдалып, Түркияга жеткирилген кыргыз жараны, түрк тектүү Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча кылмыш ишин тергей баштады.

Башкы прокуратура факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 331-беренеси (“Шалаакылык”) жана 371-беренеси (“Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча катталганын ырастады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тергөө жөнүндө мындан башка кененирээк маалымат берген жок.

Чек ара кызматын жоопко тартуу талабы

Орхан Инандынын Кыргызстандагы адвокаттары Аскер прокуратурасына кайрылып, Чек ара кызматына карата чара көрүүнү суранган. Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Инандынын Кыргызстандан алынып кетиши иликтенип, ага тиешеси бар кызматкерлерге укуктук баа берилиши керек деп эсептейт.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

“Тамчыдагы аэропорттон же башка чек арадан чыгып кеттиби, баары бир чек арадан мыйзамсыз өтүп жатат. Демек, Чек ара кызматы күнөөлүү. Ким, кантип өткөргөн? Ошондуктан, Чек ара кызматына иш козгогула деп арыз жаздык. Кантип тирүү адам чек арадан өтүп кетет? Эгерде мыйзамдуу өтсө эмненин негизинде өткөнүн түшүндүрүп берсин”.

Инанды чек арадан кантип өткөн?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы азырынча кылмыш иши жөнүндө комментарий берген жок. 7-июлда Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Инанды жоголгондон бери бардык учактар текшерилген деп билдирген.

“Бизде жүк катары же башкача алып кеттиби маалымат жок. Бирок, 1-июндан баштап учуп келген учактарды жана жарандарды дыкат текшерүү жөнүндө тапшырма коюлган. Орхан Инандыга байланыштуу түшкөн маалыматтарды текшерип жаттык”, - деди Шаршеев.


1-июнда Бишкектен жоголуп, бир айдан кийин дайыны Түркиядан чыккан Орхан Инанды Кыргызстандан кандай жол менен чыгып кеткени азыркыга чейин белгисиз. Инанды Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмазга аны үч кыргызстандык күч менен кармап, көзүн таңып, алып чыгууга жардам бергенин айтып берген. Йылмаз азырынча Түркияда дагы аны кармалып келгени боюнча жаңы жагдайлар жок экенин билдирди.

“Мен акыркы жолу Орхан Инанды менен эки апта мурун көрүштүм. Анкарадан 500 чакырым алыста жашаганым үчүн аны менен башка адвокаттар жума сайын жолугуп жатат. Абалы жакшы. Алгачкы соттук жараян 16-сентябрда башталат деп айтылды. Учурдагы Анкарадагы абакта кармалууда”, - деди адвокат.

Саясатчы Адил Турдукулов Башкы прокуратуранын чекарачыларга карата кылмыш ишин ачканын кубаттайт. Бирок, иш аягына чыгып, Инанды кандай шартта Түркияга алынып кеткени аныкталарына ишенбейт.

“Бийликтин сестенип раекция кылганы жакшы жышаан. Кыргызстанда дагы деле жарандык коомдун ролу жогору экенин айгинелейт. Бирок, бул иш аягына чыгаары бүдөмүк. Анткени анын аягына чыгышы Анкарага жакпайт. Ал эми буга азыркы бийлик кызыкдар эмес”, - деди Турдукулов.

Фарид Ниязов абактан үн катты

Ал ортодо президенттин аппараттын мурдагы башчысы, камактагы Фарид Ниязов 18-августта Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине күч кызматтарын айыптаган билдирүү таратты. Ал мугалимге жарандык берүүдө эч кандай мыйзам бузуу болбогону айтылат.

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

"Президенттин алдындагы жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси катары мага каршы козголгон кылмыш иши УКМК жана Ички иштер министрлигинин жоопкерчиликтен качуу аракети. Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көнүлүн башкага буруу аракети болуп жатат", - деп жазылган.

Ниязов УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевди сындап, Орхан Инандыны Түркияга кыргызстандык күч кызматкерлери жеткирип бериши ыктымал деген божомолдорго кошуларын билдирди.

Ушул эле күнү атайын кызмат Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө "ал өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркаган адам катары көрсөткүсү келип жатат" деген таризде жооп кайтарды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Ниязовдун азыркыдай абалга туш болушунун себеби анын мурдагы бир катар мыйзамсыз иштерине байланыштуу экени жазылган.

12-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго 2016-жылы түркиялык 10 атуулга анын ичинен Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деген негиз менен кылмыш иши козголгон.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Ниязовдун билдирүүсүн шектүүнүн мыйзам ченемдүү коргонуусу деп баалайт. Ал Орхан Инандынын айланасындагы иштерде тергөөнүн мазмуну ачыкталмайынча бийликти бир беткей күнөөлөө эрте деген көз карашта.

“Ниязов күнөөлөнүп жаткан адам катары коргонуп жатат. Аны деле түшүнсө болот. Сотко чейин ар бир адам күнөөлүү эмесмин деп коргонот. Бирок, бул иште тергөө гана аныктайт. Соттон кийин пикир айтканыбыз туура болот”, - деди Акматалиев.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын айтып, Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартышы мыйзамдуу экенин жарыя кылган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инанды Түркияда "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыпталып жатат. Өлкөнүн прокуратурасы аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылды. Алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG