Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кыргыз адабиятына лиризмди алып келген Асанбек Стамов


Эл жазуучусу Асанбек Стамов.
Эл жазуучусу Асанбек Стамов.

1960-жылдардагы кыргыз калемгерлеринин мууну адабиятка бир топ даярдык менен келип, арбындарынын филологиялык билими мыкты болгону айтылат. Алар жанрдык жактан, жаңыча форма издөө жактан кыргыз прозасын байытууга алгылыктуу аракет кылышкан. Алардын катарында Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Асанбек Стамов да бар эле.

Адабияттын күр-шар деми менен жазуучунун алгачкы китеби 1966-жылы "Таанышуу" деген ат менен "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн.

Чыйрак муундун өкүлү

Жаштайынан калемгерликке шыктуу талант Асанбек Стамов 1938-жылы 29-августта Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында туулуп-өскөн. 1962-жылы тил жана адабият ышкыбоздорунун уясына айланган Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Калемгердин чыгармачылык жолу 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повести жарыяланганда башталган.

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.

"Элине мурас калтырды"


Асанбек Стамовдун филология факультетиндеги чогуу окуган группалашы, эл акыны Нурпаис Жаркынбаев курдашын мындайча эскерди:

Нурпаис Жаркынбаев.
Нурпаис Жаркынбаев.

“Биз экинчи курста окуп жатканда Асакемдин “Ата” деген чакан повести “Ала-Тоо” журналына басылып чыкты. Биз ал кезде майда-чүйдө ырларды жазып жүргөнбүз. Асанбек бул повести менен ошондо эле атагы чыкты. Окуу жай дүңгүрөп эле калды. Мына ошондон баштап Асанбек менен бир көчөдө, бир короодо туруп калдык. Сибирдин чүчварасын жедик, киного чогуу бардык. Анан мен “Ленинчил жашта” иштеп калдым, ал "Кыргызстан" мамлекеттик басмасында иштеди. Директор болуп турганда мага чыгармачылык жактан көп эле жардам көрсөттү. Егор Исаев деген Ленин сыйлыгынын лауреатынын “Судь памяти” (“Акыл-эс соту”) деген поэмасын кыргызчага котордум эле, аны китеп кылып чыгарып берди. Менин 50 жылдыгымда, анын 50 жылдыгында да чогуу жүрдүк. Калемдеш эле эмес, табакташ да болуп өстүк. Асанбек өзүнө талаптуу катуу койгон инсан эле, мамлекеттик иштерде иштесе да өз чыгармачылыгын таштабады. Жаш кетти, бирок элине мурас калтырды”.

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.

Асанбек Стамовдун адабияттагы көтөргөн темалары тууралуу филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Сайра Исаева буларга токтолду.

“Стамов алгачкы чыгармачылыгында адамдардын жан дүйнөсүндө жүрүп жаткан рухий, психологиялык процесстерди ар тараптан ачып берүүгө аракет жасады. Анын бул өзгөчөлүгү кийин жазылган “Кеч күздө”, “Чүй баяны” повестинде да байкалат. Анткени психологиялык драматизм бар. Калемгер үй-бүлөлүк мамилелерди, адам жан дүйнөсүнүн татаалдыгын терең ачып берген. Бул 1960-жылдардагы прозага мүнөздүү ыкма эле да. Анын чыгармалары мына ушунусу менен кызык. Анткени адам мүнөзүнө, турмушуна байланышкан тема бардык учурда актуалдуу. Айтматовдун повесттеринен кийин романдашуу башталды деп айтабыз го, Стамовдун повесттери да өзүнө романдык мазмунду батырып турат”.

20 жыл жазылган "Хан Тейиш"

1990-жылдардын башында калемгердин атагын “Жортуул” романы дагы да бийиктеткен. Ал “Каргабай каракчы”, “Сарытай мырза”, “Жусуп Адилет”, “Үч мээрим” баштаган тарыхый повесттерден турган роман. Бул эмгек учурунда адабият сүйүүчүлөрү көп окуган китептердин бири эле.

Ал эми өмүрүн акыркы жылдарында жазган “Хан Тейиш” романына Стамов 20 жылдан ашык өмүрүн сарптаганы айтылат.

Жазуучу бул тууралуу өзү да көзү тирүүсүндө нечен жылдар санжыраны казып, тарыхый документтердин негизинде жазганын, бул эмгеги менен улуттук көз караштын бийиктигин көрсөткүсү келгенин айтканы бар.

2010-жылы 5-мартта “Хан Тейиш” тарыхый романынын басмаканадан чыгарылышына байланыштуу бет ачары да өткөн. Аталган романда кыргыз тарыхы ХVI кылымдан бери карай изилдөөгө алынат.

Адабиятчылардын айтымында, бул романда абдан масштабдуу, ошол жоокерчилик доордогу кыргын-сүргүндөрдүн чындыгы эле эмес, жеке адамдын кайгы-кубанычы, махабаты да ала чагылдырылган.

Асанбек Стамовду эскерүү иш-чарасына келген Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров калемдешин кыргыз прозасына зор салым кошкон жазуучу катары тарыхта калганын белгиледи:

Мелис Абакиров.
Мелис Абакиров.

"Айрыкча Ата Мекендин тарыхын санжыра менен бирге илимий жактан терең изилдеп, илим менен айкалыштырууда “Хан Тейиш” жаңы эпопеясы - Орто Азия боюнча кайталангыс романдын бири. Анткени мында көптөгөн тарыхый образдар жатат. Негизи эле көркөм сөздү жазууда Асанбек Стамов өтө чоң чебер. Өзгөчө каада-салтты сүрөттөөдө, кыргыздын нукура жашоосун көрсөтүүдө айырмаланган чоң таланттын бири. Асакем чынында эле улуттук кызыкчылык үчүн, кыргыз тили, адабияты, маданияты үчүн баш-отун сайып коюп иштеген кыргыздын накта атуулдарынын бири болчу".

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.

"Лиризмди алып келди"

Ал эми филология илимдеринин доктору, белгилүү адабиятчы Садык Алахан жазуучуну повесть жанрынын чебери катары сыпаттайт:

Садык Алахан.
Садык Алахан.

“Бул кишинин романдарын бийик баалай албайм, бирок ал повесть жанрынын чыныгы чебери болду. “Ата”, “Жаңы тууган”, “Чүй баяны”, “Нөшөрдөн кийин” өңдүү повесттери кыргыз повесть жанрын жаңы бийиктикке чыгарды. Экинчиден, кыргыз прозасына повесттери аркылуу сонун лиризмди алып келди. Муну “Нөшөрдөн кийин”, “Чүй баяны” повесттеринен баамдайбыз. Дыйканбек аттуу каарманын чыгармадан-чыгармага алып жүрдү. Хемингуэй сыяктуу үлгү дал ушул Асанбек Стамовдо бар эле. Дагы бир мыктылыгы, 80-жылдардын соңунда Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору болуп турганда кыргыз адабиятын пропагандалоо жаатында башын сайып кызмат кылды. Кыргыз жазуучуларын жер-жерлерге жиберип, адабиятты даңктатты”.

Айрым адабиятчылардын пикиринде Асанбек Стамовдун чыгармачылыгында роман, повесттеринен сырткары публицистикалары да орчундуу орунду ээлеп турат.

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган көргөзмө.

"Москванын бийлигине каяша айтып..."

Асанбек Стамовдун курдаштарынын айтымында, ал жаштайынан хандан-бектен тартынбаган тайманбастыгы, бирөөнүн кемчилигин көзүнө айткан бетке чабарлыгы, ичинде кири жок айкөлдүгү, көкжал мүнөзү менен айырмаланып турчу экен. Бекеринен аны жакындан таанып-билгендер “брондолгон танк” деп, кандай чечилбеген маселе болсо дагы аны алдыга салып жөнөшчү тура.

Эл ичинде белгилүү жазуучунун 80-жылдардын орто ченинде Москванын бийлигинин жаалы катуу кезинде, борбордон Кыргызстанга КГБнын башчысы Рябоконь, Борбордук комитеттин экинчи катчысы Киселев дайындалып, атайын “десант” түшүрүлгөнүн, алар жергиликтүү тың чыкма кадрларды кысып, жок кыла турган болгондо Асанбек Стамов аларга дароо эле каяша айтып, каршы чыккандардын бири болгону айтылып келет.

Ошондой эле жазуучу улуттун тарыхына, каада-салтына, тилине, эртеңине кайрылып, эл үчүн тике турган жазуучу катары сыпатталып жүрөт. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Асанбек Стамовдун 85 жылдыгына арналган бул эскерүү кечесинде да ушул алкоолор айтылды.

Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун “Чүй баяны” (1978), “Үч мээрим” (1990) 300 миң тираж менен чыгып, “Жортуул” (1992) сыяктуу повесть, романдары окурмандар тарабынан көп окулуп, башка тилдерге да которулган.

72 жылдык өмүр жолунда “Кыргызстан” мамлекеттик басмасынын директору, Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун жетекчиси, Кыргыз ССРинин маданият министринин орунбасары, Кыргызстан борбордук комитетинин адабиятты жайылтуу бюросунун директору кызматтарында иштеген.

Белгилүү калемгер 2010-жылы 7-августта Бишкекте дүйнө салып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Жазуучунун көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү анын бардык чыгармалары камтылган 12 томдугун чыгарган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG