Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Адабият боюнча Нобел сыйлыгын норвегиялык жазуучу Юн Фоссе алды


Норвегиялык жазуучу, акын Юн Фоссе адабият боюнча Нобел сыйлыгын алды. Ал "айтып берилгис нерселерди чагылдырган инновациялык пьесалары жана прозалык чыгармалары үчүн" сыйлыкка татыганын Нобел комитети билдирди.

64 жаштагы Юн Фоссе драматург, акын жана прозаик катары белгилүү. Анын чыгармаларына сахналаштырылган спектаклдер дүйнөнүн көптөгөн театрларында коюлган. “Жайдын бир күнү”, “Периште сахнада жүргөндө” аттуу пьесалары таанымал. Алгачкы "Кызыл, кара" деген романы 1983-жылы жарык көргөн.

Фоссе - Скандинавия өлкөлөрүндөгү көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси.

Нобелдин 2023-жылдагы лауреаттарын аныктоо 4-октябрда башталды. Буга чейин химия, физика жана медицина тармагында сыйлык ээлери жарыяланды. Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 6-октябрда белгилүү болот.

Лауреаттар тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.

Нобел - дүйнөлүк илимдеги алдыңкы изилдөөлөр, ойлоп табуулар, маданиятка же коомдук өнүгүүгө кошкон ири салым үчүн жыл сайын берилүүчү эң абройлуу эл аралык сыйлык. Нобел фонду 1900-жылы негизделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG