Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды


Режиссёр Актан Арым Кубат жана Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус.
Режиссёр Актан Арым Кубат жана Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус.

26-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды.

Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырып, өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен тааныштыгы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кинотеатрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын белгиледи. Режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачылыгына берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Бишкектеги Novotel мейманканасында тапшырылып, маданий саамалыкка көрүнүктүү кино ишмерлери, маданият өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Франциядагы бул абройлуу сыйлык 1957-жылы негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык Кыргызстандын маданият өкүлдөрүнөн эл артисттери Муратбек Бегалиев жана Айтурган Темировага ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон. Ошондой эле режиссёрдун бир топ тасмалары эл аралык бир нече жогорку сыйлыктарга татыган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG