Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө ачылды


Жазуучу Чыңгыз Айтматов.
Жазуучу Чыңгыз Айтматов.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маданий саамалык 26-октябрда саат 14:00дө башталды.

Жазуучуга арналган көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчиси - Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жасалган, инсандык масштабын ачып берген эмгектер, экинчиси - жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси бар, мааракелик датасына арналган, Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин жалпы өнүгүүсүн чагылдырган чыгармалар.

Көргөзмө 12-ноябрга чейин уланат.

Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары эң көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайрадан басылып келет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG