Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

"Сот лицензиям жоктугун далилдесин". Кемпир-Абад ишиндеги талаш


Коллаж. Адвокат Акин Токталиев жана Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар тобу
Коллаж. Адвокат Акин Токталиев жана Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар тобу

Кемпир-Абад иши боюнча сотто адвокаттардын нааразылыгы көп айтыла баштады. Алардын бири Акин Токталиев лицензиясынан күмөн санаганы үчүн ишти караган судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына даттанды. Буга чейин сот отуруму айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаты жок өтүп, чыр чыккан.

Кемпир-Абад ишинде айыпталып жаткан саясатчы Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Акин Токталиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун үстүнөн Тартип комиссиясына арызданды. Буга 21-февралдагы отурумда судья Токталиевдин адвокаттык лицензиясына байланыштуу күмөн санаганы себеп болгон:

“Сот оозуна келгенди сүйлөй береби? Менин лицензиям жок экенин, шылуун экенимди далилдеп берсин дедим. Менин аброюма шек келтиргени үчүн сотко, президентке, Жогорку Кеңешке кайрылып жатам”.

Токталиев өз маалында Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылардын укугун коргогонун эске салып, судья Сыдыковдун соңку аракетин бул ишти кароодон "кутулуунун амалы" катары баалады.

Буга чейин Кадыровдун сот залында сүйлөгөн кайрылуусу интернетке тарап, анда судья анын адвокаты Токталиевдин “лицензиясы жок” деп айтканын белгилеп, андай маалыматты четке каккан.

Кыргызстандагы адвокаттардын тизмеси Юстиция министрлигине караштуу Адвокаттар реестрине катталып турат. Бул порталдан издегенде Токталиевдин ысымы чыгып жатат. Анда анын адвокаттык лицензиясы 2001-жылы 6-ноябрда алганы белгиленген. Министрликтин басма сөз кызматы тизме акыркы жолу 23-февралда жаңыланганын билдирди.

Мындан тышкары судья Сыдыков 14-февралда айыпталуучу Гульнара Журабаеванын адвокаты келбей калганына карабай отурумду өткөргөнү белгилүү болду.

“Кийинки отурумда прокурорлор да бул туура эмес болуп калыптыр деп, судья да муну моюнга алды. Ошон үчүн өткөн аптадагы отурум бир адвокат келбей калганы үчүн дагы жылдырылды. Анткени процессти адвокаттын катышуусуз өткөрүүгө болбойт”, - деди Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар соттук процесстин жүрүшүнө буга чейин да нааразы болуп, отурумдарды ачык жана журналисттердин катышуусунда өткөрүүнү талап кылган. Процессуалдык жол-жоболор бузулуп жатканын жүйө кылып, бир нече адвокат биригип өткөн отурумда судьяны алмаштыруу өтүнүчүн да келтирген.

Биринчи май райондук соту бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө былтыр 15-июндан бери 23 отурум болгонун, анын 12си адвокаттар жок болгону үчүн, жети жолу айыпталуучулар келбегени үчүн жылдырылганын билдирди. Анда коргонуучу тараптан сот отурумдарын үзгүлтүккө учуратуу жана кылмыш ишин кароо процессин атайын создуктуруу аракети болуп жатканы жазылган.

Түшүндүрмөдө Токталиевдин райондук соттун судьясына койгон дооматы тууралуу жазылган эмес.

Ушул иш боюнча айыпталып жаткандардын бири укук коргоочу Рита Карасартова буларды айтты:

“Сегиз айдан бери биздин ишибиздин жакшы башталбай жатканынын себеби, булар өз билгенин кылгысы келип жатат. Биз андан коркпойбуз. Ал жерде өзү мурда сот, адвокат, укук коргоочу болуп жүргөндөр отурат. Алар мыкты адвокаттарды алып, бул процесстин мыйзам чегинде жана ачык өтүшүн талап кылып жатат”.

Бул арада Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, коомчулукта талкуу жараткан журналисттерди кармалышы, Кемпир-Абад иши боюнча үн катты:

“Эмне үчүн камалып калды, алардын күнөөсү жок деп айтылып жатат. Бирок жакында иш негизинен карала баштаган учурда ишке юридикалык баа берилип, жазасы чектелет. Күнөөсү жок болсо, акталып да кетиши мүмкүн”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптаса, камалгандар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG