Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Журналист менен төкмөнүн кармалышы нааразылык жаратты


Болот Темиров жана Болот Назаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг.
Болот Темиров жана Болот Назаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг.

22-январда Ички иштер министрлиги кармаган иликтөөчү журналист Болот Темиров жекшембиде эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен, ал эми төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыгарылды. Журналист менен төкмө акын бир күн мурун маңзатка байланыштуу шектенүү менен кармалган. Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын "сөз эркиндигине басым жана куугунтук" деп баалап митингге чыгышты.

Иликтөөчү журналист менен төкмө акынды бошотууну талап кылгандар алардын кармалышына Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана туугандарынын аты аталган иликтөө себеп болушу мүмкүн экенин айтышты. Атайын кызматтын төрагасы иликтөөнү "жалган жалаа" деп атап, журналист менен акын бул иликтөөгө эмес, баңгизаты боюнча түшкөн арызга байланыштуу кармалды деп түшүндүрдү.

Темировдун кармалышы

Тил каттын негизинде камактан чыккан иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн кармалышы тууралуу мындай деди.

Болот Темиров
Болот Темиров

"Кармалышым боюнча эки версия бар. Биринчиси -Камчыбек Ташиев. Экинчиси - Камчыбек Ташиевге каршы атайын жасалган. Анткени, иликтөө чыккандан кийин мындай иштин болушу абдан акылсыздык. Мындан тышкары ишти атайын кызмат эмес, Ички иштер министрлиги ачып жатат. Кеңседе маңзат болгон эмес. Ит менен издеп эч нерсе табышкан жок", - деди Темиров.

Болот Темировду күч кызматкерлери 23-январга караган түнү кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, кармап кетишкен. Аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаров ошол эле күнү шаардын башка жеринен кармалган.

Temirov LIVE каналынын кызматкерлери, журналисттер кеңседе бардык комьютерлер милиция тарабынан алынганын кабарлашкан. Журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирген.

23-январда Ички иштер министрлигинин алдына жүздөн ашуун журналист, жарандык коом өкүлдөрү жана акындар митингге чыгып, журналист жана төкмө акынга карата укук коргоо органдарынын аракетин сындап, бошотууну талап кылып турушту.

Али Токтакунов
Али Токтакунов

"Бардык журналисттерге жана өз пикири бар жарандарга белгилүү журналист "Болот Темировду ушинтип кармап кеттик, калганыңарды жөн эле тырпыратып баса калабыз" деген белги", - деди иликтөөчү журналист Али Токтакунов.

Алар журналисттин камалышын анын жакынкы күндөрдө жарыялаган иликтөөсү менен байланыштырып жатышат. Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган эле.

Митингге келген акын Олжобай Шакир журналисттин коркунучтуу кылмышкердей кармалышын сындады.

"Кечээ журналистти кантип кармап кеткенин көрдүңөр, эки колун кайрып террористтей кармап кетти. Ал эми Матраимовду кантип кармаганын унута элекпиз. Атайын сценарий менен сылык-сыпаа кармаган".

Ташиевдин чукул маалымат жыйыны

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бул окуяга байланыштуу 23-январда журналисттерди маалымат жыйынга чогултту. Ал журналист менен төкмө акын баңгизаты боюнча түшкөн арыздын негизинде кармалганын, кеңседеги жабдуулар дагы ушул себептен алынып текшерилип жатканын айтты.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Бир-эки адам Болот Темировдун кеңсесинен ар дайым баңги зат таратылып жатат деп арыз жазат. Болот Назаров кеңсесинен алып чыгат деп айтат. Арыз жазылгандан кийин Ички иштер министрлиги карабай койгонго укугу жок, алар караш керек".

УКМК төрагасы Temirov LIVE YouTube-каналы жарыялаган иликтөөнү "жалган жалаа" деп атады. Ал “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасынын ишин чечмелеп берүүгө аракет жасап, журналисттерди иликтөөдө аталган компаниялардын иши менен жакындан тааныштырууга шарт түзүп берүүгө даярдыгын кошумчалады.

Ал эми иликтөөнүн ичинде сөз болгон жээни, “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген Байгазы Матисаев тууралуу буларга токтолду.

"Ал "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын директору. Ал 2020 жылы декабрда дайындалган. Ал менин жээним. Эжемдин уулу. Атасы мектепте жургондо каза болгон. Орусияда окуган. Ичпейт, чекпейт, намаз окуйт, кайрымдуулук кылат. Ал саясатчы эмес, өндүрүшчү. Жалал-Абадда баары билет. Ал компанияны кирешесин көтөрдү. Эмнеси жаман? Компаниянын кирешеси азайса кызматтан алабыз. Мен уялбайм. Ушундай мамлекетке пайда келтирген адамгерчиликтүү адамдар бар", - деди Ташиев.

Төкмөлөрдүн нааразылыгы

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингге журналисттерден сырткары чыгармачыл адамдар, манасчылар, айрым жазуучулар, төкмө акындар чыгышты. Алардын бири - төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

Азамат Болгонбаев
Азамат Болгонбаев

"Байыркы Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн дарга асылган, кийинки Токтогул акыйкатты ырдаган үчүн Сибирге сүргүнгө айдалган. Бүгүнкү Болот Назаровдун кармалышы дагы акындык чыгармачылыгына байланыштуу деп эсептейм. Көп жылдардан бери акындар, анын ичинде Назаров дагы коомдук, жарандык, акындык пикирин калыс, акыйкат айтып келген. Токтогулдарды дарга асып, сүргүнгө айдагандардын азыр дайыны жок, аларды тааныбайбыз. Бирок Токтогул түбөлүк сакталып калды. Акаев доорунда, Бакиев мезгилинде, Атамбаев учурунда дагы акындар тарабынан ачуу сындар айтылган. Бирок акындарды, ошонун чыгармачылыгына шылтоо кылып, акыйкат сөзүн токтотуш, коркутуш үчүн башка шылтоолорду негиз кылып камап жатканы 30 жылда биринчи болуп жатат. Акынды камаган бийликтин келечеги жок болот, акындын эркиндигин чектеген бийлик эртеңки күнү болбой калышы мумкүн. Болот Назаровду бошотуп, ишти тергей берсин", - деди Болгонбаев.

Дагы бир төкмө акын Акмат Султан уулу мамлекет төкмө акындарга көңүл бурбаганына токтолду.

"Болоттун камалганы жүрөгүбүзгө катуу тийди. Акындарга мамлекет кам көрүүнүн ордуна камап жатканы өкүндүрөт. Болот Назаровду жети жылдан бери билем. Ал абдан ак жүрөк жигит. Шаарда үйү жок батирлеп, жашоодо кыйналып жүрөт. Ошого кам көргөндүн ордуна камап койгон, кыргыз элин камап койгон менен барабар".

Төкмө акындар журналист Болот Темиров бошотулгандан кийин төкмө акын Болот Назаров кармалып турган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барып, эки саатка жакын ырдап туруп алышты. Андан кийин Болот Назаров укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда чыкты. Милициянын өкүлдөрү ал алгач сотко жеткирилип, андан кийин үй камагына бошотулду.

Президенттин жана жарандык коом пикири

Дем алыш күнү элди көчөгө чыгарган окуя тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына комментарий жазды. Анда мамлекет башчы Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турарын айтты.

"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалганына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар".

Журналист менен акындын камалышына байланыштуу Ош шаарында дагы нааразылык акциясы өттү. Жергиликтүү укук коргоочу Асылбек Кунгуров Темировдун кармалышы коомчулукта күмөн ойго жем таштаганын, укук коргоо органдарынын оболу журналисттин иликтөөсүнө реакция кылбай, кайра өзүнө чабуул коюшу кооптонууну жаратарын белгиледи.

“Коомдо күмөн пайда болуп калды, эмне үчүн иликтөө чыккан соң ошого тиешелүү адамдар реакция берген жок? Эмне үчүн Темировду кармап, ызы-чуу болгондон кийин басма сөз жыйын берип актанып жатышат? Бийлик журналисттер болобу, жарандар болобу шектенүүнү коюп жатканда эл ишене тургандай далилдер жана жагдайлар менен бекемдеш керек”, - деди Кунгуров.

Соңкы кырдаалдан улам Кыргызстандагы медиа жана жарандык коомдун өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүшүнө байланыштуу ачык кайрылуу жолдошту. Анда "мурдагы жана азыркы бийлик төбөлдөрүнүн, саясатчылардын коррупциялык фактыларын иликтеген журналист кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү же террористтей кармалганы" сынга алынган. Бул аракеттер мыйзамдарга карама-каршы келе турганы айтылган.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай жүрүм-туруму Жазык-процессуалдык мыйзамдарда белгиленген ченемдерди бузуп, "күч органдары алдыдагы тергөөгө таасир эте турган аракеттерди жасай беришет тура" деген ойду жаратат. Укук коргоо органдарынын иш-аракеттери Болот Темировдун жана анын кесиптештеринин кесиптик ишмердигине байланыштуу, алар коомдо чоң резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, жогорку кызматтагы, анын ичинде укук коргоо органдарынын, ошондой эле мындай чиновниктерге тиешеси бар адамдардын коррупциялык жана кызматына кыянаттык кылуу фактыларын ашкерелеп келген", - деп жазылат кайрылууда.

Журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров бир жылга жакын убакыттан бери кызматташып келет.

Төкмө акын Болот Назаров "Айт айт десе" аттуу YouTube-каналы аркылуу социалдык-саясий маселелерди, көбүнесе журналист Болот Темировдун иликтөөлөрүн ырга салып баяндайт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG