Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Журналист Болот Темиров бошотулду


Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти

Иликтөөчү журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты. Тарапташтары ага чейин ИИМдин алдында акцияга чыгышып, аны жана төкмө акын Болот Назаровду бошотууну талап кылышкан.

22-январдын түнүндө иликтөөчү журналист Болот Темировду беткап кийген күч кызматкерлери колун толгоп алып кетишкен. Анын алдында милиция кызматкерлери Темировдун Бишкектеги кеңсесинен компьютерлерди алып кеткен. Адвокат Нурбек Токтакуновдун сөзүнө караганда, Темировдун үстүнөн бирөөнөн милицияга арыз түшкөн. Журналисттердин айтымында, беткапчандар имаратка күч менен кирип келип, кеңседегилердин баарын жерге жаткырып, Темировдун "чөнтөгүнөн билгисиз бирдеме таап чыгышкан".

Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Болот Темиров кеңсесинен милиция алып кетерден мурун «эң негизгиси иликтөөнү чыгарып үлгүргөнүн» айтты. Бул видеону адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жарыялады:

"Эң негизиси биз Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарып үлгүрдүк. Анткени алар иликтөөнүн качан чыгарын аябай билгилери келген. Коркутуулар болду. Биздин баракчаларды талкалап кирип, маалыматтарды алууга аракет жасашты. Биздин жабдыктарды (компьютерлерди) алып кетүү менен алар иликтөөнү кантип жасаганыбызды аныктай алабыз деп ойлоп жатышат окшойт. Ал эми бүгүнкү кырдаал тууралуу айта кетсем, мени тинтип жатышканда белгисиз зат табышты. Алар кирип келип, мени жерге жаткырып, үстүмө эки кызматкер отуруп алды. Албетте, бул учурда арткы чөнтөктөрүм алардын көзөмөлүндө болчу. Тинтүү маалында ошол арткы чөнтөгүмөн ичинде жашыл түшүнүксүз заты бар баштыкча чыкты. Ал, албетте, меники эмес", - деди Темиров.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кеңсеге 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.

"Сөз эркиндигине болгон басым"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук баракчасына "Болот Темировдун кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсүндөй болуп орой кармалышы башка иликтөөчү журналисттерди чочутарын" жазды. Иликтөөчү журналистке жасалган бүгүнкү окуя тыкыр иликтениши керектигин билдирди.

Иликтөөчү журналист жана "МедиХабдын" негиздөөчүсү Али Токтакунов окуя болгон жерге барып, укук коргоо органдарынын аракеттерин коррупциянын бетин ачкан журналисттерге басым, сөз эркиндигин жок кылуу аракети катары сыпаттады.

"Мен Болот менен өзүм дагы чогуу иштешкем. Ал чынчыл, түз жүргөн жигит экенин, иликтөөнүн артынан жеке өзү, үй-бүлөсү кандай жабыр тартканын мен жакшы билем. Болот биз азыр угуп жаткан айыптоолорду кылмак эмес. Акыркы күндөрү УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөө чыгарып, ал резонанс жараткан болчу. Болот ага чейин дагы курч иликтөөлөрү менен белгилүү болгон. Уурунун бетин ачкан журналисттерди коргоп, алып чыккан фактылардын аягына чыгаргандын ордуна журналисттин өзүнө кол салып жатышканы туура эмес. Сөз эркиндигин басынтуу, муунтуу эмес, бул сөз эркиндигин талкалап жок кылуу аракети", - деди журналист.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттин кеңсесин тинтүүнү анын профессионалдык ишмердиги менен байланыштырды. Эл өкүлү Башкы прокуратура иликтөө боюнча тезинен өзүнүн пикирин билдирип, журналисттердин укуктары корголушу керектигин жазды.

Кесиби юрист журналист Семетей Аманбеков окуя боюнча мындай комментерий берди:

"Мындайда арыз түшпөйт. Ушул адамда баңгизат бар деп бирөө маалымат берет. Юрист катары айтсам, "баңгизатты сактап же бирөөгө саткан деген" абдан оор берене. Андай болбосо ар бирибизди кармап, баңгизат салып коюп сотко тартса болот. Биринчиден, Наркологиялык диспансерде каттоодо туруш керек, мурда ыкчам иштерге түшүп же берене менен сот жообуна тартылышы керек болчу. Ошондо ал кишини “сактайт, сатат же чегет” деп айтса болот. Жөн эле минтип айтуу жана аны далилдөө абдан оор. Булар прокуратурадан, соттордон кантип өтөт билбейм. Соттордун көз карандысыздыгына таянып ушундай кылып жатабы деген ой келип жатат", - деди ал.

"Политклиника" басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова Темиров LIVE каналынын кеңсесин тинтүүнү журналисттин ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

"Болотту жакшы тааныйм. Ал эң мыкты иликтөөчү журналист. Наркотикалык затты колдонгонуна эмес, мен анын кымындай дагы мыйзамсыз иш кылганына ишенбейм. Мунун баары булардын журналисттик иликтөөдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейм. Мыйзамды жактаган адам өзү мыйзамсыз иштерге барбайт",- деди ал.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова "Коомчулуктун көңүлүнүн борборунда турган Болот Темировго ушундай мамиле болсо, карапайым эл кайда барат?" деп суроо салды.

Окуя болгон жерге укук коргоочу Динара Ошурахунова дагы келди. Ал органдар журналисттик иликтөөнүн материалдарын алганы гана келген деп божомолдойт.

"Интернетке жарыяланган иликтөө материалдар аларды жок кылган учурда дагы сакталып кала берет. Алар эми мындан да көп көрүлө баштайт, мындан да көп элдин көңүлүн бурат"- деди Ошурахунова.

Акыркы иликтөө

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген. Жакында аталган канал "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналист жана аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темиров OCCRP иликтөөчү журналисттери "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди табууга жардам беришкенин билдирген. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

Кийин "Регион ойл" компаниясынын жетекчиси Назгүл Айдарова ишкананын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин четке каккан. "Вечерний Бишкек" басылмасына берген маегинде ал Темиров LIVE каналынын иликтөөсүндө айтылган фактылардын баары "чындыкка дал келбей турганын" айткан.

Ташиев иликтөөдө айтылгандарды четке какты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Атайын кызматтын жетекчиси "өзү жана жакындары эч качан элдин акчасын уурдабаганын" белгилеп, Temirov LIVE каналында чыккан иликтөөдөгү Байгазы Матисаков тууралуу мындай деди:

"Ал эми КПКнын ("Кыргыз Петролеум Компани") 2021-жылдын башынан бери жетекчиcи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот. Атасы жаш кезинде көз жумган, өз күчү менен Орусиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экенин элдин баары жакшы билет".

41 жаштагы Болот Темиров курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган. Ал маалыматты ар кыл булактардан салыштырып, факт жүзүндө тастыктап, иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырган. Кийинчерээк аны урган эки адамды милиция кармаган.

2020-жылы Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG