Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Жапонияда катуу зилзаладан кийин учак өрттөндү


Жапониянын батышында 1-январда күчү 7,6 баллга жеткен зилзалада 50дөй киши каза болуп, имараттар урап калганы расмий кабарланды.

Жапон бийлиги зилзала катталган аймактарга миңдеген куткаруучу жана аскерлер тартылганын, бирок инфраструктура кыйрагандыктан алар өтө албай жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин кабарлады.

"Үйүбүздү кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес"

Исикава префектурасындагы Анамизу шаарынын тургуну Мики Кобаяши шейшембиде таң эрте зилзаладан жарым-жартылай урап калган үйүнүн тегерегин тазалоодо. Ал үйү толук калыбына келиши күмөн экенин Associated Press агенттигине айтты.

"Күйөөм экөөбүз үйдө болчубуз. Капысынан жер титирей баштады. Биз отура туралы дедик эле, бирок чындап эле катуу титиреди. Үйдөгү буюмдардын баары кулады. Ошондо жөн гана жашынып, зилзаланын бүтүшүн күттүк. Үйүбүздү жаңы гана салган элек. Эми аны кайра калыбына келтире албайбыз деп ойлойм", - дейт кырсык болгон аймакта жашаган Мики.

Исикава префектурасынын Сузу шаары. 2-январь, 2024-жыл.
Исикава префектурасынын Сузу шаары. 2-январь, 2024-жыл.


Аймактагы куткаруу иштерине миңдеген аскер, өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкерлери жөнөтүлдү. Бирок инфратүзүмдөр жана жолдордун бузулушу алардын жардамга муктаж аймактарга жетишине тоскоолдук жаратууда.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида билдиргендей, келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө азырынча мүмкүн болбой жатат.

"Биз кечээтен бери маалымат чогултуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз, бирок жолдордун жабылышы Ното жарым аралынын түндүк бөлүгүнө жетүүгө тоскоол болуп жатат", - дейт өкмөт башчы Кисида.

Фумио Кисида.
Фумио Кисида.


Ал эми жапон өкмөтү апта ичинде жер дагы титиреп, күчү 7 баллга жетиши ыктымал экенин эскертип, кооптуу аймактарда жашаган элди этият болууга чакырды.

2-январда Жапониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси куткаруучулар уранды алдында калган дагы 120 адамга жетүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

"Апта ичинде 7 баллдык жер титирөө болушу ыктымал. Кечээки кырсыктан жабыркагандар, жергиликтүү бийлик аркылуу эвакуация бекеттери тууралуу маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүңүздөр. Азыркы тапта 120 адам куткаруучунун жардамын күтүп жатат", - дейт Хаяси.

Ошондой эле аймакта жайгашкан бир нече атомдук электр станциясы кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды.

Зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок

Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Жапониядагы элчилигине шилтеме кылып кабарлады.

Исикава префектурасы. 1-январь, 2024-жыл.
Исикава префектурасы. 1-январь, 2024-жыл.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланган.

Учурда ТИМ жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып турарын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылууга чакырды.

Жүргүнчү ташыган учак өрттөндү

"Катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери жүрүп, жер дагы катуу силкиниши ыктымал" деген кооптонуу күчөп турган чакта Жапонияда жүргүнчү ташыган учак өрттөндү.

Аэропорттун конуу-учуу тилкесинде Хоккайдо аралынан учуп барган Japan Airlines авиакомпаниясына таандык учак өрттөнүп жаткан видеолор тарап жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жерге конгондо, башка учакты сүзүп алган.

"Ханеда" аэрпорту. 2-январь.
"Ханеда" аэрпорту. 2-январь.

Токионун "Ханеда" аэропортунда кырсыкка учураган жүргүнчү учагынын ичинде 400дөй адам болгон, баштапка маалыматтарда алардын баары сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок аны менен кагышкан экинчи учактагы экипаждын мүчөлөрү каза тапкан.

Өкмөт башчы Фумио Кисида журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жээктеги күзөт кызматынын учагынын алты кишилик экипажынын бешөө каза болгонун ырастады.

Ал Исикава префектурасынын Ното аймагында жардамга муктаж адамдарга кызмат кылууга аракет кылып жатып каза болгон учкучтардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Буга чейин Жапониянын Жээктеги күзөт кызматы өрттөнгөн учак анын учагы менен сүзүшкөнү тууралуу маалыматты териштирип жатканын билдирген.

"Ханеда" — Жапониянын жүргүнчү эң көп каттаган аэропортторунун бири. Жаңы жылдык майрам күндөрү анда эл абдан көп болот.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG