Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Өзбекстанда катуу зилзала тууралуу кабар берген система ишке киргизилет


Ташкенттеги жер титирөөдөн кийин. 1966-жыл
Ташкенттеги жер титирөөдөн кийин. 1966-жыл

Өзбекстанда 1-декабрдан тарта катуу жер титирөө тууралуу алдын ала кабар тараткан система ишке киргизиле баштайт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 18-майда президенттин сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө токтому кабыл алынды.

Улуттук системанын алкагында өлкөдөгү жана чек ара аймактарындагы сейсмикалык кубулуштарга реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүлөт.

Документке ылайык, зилзаланын очогуна жакын жайгашкан эки же андан көп сейсмикалык станцияларда күчү 5 балл жана андан ашкан жер титирөө катталса, мобилдик тиркеме аркылуу калкка бир нече секунданын ичинде эскертүү жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, токтомдо 1-августтан тарта «Суу сактагычтарда сейсмологиялык байкоо жүргүзүү үчүн электрондук аянтчаны» ишке киргизүү каралган.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-январынан тартып Илимдер академиясы чийген карталардын негизинде сейсмикалык активдүү тилкелерде орун алган шаарлардын башкы пландары иштелип чыгат.

«Озодлик» радиосу жазганына караганда, 2023-2024-окуу жылынан тартып жер титирөө учурундагы жүрүм-турум эрежелери бардык билим берүү мекемелеринин программаларына киргизилет.

1966-жылдын апрелинде өзбек башкалаасында күчү 8-9 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Ал кезде 8-13 кишинин каза тапканы кабарланган. Ташкенттин борбору дээрлик толугу менен урап калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG