Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

"Демократиясыз эле жашаганбыз". Кененсаровдун келегей кеби


Элдияр Кененсаров.
Элдияр Кененсаров.

Интернет колдонуучулары арасында “Азия MIX” КВН командасынын лидери Элдияр Кененсаровдун казак журналисти Айгүл Мукей менен болгон маеги талкууга кабылды. Айрыкча юмористтин “Кыргыз менен казак эли кылымдар бою демократиясы жок эле жашап келген” деген сөзү сынга алынууда.

Юмористтин бул кадамы чыгармачыл адамдардын эл алдындагы жоопкерчилиги тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.

"Демократиясыз эле жашап келгенбиз"

Белгилүү кыргызстандык юморист Элдияр Кененсаров казакстандык журналист Айгүл Мукейге Кыргызстанда ТикТоктун жабылышына байланыштуу маек бергенден кийин талкуунун чордонунда калды.

Кыргызстандык жана казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган кыска маекте Кененсаров ТикТоктун жабылышы тууралуу төмөнкүдөй комментарий берген:

“Албетте, жаштар бул демилгеге каршы, ал эми социалдык тармакка байланбаган улуу муун өлкөдө Тик Токтун жабылышын колдошот. Ал эми мага окшогон бейтарап адамдар да бар. Ал жерде биздин да өзүбүздүн баракчабыз бар экенине карабай, мага баары бир".

Журналист Айгүл Мукей "бул чектөөлөр демократияны жана жаштардын үнүн басуу аракетиби?" деген суроо узаткан. Кененсаров буга көчмөндөр демократиясыз эле жашаган деген мааниде жооп узаткан:

"Кыргыздар менен казактар көптөгөн кылымдар бою, өздөрүнүн тарыхый жолунун чоң мезгилинде демократиясыз эле жашап келген. Бул нормалдуу көрүнүш. Аман-эсен келдик. Бешбармак жейбиз", - деп жооп берген.

Юмористтин бул сөзү айрыкча социалдык тармактарда кайчы пикирлерди жаратууда.

Маселен, жарандык активист Урмат Насыкулов КВН оюнчусунун маегин Фейсбуктагы баракчасына бөлүшүп, ал үчүн уялып жатканын жазды.

Артисттин талкуу жараткан пикири тууралуу анын башка кесиптештеринин, маданият өкүлдөрүнүн оюн уктук.

"Коом алдындагы жоопкерчилик”

Журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбековдун пикиринде, атактуу адамдар баалуулуктар тууралуу кеп кылганда тамаша болсо да ойлонуп сүйлөшү керек:

Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

"“Азия MIX”командасындагы балдардын талантын сыйлайм. Бирок Элдиярдын айтканын түшүнбөй калдым. Себеби кыргызда демократия жок болсо, Элдияр, же ага окшогон башка өнөрпоздор чыгып, өзүнүн курч, саясий тамашаларын айта алат беле, айта албайт беле? Элдияр ушундай деңгээлге жетет беле? Бул да чоң маселе. Түпкү тамырында биздин ийгилигибиз дагы, атактуулукка жеткенибиздин себеби да демократиянын өзөгүндө жатат да. Экинчиден, мындай инсандар тамаша кылардын алдында да ойлонуп сүйлөшү керек. Канчалаган долбоорлор, институттар, адамдар түптөп келе жаткан демократия өңдүү негизги баалуулуктарды бир сөз менен тебелеп салуу туура эмес. Демократия жок жерде өнөрпоздор кандай жагдайларга туш болору маалым. Маселен, авторитардык өлкөлөрдө президент же алардын үй-бүлөсү тууралуу тамашалап койгон юмористтер эртеси жоголуп кеткен учурларды акыркы тарыхта эле көрбөдүкпү. Ошондуктан Элдиярдын айтканын алысты көрө билбегендик катары бааладым. Кийин өз башынан өткөргөндө кап деп өкүнүп калар”.

"Балким, күлдүрөйүн дегендир"

Алып баруучу Урмат Борченов Кененсаровдун пикирин оор деле кабыл албаганын айтууда:

Урмат Борченов.
Урмат Борченов.

"Чынында чоң аудитория – чоң жоопкерчилик деп эсептейм. Бирок конкреттүү түрдө Элдияр Кененсаровдун маеги тууралуу айта турган болсом, аны юморист катары билгендиктен, казак журналистине тамашалап эле жооп бергендей таасир калтырды. Балким, аны күлдүрөйүн деген максатта эле жооп бергендир. Чыныгы оюн билбейм. Өзү ошондой ойлонот деп деле эсептебейм. Ошондуктан мен аны өтө оор деле кабыл алган жокмун".

Анткен менен, Борченов өткөөл учурларда эл, эркиндик өңдүү темаларды, талуу маселелерди тамашага салуудан алыс болууга чакырат.

Буга чейин да интернет колдонуучулар арасында кыргыз блогерлеринин, ырчыларынын ар кандай үгүт иштери, соцтармактагы посттору кызуу пикирлерди жараткан.

Жакын арада эле бажыда коррупциялык схема түзгөн деген айып менен соттолуп, акча төлөп абактан чыккан Райымбек Матраимовдун муфтиятка имарат салып берип, ага белгилүү блогерлер, ырчылар жана спортчулар да чакырылганы, алардын чогуу түшкөн сүрөттөрү түрдүү талкууга жем таштаган болчу.

Сындагандар Матраимовдун бажыда коррупциялык схема түзгөнүн, саясаттагы таасирин жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн моралдык жоопкерчилигин жазып чыгышкан.

Мындай учурда күйөрмандардын калың катмары алардын жарандык позициясына шек келип жатканын коңгуроо кылса, кандай кадам жасары ар кимдин өз эрки экенин айткандар да жок эмес.

"Сага катталгандар ишеним артышат"

Инстаграмда миллиондон ашык катталуучусу бар блогер, алып баруучу Назира Айтбекова да белгилүү адамдардын эл алдында жоопкерчилиги маанилүү деп эсептейт.

Назира Айтбекова.
Назира Айтбекова.

“Эми ар кимдин өзүнүн жеке иши, чечими дейин десем, белгилүү адамдар коом алдында жоопкерчиликти сезиши керек экен. Алар артында ээрчиген адамдарды мен каякка сүйрөп баратам, элге кандай пайда-зыяным тийип жатат деп сөзсүз ойлонушу шарт. Анткени сага катталган айрым адамдар абдан зор ишеним артат. Аң-сезимин бүт бойдон сага байлап койгон учурлар да болот. Айрым учурда туура эмес үгүт же пикириң менен терс багытты көрсөтүп алышың мүмкүн”.

Талкууланып жаткан Элдияр Кененсаров жетектеген “Азия MIX” командасы 2015-жылы орусиялык Биринчи каналы көрсөтүлгөн КВНдин жогорку лигасынын жарым финалына чыккан.

Топ 2016-жылы ушул эле жогорку лигада финалга чыгып, үч орусиялык жана бир казакстандык команда менен ат салышта жеңүүчү болгон. КМШ мамлекеттерине таанымал "Азия Mix" - Орусия КВНинде биринчи жолу финалга чейин жетип, жеңип чыккан жалгыз кыргыз командасы.

“Азия MIX” командасы.
“Азия MIX” командасы.

39 жаштагы юморист, актёр Кененсаровдин эмгеги бааланып, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы менен сыйланган.

Соңку бир жылдан бери Ютубдагы "Окасца!" аттуу билим берүүчү долбоор менен алектенип келет. Анда дүйнөдөгү ар түрдүү улуттардын тарыхы, жашоосу тууралуу айтып берет.

Сөз эркиндиги - куудулдардын куралы

Белгилүү куудул Союзбек Сейитказиев коомчулукта дайыма сын айтылып турушу керек дейт:

Союзбек Сейитказиев.
Союзбек Сейитказиев.

“Куудулдук өнөрдүн калың күйөрмандары бар. Ошондуктан өнөр адамы болгондон кийин ойлонуп сүйлөө керек деп эсептейм. Эми, мүмкүн, Кененсаров өзү ошондой ойдо чыгаар. Ушундай эле жооп берем. Сөз эркиндиги боюнча айтсам, ага тыюу салганга болбойт. Адам канчалык сын укса, өзүн түздөгөнгө аракет жасайт да. Дайыма эле мактоо уккан адам жолдон адашат. Ошондуктан сын ким тарабынан болбосун айтылышы керек”.

Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар акыркы жылдарда Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерге бир катар кылмыш иши козголуп жатканын билдирип, тынчсыздануусун жарыялашкан. Алар бул жааттагы ар түрдүү көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн абалы барган сайын солгундап баратканын белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG