Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Газа: үч туткундун өлүмү Тель-Авив тургундарын көчөгө чыгарды


Израилдин армиясы үч туткунду жаңылыштык менен өлтүрүп алганы белгилүү болгондон кийин Тель-Авивде өткөн акция, 15-декабрь 2023-жыл.
Израилдин армиясы үч туткунду жаңылыштык менен өлтүрүп алганы белгилүү болгондон кийин Тель-Авивде өткөн акция, 15-декабрь 2023-жыл.

Газа тилкесинде Израилдин чабуулдары уланууда. ЦАХАЛ Газадагы израилдик үч туткунду жаңылышып өлтүрүп алганын мойнуна алды. Бул окуя Израилдин бийлигин АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС менен барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы келишим түзүүгө чакырган билдирүүлөргө жол ачты.

16-декабрдын кечинде Тель-Авив шаарында ХАМАС радикал тобу барымтага алган израилдиктерди бошотууну талап кылган акция өттү. Ага миңдеген жарандар катышты.

Аны улай туткундардын жакындары жана аларга тилектештик билдирген ондогон адамдар басма сөз жыйынына чогулуп, Израилдин бийлигин барымтадагыларды бошотуу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүүгө чакырышты.

Ноябрь айынын соңундагы ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылардын барымтасынан бошотулган Раз Бен Ами туткундарды алмашуу боюнча жаңы макулдашуу зарыл экенин айтты.

"Он күн күн мурда мен министрлер кабинети менен жолугуп, жалынып жалбардым эле. Салгылашуулардын туткундарга зыяны тийип каларын баарыбыз эскерткенбиз. Тилекке каршы, биз туура айткан экенбиз. Мен аман-эсен кутулуп чыктым. Эгер туткундарды бошотуу боюнча макулдашуу бир аптага кечиккен болсо, балким анда мен да бул жерде болмок эмесмин", - деди Раз Бен Ами.

Үч туткундун өлүмү

Ушундай эле акция жума күнү да өткөн. Ага ЦАХАЛдын (Израилдин армиясы) хамасчылар барымтага алган үч израилдикти жаңылыш атып алганы себеп болду.

Бүтүндөй Израилди нес кылган окуя жума күнү Газа шаарынын чыгыш тарабындагы Шежая районунда болгон. ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, райондогу имараттардын биринен чыккан үч адамды Израилдин аскерлеринин бири коркунуч деп эсептеп, аларга ок аткан. Армия кийинчерээк билдиргендей, үч адамдын биринин колунда ак түстөгү кездеме байланган таяк болгон.

Газа тилкесиндеги Израилдин аскерлери, 7-декабрь 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги Израилдин аскерлери, 7-декабрь 2023-жыл.

Набыт болгондор Кфар-Аза кыштагынан (кибуц) уурдалган Йотам Хаим менен Алон Шамриз, Нир-Ам кибуцунда барымтага алынган 25 жаштагы Самер Талалка экени аныкталды.

"Бул баарыбыз үчүн кайгылуу жана оор окуя. ЦАХАЛ болуп өткөн окуянын баарына жоопкерчилик алат. Биз бул инцидентти дароо иликтей баштадык", - деп билдирди Израил армиясынын басма сөз өкүлү Даниэл Хагари.

Армиянын колунан каза тапкан бул израилдиктер ХАМАСтын туткунунан качып чыкканы же согушкерлер аларды бошотуп жибергени так белгисиз.

ХАМАС радикал тобу барымтага алган 240тай адамдын 100дөн ашууну, анын ичинде аялдар, балдар жана чет өлкөлүк жарандар 24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында бошотулган. Израил болсо ондогон палестиндерди абактан чыгарган.

Хамасчылардын туткунда дале 120дай киши бар экени кабарланып келет. Бирок Израилдин бийлиги алардын бир бөлүгү каза тапканын билдирүүдө.

Газадагы кармаш уланууда

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. Тынымсыз чабуулдардан Газада миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 19 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар. Газадагы 2,2 миллиондон ашуун тургундардын басымдуу бөлүгү жер которууга аргасыз болду.

Хан-Юнис шаарындагы кырдаал, 16-декабрь 2023-жыл.
Хан-Юнис шаарындагы кырдаал, 16-декабрь 2023-жыл.

Reuters агенттиги жекшемби күнү жарыялаган видеолордон Газа тилкесинин түштүгүндө Израилдин бомбалоолору уланып жатканын көрүүгө болот.

Ишемби күнү Хан-Юнис шаарындагы жайкын тургундар жашаган үч кабаттуу үйгө да ракета тийди.

"Газалык палестин катары мени бутага алып жатышат. Палестиндердин баары бутага айланды. Коопсуз жер калбай калды. Турак-жайыбызга, элибизге, бак-дарактарга да сокку урулууда. Кудайга шүгүр, балдарым аман калды", - деп билдирди сокку урулган үйдө жашаган Ведад Вади.

Би-Би-Си палестиндердин "Вафа" жаңылыктар агенттигине шилтеме кылып жекшемби күнү жазгандай, Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагериндеги бир нече турак-жайга урулган соккудан 35 киши мерт болду.

Согуш уланып жаткандыктан курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу эки тараптан келген маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Ок атышууну токтотуу чакырыктары

Дүйнөнүн булуң-бурчунда Израилди Газадагы чабуулдарын токтотууга чакырган билдирүүлөр утур-утур жарыяланып жатат. 12-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга үндөгөн резолюцияны кабыл алган. Аны БУУга мүчө 153 мамлекет анын ичинде Кыргызстан, коңшу Казакстан жана Өзбекстан колдогон.

Документке 10 өлкө, анын ичинде Израил, АКШ жана Австрия каршы добуш берсе, Британия, Германия жана Украина баштаган 23 мамлекет добуш берүүдөн карманган.

Жекшемби күнү Британия менен Германия да Газада ок атышууну токтотуу боюнча туруктуу макулдашуу зарыл экенин билдиришти. Израилге барган француз тышкы иштер министри Катрин Колонна да мындай макулдашуу керек экенин айтты.

"Мен жаңы гуманитардык макулдашуунун маанисин кайрадан баса белгилөө үчүн бул жакка келдим. Биз кармашты токтотууну көздөгөн туруктуу макулдашууга кайтышыбыз керек", - деди министр.

Ишемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху туткундарды бошотуу боюнча Катар арачылык кылып жаткан жаңы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ишарат кылгандай болду. Бирок ал ХАМАСты жеңип чыгуу, Газаны демилитаризациялоо жана туткундарды бошотуу үчүн аскердик операция улана турганын белгиледи.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG