Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Газа: "Израил коопсуз деп атаган жерлер бомбаланууда"


Хан-Юнистеги бомбалоодон каза тапкан жакындарынын сөөктөрүнүн жанында турган палестиналык бала. Газа, 10-декабрь, 2023-жыл
Хан-Юнистеги бомбалоодон каза тапкан жакындарынын сөөктөрүнүн жанында турган палестиналык бала. Газа, 10-декабрь, 2023-жыл

Израилдин армиясы Газадагы аба соккуларын улантууда. Ишембиде АКШ тилкедеги ок атууну токтотууга үндөгөн БУУнун резолюциясына вето койгон. Ал тапта кабар агенттиктери Газадан чыга албаган палестиналыктар Израил коопсуз деп атаган райондордо да бомбалоолорго кабылганын жазып жатышат.

Жекшембиде эртең менен Хан-Юнистин катардагы тургундары менен жарандык куткаруу кызматы түнкү бомбалоодон кийин урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатышты.

“Биз бул жерден кетүүнү ойлогонбуз. Чөлкөм салыштырмалуу коопсуз болчу. Рафах же Маваси жакка жер которолу дегенбиз. Бирок Рафахта да чабуулдардан шейит кеткендер бар. Бир түнөп андан ары жылалы дегенбиз. Мен жалгыз өзүм жолго чыккам. Үй-бүлөм бул үйдүн астында калды”, - деп айтып берди зээни кейиген Ахмед Абдел Вахаб.

Reuters агенттиги жазганына караганда, Израил палестиналыктарга тилкенин түштүгүндөгү калаанын борборунан чыгып кетүү көрсөтмөсүн берип, түн ичинде анклавды, анын ичинде жөөт армиясы коопсуз деп атаган райондорду бомбалады.

АКШнын БУУдагы ветосу

Бир күн мурда Кошмо Штаттар БУУнун Газадагы ок атууну дароо токтотууга чакырган резолюцияга вето койду. Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү документти колдогон, Британия добуш берүүдөн карманды. Бириккен Араб Эмираттары сунуш кылган долбоорду иштеп чыгууга 97 өлкө катышкан.

Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү. БУУ, 8-декабрь, 2023-жыл
Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү. БУУ, 8-декабрь, 2023-жыл

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны “тең салмактанган эмес жана реалдуулуктан алыс” деп сыпаттады. Дипломаттын айтымында, ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) тобунун кол салуусун айыптаган пункттун киргизилбегени “кабыл алынгыс”.

Вашингтон Израилди жөн жай палестиналыктарды коргоо үчүн көбүрөөк чара көрүүгө үндөгөнүн белгилөө менен катар ок атууну токтотуудан ХАМАС пайда табат деген Тел-Авивдин позициясын колдоп келатат.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур Вашингтонду "кош стандарт” саясаты үчүн айыптады. "Америкалыктардын ветосу согуш кылмышкерлерине жаңы кылмыштарды ишке ашырууга көбүрөк убакыт берет”, - деп айтты Мансур.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын ветосун кубаттап, анын өлкөсү “ХАМАС радикал тобун жок кылууну көздөгөн адилет согушту улантарын” билдирди.

Гутерриштин эскертүүсү

Ветого карабай, 10-декабрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада тынчтык орнотуу аракеттеринен “баш тартпасына” ишендирди.

Катарда Доха форумунун ачылышында баш катчы тилкеде коркунучтуу гуманитардык абал түзүлгөнүн кайталады:

«Гуманитардык жардам берүү системасы толугу менен үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин, кырдаал апаатка айланып баратканын, анын арты палестиналыктар, региондогу бейпилдик жана коопсуздук үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келерин эскерттим”.

Рафах шаарынын жанындагы качкындар лагери. Газа тилкеси, 9-декабрь, 2023-жыл
Рафах шаарынын жанындагы качкындар лагери. Газа тилкеси, 9-декабрь, 2023-жыл

Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү алдында сүйлөгөндө баш катчы: «Абадан, жерден жана деңизден соккулар тынымсыз урулууда”, Газанын калкына “топтой болуп тилкенин түштүгүндөгү улам тарып бараткан алкандай жерде эки жакка жылуу буйругу берилүүдө, алардын жашоо шарттары жокко эсе”, - деп билдирген.

Анклавда миңдеген карапайым киши каза таап, 2,2 миллион калкынын 85% үйлөрүн таштап, бозгунга айлангандан кийин Израил эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, ок атууну токтотуу чакырыктары күчөдү. Улуттар Уюмунун мекемелери Газада башкалкалоо үчүн жер калбаганын эскертүүдө.

9-декабрда Ак үй Конгресстин макулдугун албастан Израилге 106,5 миллион долларга курал сатууга жол ачкан чукул укугунан пайдаланды.

Израил 7-октябрда хамасчылар кол салганда 1 миң 200 киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Радикал топ башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги набыт болгондор 17 миң 400 кишиден ашканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди. Associated Press (AP) кабар агенттиги министрлик жайкын палестиналыктар менен согушкерлердин жоготууларын бөлүп көрсөтпөгөнүн белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG