Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Газа: согуш уланып, сүйлөшүүлөр токтоду


Израил менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ”ХАМАС” радикал тобунун кармашы уланып жатат. Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданып, Израил Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алды. Хамасчылар барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди.

Согуш уланды, эл азапка батты

Газа секторунда согуштук аракеттер кайрадан жанданганы эл тамак-аш, суунун азабын тартып, жан сактоонун амалын издеп жатат. Рафак шаарында урандылардын арасында уюштурулган кайрымдуулук ашканасында аялдар менен балдар, карыялар колдоруна чыны, табактарын көтөрүп алып, ачык асман алдында тамак бышып жаткан казандарды айланчыктап жүрүшөт. Ыктыярчы Омар Баргут ашканадагылар тамак таратып үлгүрө албай жатканын айтып берди:

"Түштүктөн түндүккө агылып келген элге тамак жасап жатабыз. Картөшкө, баклажан, буурчак кошулган тамактар. Өзүңүздөр көрүп тургандай, эл көп. Тамакты баарына жеткире алабызбы, билбейм. Газ жок, отун аябай кымбат. Колдон келгенди жасап жатабыз".

Газа. 2-декабрь, 2023-жыл
Газа. 2-декабрь, 2023-жыл

Көпчүлүктүн арасында кезекте турган өспүрүм кыз Сондос Шабан чарчаганына деле кайыл. Ал тамак берилип жатканына сүйүнөт.

"Эгер бул ашкана болбосо эмне кылмакпыз, билбейм. Аябай кыйналып кеттик. Тамак-аш, эч нерсебиз жок. Ушул жерден эле тамак күтөбүз".

Сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди

24-30-ноябрь күндөрү Газа тилкесинде гуманитардык тыныгуу жарыяланган маалда ХАМАС 100дөн ашык туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жеткен.

Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданган жана тараптар буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөгөн.

Израилдин Чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алганы 3-декабрда белгилүү болду.

Израилдин премьер-министринин администрациясы бул Биньямин Нетаньяхунун көрсөтмөсү менен болгонун билдирген. Маалыматта сүйлөшүүлөр “туңгуюкка кептелип калганы”, ”ХАМАС” радикал тобу келишимдин бардык аялдарды жана балдарды бошотуу тууралуу бөлүгүн аткарбаганы жазылган.

Газа тилкеси
Газа тилкеси

The Times of Israel басылмасынын ырасташынча, ХАМАС дагы 136 адамды барымтада кармап отурат. Арасында 20 аял жана эки бала бар.

Бул арада ХАМАС радикал тобунун лидеринин орун басары Салех аль-Арури барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди.

Ал Катарда “Аль-Жазира” телеканалына курган маегинде ушул тушта куралдуу топтун барымтасында аскер кызматкерлери, же болбосо эркек-резервисттер калганын айтты.

АКШ Газанын келечегин кеп кылды

Израилдин аскерлери менен ХАМАС радикал тобу кармашын улантып жаткан маалда АКШнын вице-президенти Камала Харрис Жакынкы Чыгыштагы конфликт тууралуу Дубайда өтүп жаткан COP28 климат боюнча саммитте сүйлөп, Газанын келечеги тууралуу пикирин билдирди.

Ал көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү менен Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бирдиктүү палестиналык башкаруунун зарылдыгын белгиледи. Азыр Батыш жээктеги палестиндер көзөмөлдөгөн аймактарды Палестин автономиясы, ал эми Газа секторун ХАМАС радикал тобу башкарып жатат.

Камала Харрис
Камала Харрис

"АКШ эл аралык гуманитардык укуктун сакталышын жактайт. Абдан көп айыпсыз палестинер мерт болду. Газадан келип жаткан видеолор жайтургундардын азабынын, кыйроолордун масштабын көрсөтүп жатат".

Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси менен болгон сүйлөшүүдө Харрис «АКШ кандай болгон шартта дагы Газадан же Батыш жээктен палестиндердин күч менен жер которуусуна жол бербей турганын» билдирди. Ошол эле учурда ал ХАМАС Газаны көзөмөлдөй албастыгын, бул Израилдин коопсуздугу, палестин элинин бакубат жашоосу жана аймактык коопсуздук үчүн кабыл алынгыс нерсе" экенин айтты. Харрис согуш аяктаган соң, Газаны калыбына келтирүү иши «палестин элинин өзүнүн мамлекетин куруу боюнча ачык саясий болочогунун контекстинде» жүрүшү керектигине токтолду.

Израил Газага чабуулун жандантты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Мындан тышкары ал ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотуу жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ жаңы гуманитардык тыныгууларды жактай турганын айтты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуштук аракеттерин уланта берерин, ошол эле учурда Израил эгер барымтадагылар бошотулса, убактылуу тыныгууларга даяр экенин айткан.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйткөнүн, бирок ал деле аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун кем-карчын толук жаба албасын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG