Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Газанын коопсуздугуна ким жооптуу?


Газанын түштүгүндө жөөт армиясынын бомбалоосунан качкан палестин балдары, 6-ноябрь, 2023-жыл.
Газанын түштүгүндө жөөт армиясынын бомбалоосунан качкан палестин балдары, 6-ноябрь, 2023-жыл.

ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан бери бир ай өттү. Батыш Иерусалимде шам жагып, маркумдарды эскеришти.

Жөөт армиясы Газа тилкесинде соккусун күчөтүп, бутага алынган жерлерге кубаттуу бомбаларды таштап жатканын эл аралык медиа кабарлоодо. 1,5 миллиондой палестин үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Толук блокадада калган калктуу анклавда гуманитардык кырдаал өтө курч.

Израилде бир ай мурда ХАМАСтын согушкерлеринин кандуу чабуулунда набыт болгон маркумдарды эскеришти. Жоочулардын барымтасында отурган туткундардын жакындары бийликтен аларды тезинен бошотуп алууну талап кылууда.

"Зордук-зомбулукка каршы кармашта кудай колдосун деп тилейбиз. Баары кудайдын колунда, Израил эле эмес дүйнө бир апаатты баштан кечирүүдө", - деди эскерүүгө катышкан тургундардын бири Сара Мирская.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык ABC телеканалына курган маегинде согуш бүткөндөн кийин Газа тилкесиндеги "коопсуздук үчүн жоопкерчиликти" Израил "белгисиз мөөнөткө" өзүнө аларын билдирди.

"Израил белгисиз мөөнөткө коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга туура келет деп ойлойм. Биз жоопкерчилик албасак эмне болорун көрдүк", - деп кошумчалады ал.

Жөөт өкмөтүнүн башчысы шейшембиге караган түнү Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизип, согушкерлердин колундагы туткундарды бошотуу үчүн "кыска мөөнөттүк тактикалык тыныгуу" жарыялоого даяр экенин билдирди.

Нетаньяху ХАМАС тобу барымтадагыларды толук бошотмоюнча ок атууну токтотуу сунушу кабыл алынбай турганын кайталады.

Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Рамаллада Палестин автономиясынын лидери Maхмуд Аббас менен жолукту. Эл аралык медиа кабарлагандай, Аббас Палестин улуттук администрациясы жалпы саясий чечимдин алкагында Газа тилкеси үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. Согуш аяктагандан кийин Аббас белгилегендей, саясий чечим Иордан дарыясынын Батыш жээгин, Чыгыш Иерусалимди жана Газа тилкесин камтышы керек.

Азырынча келечекте Газа тилкесинде коопсуздукту ким камсыздары: Палестин автономиясыбы, Улуттар Уюмубу же араб өлкөлөрүнүн бейпилдик күчтөрүбү - белгисиз.

Көптөгөн эксперттер Израил жана анын союздаштары дагы жаңжалды жайылтпай токтотуунун жолун так билбейт деп санашат.

Газа: Ооруканалардагы абал

Улуттар Уюму Газа шаарында жана анын чеке белинде эмне болуп жатканынан кабары жоктугун билдирди. Согуш башталганы тилкенин түндүгүнө жардам келген эмес. БУУнун эсебинде ал жакта 300-400 миңдей карапайым калк турат.

7-октябрда согуш башталгандан бери 1,5 миллион киши үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Аймактагы эң чоң Ал-Шифа ооруканасында башкалкалаган миңдеген палестинге жөөт армиясы эвакуацияга буйрук берген. Газанын саламаттык сактоо мекемесинин эсебинде оорукананын айлана-тегерегинде 50 миңдей качкын турат.

"Бизди эмне кылса дагы Ал-Шифадан эч жакка кетпейбиз. Алар сууну, жарыкты, тамак-ашты токтотушту. Азыр печенье менен жаңгак эле жеп отурабыз, башк эч нерсе жок" - деди качкын аял.

Оорукананын айланасында башкалкалагандарга тамак-аш, кийим-кече берген күркөлөр ачылды.

Жөөт армиясы "хамасчылар" Газадагы чоң оорукананы согушкерлерди жана курал-жаракты сактоо үчүн колдонот деп айтыптаган.

Ал-Шифа жана Ал-Кудс ооруканаларында бейтаптарды, дарыгерлерди жана качкындарды кошкондо 117 миң киши башкалкалап турганын Улуттар Уюмунун агенттиги билдирди.

Газа тилкесинин туштүгүндо жөөт армиясынын бомбалоосунан кийин качып бараткандар. 29-октбярь, 2023-жыл.
Газа тилкесинин туштүгүндо жөөт армиясынын бомбалоосунан кийин качып бараткандар. 29-октбярь, 2023-жыл.

Жөөт армиясы БУУнун негизги агенттиктеринин ок атууну токтотуу сунушуна карабай Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерине каршы сокку урууну күчөттү.

Дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш карапайым калкты сактоо эң башкы милдет экенин белгилеп, "Газа балдардын көрүстөнүнө айланып баратат" - деп айтты.

"Күнүгө жүздөгөн бала-кыз өлтүрүлгөнү же жарадар болгону кабарланууда. Бери дегенде соңку 30 жылдагы жаңжалдарда төрт жума ичинде БУУнун мынчалык кызматкери өлтүрүлгөн эмес. Улуттар Уюмунун тарыхында гуманитардык жардам көрсөткөн мынчалык кызматкерлер өлтүрүлгөн эмес", - деди Гутерриш.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн баш катчы Гутерриштин сөзүн четке кагып, “30дан ашуун өспүрүм, анын ичинде тогуз айлык наристе Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында турганын" жазды.


ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бир айдан бери 10328 киши набыт болду. Алардын 4237и балдар. Согуш маалында эки тараптын билдирүүлөрүн башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG