Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

"Тозоктон өттүк". ХАМАСтын барымтасынан бошотулган аялдын окуясы


ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган Йохевед Лифшиц. 24-октябрь, 2023-жыл.
ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган Йохевед Лифшиц. 24-октябрь, 2023-жыл.

ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Буга чейин аталган топтун туткунунда 200дөн ашуун киши бар экени кабарланган. Израил армиясы - ЦАХАЛ 24-октябрга караган түнү Газа секторундагы экстремисттердин 400дөн ашуун жайына сокку урганын билдирди. Газанын бийлиги эки жарым жумадан бери уланып жаткан аба чабуулдардан 5000дей адамдын өмүрү кыйылганын кабарлады

ХАМАС куралдуу тобунун барымтасынан бошотулган 85 жаштагы израилдик аял Йохевед Лифшиц согушкерлер аны туткунга алган алгачкы күндөрү ур-токмокко алышканын айтты.

"Биз тозоктон өттүк. Мындай кырдаалга туш болорумду эч качан күткөн эмесмин", - деди Лифщиц Тель-Авивдеги ооруканалардын биринде журналисттер менен жолугушканда.

Ал кийинки эки апта экстремисттер ага жакшы мамиле кылышканын кошумчалады. Лифщиц менен 80 жаштагы Нурит Купер дагы бошотулду. Экөөнү тең ХАМАС радикал уюмунун жоочулары 7-октябрдагы кол салуу маалында Нир Оз айылынан күйөөлөрү менен кошо барымтага алышкан. Ал чабуулда 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. Лифшицтин айтымында, аны мотоциклге салып кетишкен:

“Мотоциклге өңөрүп кетишти, башым бир жагында, денем башка жагында калды. Жолдон балдар мени башка-көзгө койгулашты. Кабыргаларым сынган жок, бирок аябай ооруду. Дем алуум кыйын болду”.

Андан соң, израилдик аялдын айтымында, жоочулар аны туннелдер аркылуу белгисиз жакка алып барышкан. Лифшиц дарыгер келип, туткундагылардын саламаттыгын текшерип кеткенин кошумчалады.

Анын айтымында, Израил бийлиги кезинде ХАМАСтан тараган коркунучтарды олуттуу кабыл албай койгон. Жоочулардан коргоо үчүн курулган кымбат баалуу дубалдын деле эч кандай кереги тийген жок.

Лифшиц аларга күзөтчүлөр эмне жесе, ошол эле тамак-аш берилгенин, матрастарда укташканын кошумчалады.

80 жаштагы Нурит Купер менен 85 жаштагы Йохевед Лифшиц ХАМАСтын туткунунда 17 күн болушту.
80 жаштагы Нурит Купер менен 85 жаштагы Йохевед Лифшиц ХАМАСтын туткунунда 17 күн болушту.

"Атамдын абалы жакшы экенине ишенгим келет"

Жөөт тилинде сүйлөгөн аялдын сөздөрүн англис тилдүү маалымат каражаттарына анын кызы Шэрон которуп берип турду.

Туткундан бошотулган эки аялдын күйөөлөрү дагы эле барымтада. Алар менен кошо, израил бийлигинин маалыматына ылайык, 200дөн көп адам бар. Алардын канчасы чет өлкөлүк экени белгисиз.

Шэрондун айтымында, азыр атасынын кайда экенин билбейт. Анткени апасы менен атасын эки башка жакта кармап турушкан.

“Атам араб тилинде жакшы сүйлөйт. Ошондуктан ал жактагылар менен тил табыша алат. Ал Газадагы көп адамдарды билет. Анын абалы жакшы деп ишенгим келет”, - деген Шэрон атасы палестиндердин укуктарын коргоп жүргөнүн, “кошуналар менен ынтымакта болуш үчүн колунан келген аракетин көрүп келгенин” кошумчалады.

ХАМАС куралдуу тобу эки улгайган аял Катар жана Египеттин ортомчулугу менен "гуманитардык себептерден" улам бошотулганын билдирди. Аларды Газа тилкесинен чыгарып кетүүгө Эл аралык кызыл чырым уюму көмөктөшкөнү кабарланды. Өткөн жумада ХАМАС барымтадагы эки америкалык жаранды - Жудит Раанан менен анын кызы Наталини бошоткон. Буга чейин бир катар агенттиктер жакын арада туткундагы элүүдөй киши бошотулушу мүмкүн экенин жазышкан. Бул маалымат азырынча бышыктала элек.

Израил армиясы Газага сокку урууну улантууда

Израил армиясы ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулуна жооп кайтарып, Газа тилкесине абадан тынымсыз сокку урууда. Ошондой эле аймакты блокадага алып, суу жана электр энергиясын берүүнү токтоткон. Азыр аймакта гуманитардык абал оор.

“Чек арасыз дарыгерлер" уюму билдиргендей, ооруканаларда дары-дармек, медициналык каражаттар жетишсиз. Догдурлар ооруну сездирбей турган дарыларсыз эле операция жасоого мажбур болууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн сектордун Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин операциясы башталгандан бери Газада 5 миңден ашуун киши каза тапканын кабарлады.

Ал эми ЦАХАЛ жердеги операциясын баштай элек. Израил армиясынын өкүлү Дэниел Хагари түшүндүргөндөй, азырынча алар саясий нускаманы күтүп жатышат. Ошол эле маалда Израил армиясы Газаны мурдагыдай эле бомбалай берерин билдирди.

24-октябрдын таңында таратылган маалыматка ылайык, радикал топтун Газа секторундагы 400дөн ашуун жайына сокку урулду, натыйжада бир топ жоочу жана бир нече кол башчылары набыт болду.

Би-Би-Синин кабарчысы Рушди Абу Алуф шейшембиге караган түнү израилдиктер Газанын түндүгүндөгү Хан-Юнис шаарына сокку урганын билдирди. Израилдин аскерлери жердеги операцияга даярдык көрүп, түндүк тараптагы бир миллиондон ашык тургунга дал ошол аймакка көчүүнү сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG