Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Гаага соту Израилге Газада геноциддин алдын алууну эскертти


Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун алдына палестиндерди колдоп чыккандар, 26-январь, 2024-жыл.
Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотунун алдына палестиндерди колдоп чыккандар, 26-январь, 2024-жыл.

26-январда БУУнун Эл аралык соту Израилди Газадагы геноцид аракеттерин алдын алуу жана анклавдагы гуманитардык кырдаалды жакшыртуу үчүн чукул чараларды көрүүгө милдеттендирди. Бирок соттук коллегия Газада тезинен ок атышуу токтотулсун деген чечим чыгарган жок.

26-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык сотунун 17 судьядан турган коллегиясы Түштүк Африка Республикасынын Газа тилкесинде Израилдин согуштук аракеттерин токтотуу талабы боюнча арызын карады.

Былтыр декабрда Түштүк Африка Республикасы Гаага сотуна кайрылып, Газа секторунда палестиндерге каршы "геноцид жүргүзүп жатат" деп Израилдин үстүнөн арызданган. Претория согушту токтотуу үчүн эл аралык кийлигишүүнү талап кылган.

Ушул ай башында Гаага соту алгач арызданган тараптын, андан кийин жоопкер тараптын жүйөлөрүн уккан.

Жума күнү соттук коллегия арыздагы Газа тилкесинде карапайым палестиндерди коргоо үчүн чукул чара көрүү боюнча талапты гана карады. Ал эми геноцид болгон-болбогону тууралуу вердикт чыгаруу жылдарга созулушу мүмкүн.

Эл аралык соттун президенти Жоан Донохью жума күнү соттун чечимин окуп жатып, буларды айтты:

"Израил кыйын кырдаалда калган палестиналыктардын эң зарыл керектөөлөрүн канааттандырып, чукул гуманитардык жардам берүү үчүн ыкчам жана эффективдүү чараларды" көрүшү керек.

"Сот аймакта адам өмүрүн алган азап-тозоктун уланып жатканына терең тынчсыздануу менен апааттын масштабын түшүнөт", - деп кошумчалады судья.

Ошондой эле, Гаага соту Израил бир айдын ичинде бул чечимдин аткарылышы боюнча отчет бериши керек деген бүтүмгө келди.

Эл аралык соттун азыркы баскычтагы мындай чечими Израилге каршы санкция киргизүүгө жол ачышы мүмкүн.

Гаагадагы эл аралык соттун жыйыны
Гаагадагы эл аралык соттун жыйыны

Рейтерс кабар агенттиги маалымдагандай, Израил коюлуп жаткан айыпты четке кагып, буга чейинки соттук отурумдардын биринде Газадагы аскердик операцияны Орусиянын Украинага басып киргени менен салыштыруу "акылга сыйгыс" деп атаган.

25-январда Тель-Авивдин расмий өкүлү Эйлон Леви ​«Биз Эл аралык сот мындай жалган жана ойдон чыгарылган айыптоолорду четке кагат деп күтүп жатабыз»,- деп билдирген.

Гаага: Израилди геноцидге айыптаган сот башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:46 0:00


Иш саясий өңүткө ээ болуп, бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда болуп жаткандыктан Гаагада эки жактын тең тарапкерлери түрдүү акцияларды өткөрүп турду.

Түштүк Африка Республикасы да, Израил да 1948-жылы кабыл алынган геноцид тууралуу эл аралык конвенцияга кошулган. Анда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этностук, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган.

Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министри Наледи Кандор
Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министри Наледи Кандор

"Түштүк Африка Республикасынын негизги максаты - бейкүнөө адамдардын абалын көрсөтүү жана палестин элине, өкмөтүнө, коомдук институттарына эбегейсиз зыян келтирилип жатканы ондогон жылдар бою көз жаздымда калганына, ал жерде адилеттик жана эркиндиктин жоктугуна дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Мен бүгүнкү күндө Палестина дүйнөнүн назарында турган орчундуу маселе деп ойлойм. Бул ишти Түштүк Африка Республикасы көтөрүп чыкканы абдан маанилүү жетишкендик"- деди бул өлкөнүн тышкы иштер министри Наледи Кандор.

24-январда Израил Газадагы операциясын 30 күнгө токтотууга макул болгону тууралуу маалымат тараган, бирок Тель-Авив аны четке каккан. 26-январда жөөт аскерлери Газанын Хан-Юнис шаарындагы эки ооруканада атайын операция өткөргөнү кабарланды.

23-январда Израил армиясы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ) радикал тобуна каршы жердеги операциясында 24 жоокеринен ажыраган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Тель-Авивдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам согушкерлердин колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, согуш башталганы жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курч.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG