Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Газа: Израил аскерлери ХАМАСтын туннелдерине суу толтурду


Израил аскерлери Газа тилкесинде табылган туннелди карап жүрөт
Израил аскерлери Газа тилкесинде табылган туннелди карап жүрөт

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму эки айга ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну жактырууга жакындап калышты. Израил ортомчулардын жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазды.

Буга чейин The New York Times басылмасы жазгандай, анын алкагында барымтадагы туткундарды бошотуу каралган. Ал арада ЦАХАЛ радикал уюмдун айрым туннелдерин деңиз суусу менен каптатканын ырастады.

Ок атууну токтотуу тууралуу жаңы келишим

The New York Times басылмасынын булактары белгилегендей, бул макулдашуу мурункуларга караганда кыйла масштабдуу болору күтүлүүдө. Анын биринчи баскычында согуштук аракеттер болжол менен отуз күнгө токтойт. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадагы аялдарды, кары-картаңдарды жана жарадарларды бошотот. Ошондой эле тараптар экинчи баскычтын чоо-жайын такташат. Азыркы сунуш боюнча, экинчи баскычтын алкагында дагы согуштук аракеттер 30 күнгө токтотулат. Ал убакта барымтадагы жөөт аскерлери жана эркек жарандары бошотулат. АКШнын мамдепартаменти бул макулдашуу кабыл алынарына үмүт артарын билдирди.

"Бул сунуш согуштук аракеттердеги тыныгууга алып келип, барымтадагылардын бошотулушуна жол берет деген терең ишеничтебиз. Мунун баары АКШнын жана аймактагы башка мамлекеттердин негизги максаты болчу. Бул макулдашуу кабыл алынарына үмүттөнөбүз", - деди Мамдепартаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер.

Маалыматка караганда, Израил түрмөсүнөн бошотула турган палестиндердин саны боюнча маселе чечилүүдө. Андан тышкары макулдашууга ылайык, Газа тилкесине киргизиле турган гуманитардык жардамдын да көлөмү көбөйтүлөт.

АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен түзүлгөн бул макулдашууга тараптар кийинки аптада кол коёру күтүлүүдө. Ар кандай медиа каражаттарынын жазышынча, ХАМАС радикал уюму ушул тапта макулдашууну карап жатат. Израилдин өкмөт башчысы 30-январда бул боюнча өз комментарийин берди.

"Бардык максаттарыбызга жетмейинче бул согушту токтотпойбуз. Биздин максат - ХАМАСтын түп-тамырынан жок кылуу, уурдалган жарандарыбыздын баарын кайтарып алуу жана Газа мындан ары Израилге коркунуч жаратпайт деген кепилдикке жетишүү. Биз ЦАХАЛды Газа тилкесинен чыгарбайбыз жана миңдеген террорчулардын чыгып кетишине жол бербейбиз. Биз толук жеңишке жетишебиз", - деди Биньямин Нетаньяху.

Израил ортомчулардын Газадагы атышууну токтотуу жөнүндө жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазды. Маалыматта айтылгандай, ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания жаңы сунуш түшкөнүн, аны Катарга барып талкуулай турганын айтты.

28-январда Франциянын борбору Париж шаарында АКШ, Катар, Египет жана Израил өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газадагы атышууну токтотуу жана барымтада турган израилдиктерди бошотуу жөнүндө келишимге жетишүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан.

ЦАХАЛ ХАМАСтын туннелдерин суу каптатты

Ал арада Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги аскердик операциясынын алкагында ХАМАС радикал уюмунун айрым туннелдерин деңиз суусу менен каптатып жибергенин ырастады.

Мунун алдында алар бардык текшерүүлөрдү жүргүзүп, анын ичинен жер кыртышын жана суу системасын иликтеп чыкканын билдиришти.

Израилдин армиясы ХАМАС колдонгон туннелдерге деңиз суусун толтура баштаганын Wall Street Journal басылмасы декабрда жазган. Макалада белгиленгендей, айрым америкалык аткаминерлер деңиз суусу менен каптатуу Газа тилкесиндеги таза суу маселесине коркунуч жаратып, жер кыртышына зыянын тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Израил армиясы Газа тилкесинде радикал топко тиешеси бар 800дөн ашуун туннел аныкталганын, алардын 500дөн көбү жардыруучу заттар менен жок кылынганын 4-декабрда билдирген. Алар тараткан маалыматка ылайык, туннелдер мектептердин, мечиттердин, ооруканалардын жана спорттук жайлардын алдынан өтөт. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери радикал уюм көзөмөлдөгөн анкалавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда. Былтыр ноябрда Израил менен ХАМАС радикал уюму кыска мөөнөткө согуштук аракеттерди токтотуп, туткундагыларды бошотушкан. Анын алкагында барымтадагы 130 адам коё берилген. Арасында чет өлкөлүктөр да бар. Израил түрмөлөрүнөн жүздөгөн балдар жана аялдар чыгарылган.

ЦАХАЛдын аскердик операциясы уланууда

Ал арада ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги аскердик операциясын улантууда. Анклавдын түштүгүндөгү Хан-Юнис аймагындагы салгылашта ондогон жоочулар жок кылынганын жөөт армиясы билдирди.

Андан тышкары израилдик аскерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги ооруканага медкызматкердин кийимин кийип алып кирип барып, үч кишини жок кылышты. ЦАХАЛ алар согушкерлер болгонун билдирди.

“Палестин Кызыл Жарым Ай” уюму билдиргендей, 30-январдын кечинде жөөт аскерлери алардын кеңсесине кол салып, Хан-Юнистеги “Аль-Амаль” ооруканасынын короосуна кирип барышкан. Маалыматка караганда, жөөт аскерлери медкызматкерлердин жана бейтаптардын имараттан эвакуацияланышын талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG