Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

Газа: Тогуз өлкө качкындар менен иштеген уюмду каржылоону токтотту


Согуштан качкан газалыктар. Газа тилкеси, 27-январь 2024-жыл
Согуштан качкан газалыктар. Газа тилкеси, 27-январь 2024-жыл

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш донор-мамлекеттерди палестиналык Качкындар агенттигине жардамды улантууга чакырды.

Ага чейин бир нече өлкө агенттиктин айрым кызматкерлери ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) тобунун кол салуусуна аралашкан деген шектенүүлөрдөн улам каржылоону убактылуу токтоткон.

"Бүтүндөй уюмду жазалоо орунсуз"

28-январда Улуттар уюмунун баш катчысы “теракттарга тиешеси бар кызматкерлер жоопко тартыларына” убада кылды. Муну менен катар Гутерриш Палестиналык качкындар боюнча агенттикти (UNRWA ) каржылоо үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик берүүгө чакырды:

“БУУнун катчылыгы процедураларга ылайык күнөөлүү адамдарды сот жообуна тартуу үчүн кызматташууга даяр. Ошол эле маалда Палестинадагы агенттикте иштеген, айрым учурларда кооптуу абалга туш болгон он миңдеген аялдар менен эркектер жазаланбоого тийиш. Алар кызмат кылган айласы кеткен калктын муктаждыктары канааттандырылышы керек”.

UNRWA уюштурган мектеп. Рафах, 10-ноябрь, 2023-жыл
UNRWA уюштурган мектеп. Рафах, 10-ноябрь, 2023-жыл

Расмий маалымат боюнча Газада агенттиктин 13 миңдей кызматкери иштейт.

Ушу тапта АКШ, Британия, Канада, Финляндия, Италия, Германия, бардыгы болуп 9 мамлекет териштирүү аяктагыча акча бөлүүнү убактылуу токтотконун билдиришкен. Мунун алдында Израил уюмдун Жакынкы Чыгыштагы 12 кызматкери ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусуна аралашкан болушу ыктымал деген далилдерди келтирген.

Гутерриштин маалыматына караганда, терактка тиешеси бар делген 12 кызматкердин тогузу иштен кетирилди, бирөө каза тапканы тастыкталды, дагы экөө ким экени такталып жатат.

Ал эми агенттиктин башчысы Филипп Лаззарини согуш учурунда бул өңдүү чаралар орунсуз деп сындады:

“Кээ бир адамдар кылмыш жасаган деген шектенүүлөрдөн улам, өзгөчө уруш жүрүп, эл жер которуп, саясий кризис каптаган учурда бүтүндөй агенттикке жана алар кызмат кылган миссияга санкция колдонуу жоопкерчиликсиз кадам”.

Лаззарини Газадага адам өмүрлөрү жана региондун стабилдүүлүгү ошол колдоого көз каранды экенин белгиледи.

"Жалынып-жалбарып тамак сураган" газалыктар

Ишембиде Рейтер агенттигинин кабарчысы сөзгө тарткан палестиналыктар UNRWA тараткан унга кезек күтүп турушканын, кээ бирлерине жетпей калып, куру кетишкенине нааразы болуп жатышты:

“Унга келгем, бирок түгөнүп калыптыр. 3-4 каптан алып кеткендер болду, мага болсо жетпей калды. Үч балам бар, аларды кантип багам билбейм. Кудай жардам берсин деп жалынып отурам”.

Башкалары болсо ун салынган оор мүшөктөрдү эркектер гана көтөрө аларын, кары-картаңдар, жетим-жесирлер гуманитардык жардамдан куру калып жатканын айтышат.

Анклавдагы кыйын абал, азык-түлүктүн, дары-дармектин, таза суунун тартыштыгы, жугуштуу оорулардын жайылышы, ачарчылык коркунучу тууралуу гуманитардык уюмдар согуштун башынан бери эле эскертип келатышат. Суук түшкөнү чатырларда, алачыктарда, жылуулук жок башка жайларда башкалкалап келаткан газалык качкындардын тагдырына кооптонуулар күчөдү.

Өткөн бейшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Газадагы координатору Шон Кейси сектордун түндүгүндө “азык-түлүк дээрлик жок экенин, жолуккан карапайым кишилер жалынып-жалбарып тамак сураганын” айтып берген.

Рафахтагы лагерде башкалкалаган балдар. Газа тилкеси, 18-январь 2024-жыл
Рафахтагы лагерде башкалкалаган балдар. Газа тилкеси, 18-январь 2024-жыл

Анклавдагы медициналык кызматкерлер тоё тамактанбаган энелердин балдары оорукчан болуп төрөлүп жатканын, сүт чыкпай ымыркайлар да ачка калганын, жарадар болгон бейтаптардын иммунитети алсырап, инфекцияларга туруштук бере албаганын белгилешет.

Куралдуу кармаш башталгандан бери Газанын 2 миллиондон бир аз ашкан калкынын көбү жер которууга мажбур болду.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, ишембиде Израилдин аскерлери тилкенин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында хамасчыларга каршы операциясын улантышты.

ХАМАС жетектеген тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги согуш башталган 7-октябрдан бери 26 миңден ашуун палестиналык каза тапканын, 65 минге жакыны жарадар болгонун ишембиде маалымдады. Израил бийлиги 7-октябрдагы кол салууда 1 миң 200 киши набыт болгонун, 253 киши барымтага алынганын билдирген.

1949-жылы негизделген UNRWA Газа, Иордан дарыясынын батыш жээгинде, Ливан, Сирия жана Иорданиядагы палестиналыктарды гуманитардык, медициналык, билим берүү тармагындагы жардам менен камсыздоо иштерин алып барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG