Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Активистке кол салуу аракети иликтене баштады


Жарандык активист Улан Үсөйүн Бишкектеги акциялардын биринде.
Жарандык активист Улан Үсөйүн Бишкектеги акциялардын биринде.

Жарандык активист Улан Үсөйүн Баткенде аңдууга жана коркутуу, кол салуу аракетине кириптер болгонун айтып чыкты. Бул ишти милиция териштирүүдө. Активист муну өзүн элге жек көрсөтүү үчүн "атайын жасалган чагым" деп баалады.

Ал Баткенге “Айылдык табышкер” долбоорунун алкагында чакан ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аларга онлайн иштөө ыкмаларын үйрөтүү максатында барганын билдирди.

Анын айтымында, баргандан эки күндөн кийин, 5-июлда өзү жайгашкан мейманканада шектүү кишилер пайда болгон. Кийин он чакты бала тамактанган жайына чейин барып, шаардан чыгып кетпесе кол салышарын эскерткен.

“Башында "Мерседес" автоунаасы менен жүргөн эки жигит айланчыктап, тамактанган жайыбызга чейин барды. Анан алар көбөйө баштады. Ошол жерден ар кандай сөздөрдү айтышты. "Кетип калгыла, болбосо жок кылабыз, өлтүрөбүз" деп опузалашты. Мен чагымга алдырбай башка жайга кетип калдым. Ал жакка дагы жетип барышты. Ошол эле автоунаада жүрүштү. Агрессивдүү топтун ичинен бирөөсүнө "мени тааныйсызбы, мен жөнүндө маалыматыңыз барбы?" десем, "жок" дейт. Анан кепке тартсам, "сен жөнүндө туура эмес айтышыптыр" деп эле түшүндү. Кийин таркап кетишти. Бирок жанагы эки жигит арттан калбай эле айланчыктай берди. Башка жайга түнөмөй болуп кетип калдык. Милицияга дароо кабарлап, арыз жаздык. Сүрөт, видеолорду дагы өткөрүп бердим. Көрсөтмө бергени барсам, "Мерседес" автоунаасы ошол жерде туруптур. Сураштырсам, 10-бөлүмдө иштеген балдардыкы дешти. Атайын даярданышты, каралоо аракеттери ишке ашпай калды”,-деди Улан Үсөйүн.

Активист акыркы учурда бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, сындап жүргөндөн улам "чагым уюштурулуп жатат" деген пикирде.

“Мындай басым акыркы бир-эки айдан бери эле болуп жатат. Биз бийликтин кемчилигин ачык айтып жатабыз. Аныбыздан кайтпайбыз. Ошону билгенден кийин каралоо иштерин уюштурушуп, ар кандай басым жасаганга аракет кылышууда”.

Милиция активисттин айткандарын четке какты. Баткен облустук ички иштер башкармалыгыны басма сөз катчысы Дамира Юсупова Улан Үсөйүндүн арызы кабыл алынып, "майда бейбаштык" беренеси менен ишти териштириле баштаганын маалымдады:

“5-июль күнү болжол менен саат 18.10 чамасында Баткен районунун Бужум айылындагы кафелердин биринде ондон ашуун жаран "Көчмөн Nomad" фондунун директору, 1993-жылы туулган Улан Үсөйүндүн автоунаасынын жолун тосуп, коркуткандыгы тууралуу арыз келип түштү. Ал Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Денесинен алган жарааты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Улан Үсөйүн андан баш тартып койгон. Анан "милиция чагым уюштурду" дегени такыр чындыкка коошпойт".

Баткен шаары
Баткен шаары

Улан Үсөйүн май айында эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда атайын топ менен барып, жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, чет тилдерде материалдарды жасап келген. Ошол кезде активист Рита Карасартова да чек ара айылдарында жардам таркатып жүрүп кодулоого кабылганы социалдык тармактарда тараган.

Жергиликтүү активист Сарвар Турдубаев Улан Үсөйүнгө карата жасалган мамилени сындады:

“Улан Үсөйүнгө Баткен облусунда ушундай мамиле кылышканы жакшы эмес. Анткени, бул жигиттин Кыргызстан өнүксүн деген аракеттерин жакшы билем. Май айында чек арадагы апаатта кандай күйүп-бышып жүрдү. Ушундай кадамга барардан мурун ошол жигиттер Улан тууралуу толук, так маалыматты билип, өзү менен сүйлөшүп, анан чечим кабыл алышса дейт элем. Качанга чейин бирөөнүн сөзүнө кирип, туура эмес иштерди жасап, курал боло беребиз. Уят иш бул!”.

Акыркы учурларда жарандык коом өкүлдөрү менен активисттерди жаман көрсөтүү үчүн социалдык тармактарда дагы атайын фейк-топтор аракет кылып, түрдүү ушак айыңдарды таркатып жатканы айтылып келет. Баткендеги Жаш ишкерлер бирикмесинин бизнес-кеңешчиси Дастан Турдуев буларды белгиледи:

“Жаштар баары эле терең анализ жасабайт деп айткандан алысмын. Бирок аймактагы жаштардын аң-сезимин башка нукка буруп, өз максаттарын ишке ашырууга аракет кылгандар болууда. Анткени, агрессивдүү жаштарга түшүндүрүп, сүйлөшкөн учурда алар да туура түшүнүп таркап кетип жатышат. Демек, бул иштин артында кимдир бирөө бар экени анык. Бирок ким, эмне максатта жасагынын айтуу кыйын”.

Улан Үсөйүн Бишкекте коррупцияга каршы митингдерди уюштуруп жүргөн активисттердин бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG