Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Молдова эгемендик күнү майрамын белгилөөдө


Желектер аркылуу да үмүт чагылдырылган учур. Чимишлия, Молдова. 28-август, 2021-жыл.
Желектер аркылуу да үмүт чагылдырылган учур. Чимишлия, Молдова. 28-август, 2021-жыл.

27-августта Чыгыш Европадагы постсоветтик жумурият – Молдова өзүнүн СССРден мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялаган күндү расмий белгилөөдө. Бир жагынан, молдовалыктар өздөрүнүн болочокку тагдырын Европа Биримдиги менен байланыштырып түптөгүсү келсе, экинчи жагынан, Днестр боюндагы жикчилдердин көпчүлүгү путиндик Орусиядан кол үзүүнү каалашпайт. Гагауз автоном аймагынын калкынын көпчүлүгү да расмий Кишинёвго шектенүү менен карап келишет. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстандык катары молдован элине жылуу сезимим Советтер Биримдиги доорунан бери калгандыгын айта кетейин. Ал кезде СССРге кирген ар бир 15 жумурияттын тарыхы менен маданиятынан азыноолак болсо да кабардар болчубуз.

Молдова мээнеткеч жүзүмчү багбандар менен дыйкандардын күнөстүү жана жашыл өлкөсү катары эсте калды. Ал эми XIX кылымдын соңунда Кыргызстанга келип, элеттик кыргыздарды чечек оорусуна каршы дарылаган адис Василий Фрунзе теги боюнча орусташкан молдован эле. Анын тегаты (“Фрунзе”) молдован тилинде “жашыл” сөзүн туюнтат деп укчубуз.

Совет доорунда молдовалык жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары кыргыз тилинде жарык көргөн. Маселен, Спиридон Вангелинин (Spiridon Vangheli) “Гугуцэнин жоруктары” чыгармасы кыргызча которулган.

Даңазалуу ырчы София Ротару украиналык болгону менен ата-теги жагынан молдован экенин дурус билчүбүз. Албетте, ал өзүн украин жараны катары гана тааныйт (ал 2002-жылы “Украинанын Баатыры” наамын алган).

1982-жылдын соңунда София Ротару көгүлтүр экранда обого чыккан “Обондуу ырлар – 82” (“Песня-82”) берүүсүнүн жыйынтыктоочу чыгарылышында “Меланколие” (“Melancolie”; “Сагыныч кудурети”; текстин жазган – Григорий Виеру, обону – Петр Теодоровичтики) ырын молдован тилинде жана украиндик “Червона Рута” ансамблинин коштоосунда татынакай ырдап чыкканы да эсибизде калды.

Тарыхка кылчаюу

Албетте, Молдованын чыныгы тарыхы тууралуу маалыматыбыз совет доорунда дээрлик жок болчу.

Эски тарыхка учкай гана кылчайсак, бул аймактагы жергиликтүү калктарды батышка журт которгон гундар да, славяндар да, венгр, кыпчак, Алтын Ордо, кайрадан венгрлер көзөмөлдөгөн учурлар да болгон.

1359–1812-жылдарда чакан Молдова мамлекети (Principatul / Voievodatul Moldovei) өкүм сүргөн. Ал эми 1812–1918-жылдардын аралыгында бул жерге падышалык Орусиянын отордук аймагы болгон.

Падышалык режим кулатылган соң, оболу 1917-жылы өктөбүр ыңкылабынан соң Молдова (Молдавия) жергеси Орусиянын курамындагы автономия деп жарыяланган. Ал эми 1918-жылдын 18-февралында бул автономия өзүн Молдова Демократиялык Республикасы (Republica Democratică Moldovenească) деп аталган көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаган. Ал парламенттик башкаруудагы жумурият болгон.

(Бул жумурият Ленинге жана анын болшевиктик өкмөтүнө эч тиешеси жок эле негизделген).

1918-жылдын февралынын акыркы ондугунан декабрынын алгачкы ондугунун соңуна чейин өкүм сүргөн бул эгемен мамлекеттин калкынын саны 2 миллион 700 миңдей болгон. Андагы калайыктын көпчүлүгүн молдова улутунун өкүлдөрү түзгөн. Андан тышкары өлкөдө украин, гагауз, орус, немис, болгар, жөөт, ж.б. этностордун өкүлдөрү байырлашкан. Жумурияттын борбор шаары Кишинёв болгон.

1918-жылы 10-декабрда Молдова Демократиялык Республикасынын аймагынын басымдуу бөлүгүн Румыния падышалыгы каратып алган да, анын аймагы жөн гана үйөзгө айландырып койгон. Бирок Совет өкмөтү Бессарабияны румын аймагы катары эч тааныган эмес.

1919-жылдын 11-майынан сентябрына чейин Украинанын аймагында Бессарабия Социалисттик Советтик Республикасы деген убактылуу болшевиктик жумурият түзүлгөн. Анын алгачкы борбору Одесса шаарында, андан соң Тираспол шаарында жайгашкан. 1919-жылдын күзүндө бул советтик жумурияттын аймагын Полша убактылуу басып алган.

Молдованын сол жээк бөлүгүндө (негизинен Днестр боюн камтыган) СССРдин курамындагы чакан Молдавия АССРи 1924-жылдын 12-октябрынан 1940-жылдын 2-августуна чейин өкүм сүргөн. Анын борбору Балта (1924–1929) жана Тираспол (1929–1940) шаарларында жайгашкан. Молдавия АССРинин калкынын көпчүлүк бөлүгүн славяндар (украин, орус, ж.б.) түзгөн, молдова улутунун өкүлдөрү 29 пайыздай гана болгон.

Чыгыш Европанын тарыхында 1939-жылдын августундагы (Экинчи дүйнөлүк согуштун ирегесиндеги) орун алган орчун окуялардын бири – нацисттик Германия менен сталиндик СССР түзгөн Молотов-Риббентроп пакты болду.

Бул пакттын жашыруун протоколунда “өлө элек аюунун териси” бөлүштүрүлгөндүгү, ага ылайык Экинчи дүйнөлүк согуштун баштапкы учурунда Иосиф Сталин башкарган СССР бийлиги, – Адолф Гитлердин макулдугуна ылайык, – азыркы Молдованын жана Украинанын бир бөлүгүн – 1919-жылдын акырынан тартып Румынияга таандык болуп келген тарыхый Бессарабия аймагын каратып алган.

1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германия Полшага кол салып, Экинчи дүйнөлүк согуш башталды. Ал эми 17-сентябрда Кызыл армия эгемен Полшага чыгыш тараптан кол салды.

1940-жылы Румыниянын падышасы Карол Экинчи нацисттик Германиядан обочолоп, Улуу Британия тарабын жактаган. Ал кезде нацисттик Германия менен үзөңгүлөш болуп жаткан сталиндик Кремль 1940-жылы 26-июнда Румынияга ултиматум коюп, СССРге Бессарабияны кайра кайтарууну жана Түндүк Буковинаны өткөрүп берүүнү талап кылды.

Румыния бул аймактардан өз аскерин чыгарып кетүүгө аргасыз болду. (Көп узабай, 6-сентябрда, сарай төңкөрүшү болуп, Карл Экинчинин ордуна тактыга анын уулу Михай Биринчи кайрадан отургузулду да, анын тушунда бийлик тизгини нацисттик Германиянын саясатын колдогон өкмөт башчы Ион Антонескуга тийди).

1940-жылы 2-августта СССРдин курамында Молдавия ССРи (МССР) деген жаңы союздук жумурият пайда болду. Бул тууралуу мыйзам ошол күнү СССР Жогорку Кеңешинин Жетинчи сессиясында кабыл алынган. (Тарыхый Бессарабиянын айрым аймактары Украина ССРине кошулганын белгилөө керек).

Нацисттик Германия менен СССРдин бийликтеринин өз ара кошумча маулдашуусуна ылайык, 1940-жылы күзүндө Бессарабиянын түштүгүнөн 100 миңдей немис жана Түндүк Буковинадан 14 миңдей немис Германияга көчүрүлгөн.

Кишинёв шаары Молдавия ССРинин борбору болуп калды. Калкы 2,7 миллион кишини түзгөн бул советтик жумурияттын батышында Румыния, калган бөлүгүндө Украина ССРи жайгашкан.

Молдавия ССРинин калкынын 70 пайыздайын молдован улутунун өкүлдөрү түздү.

Улуу атамекендик согуштун ирегесинде, 1941-жылы июнда, болжол менен 30 миңдей молдовалык тургун сталиндик режим тарабынан жазыксыз жерден СССРдин башка аймактарына депортацияланган же репрессияланган.

1941-жылы 22-июнда нацисттик Германия СССРге кол салган соң, Бессарабиянын калайыгынын өкүлдөрү жоолашкан эки тарапта тең салгылашууларга катышкан. 10 миңдей бессарабиялык тургун нацисттер тарабындагы румын аскерлеринин катарында кызмат өтөгөн (алардын жарымы набыт кеткен). 1944-жылы Молдавия ССРинин аймагы кайрадан нацисттик баскынчылардан боштулуп алынган. Кызыл армиянын катарында 257 миңдей молдовалык тургун салгылашкан.

Согуштан кийин Молдавия ССРиндеги айрым антисоветтик эгеменчил күчтөр бир катар жылдар бою куралдуу же тынч күрөш ыкмалары менен советтик бийликке каршы күрөш жүргүзүшкөн.

1949-жылы Молдавия ССРинен дээрлик 41 миңдей киши (мурдагы капиталист, жер ээси, кулак, чыккынчы, ж.б. катары) СССРдин башка аймактарына күчтөп көчүрүлгөн.

Эгемендик үчүн күрөш

СССРдеги “Кайра куруулар” доорунун соңку жылдары, өзгөчө 1939-жылдагы Молотов-Риббентроп пактынын 1989-жылы ачыккка чыгышынан соң, Молдовада да демократиячыл жана улутчул талаптар менен чыккан саясий кыймылдар жандана баштаган.

Демократиячыл кыймылдардын кеңири жайылышына молдован тилинин макамын кеңейтүү талабын койгон жүрүм да чоң таасир тийгизген. Бул жүрүм маалында латын алфавитине негизделген молдован тилин мамлекеттик тил катары жарыялоо талаптары да айтыла баштаган.

1988-жылы Молдовада "Демократиялык кыймыл" деген уюм түзүлгөн.

1989-жылы "Молдова элдик майданы" (Frontul Popular din Moldova) деген оппозициячыл саясий блок негизделген.

Бул сыяктуу демократиячыл уюмдар жумуриятта 1989-жылдын жайынан тартып антикоммунисттик демонстрацияларды байма-бай уюштуруп киришкен.

1989-жылы 31-августта МССРдин Жогорку Кеңеши жалгыз молдован тилин гана мамлекеттик тил катары жарыялаган мыйзамды кабыл алды. Орус тили этностор аралык баарлашуу тили макамын гана алды. (Кыргызстанда бул сыяктуу мамлекеттик тил мыйзамы Молдовадан 24 күн өткөн соң, 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган).

1990-жылы 25-февралда МССР Жогорку Кеңешине алгачкы жолу эркин шайлооо өткөрүлгөн. Элдик майдандын тарапкерлери парламенттеги мандаттардын 25 пайызын жеңип алышкан.

Ошол жылы 27-апрелде Молдова парламенти мурдагы советтик желектен баш тартып, көк–сары-кызыл болгон үч түстөгү желекти расмий кабыл алды.

Жаштар Молдованын Евробиримдик менен ынтымак куруу нугун колдогон коомдук жыйынга жигердүү катышты. Кишинёв, 21-май, 2023-жыл.
Жаштар Молдованын Евробиримдик менен ынтымак куруу нугун колдогон коомдук жыйынга жигердүү катышты. Кишинёв, 21-май, 2023-жыл.

1990-жылы 5-июнда жумурият парламенти өлкө аталышын “Молдова ССРи” деп өзгөрттү (айтмакчы, негедир азыр дагы бул “Молдова” сөзүн постсоветтик Орусиядагы расмий адабиятта жеришип, жумуриятты эскиче “Молдавия” деп атап келишет. Салыштыра кетсек, Индокытайдагы Бирма өлкөсүнүн аталышын орусиялыктар жаңыча “Мьянма” деп эле атап жүрүшөт).

1990-жылы 23-июнда Молдова ССРинин парламенти өз жумуриятынын эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алды жана СССР бийликтеринин 1940-жылы Молдавия ССРин түзүү тууралуу чечими мыйзамсыз кадам болгонун баса белгиледи.

Айтмакчы, азыркы тапта Молдованын Днестр бою аймагындагы маскөөчүл жикчилдер дал ушул декларацияга таянуу менен өздөрүн эгемен Молдованын сыртындагы мамлекет катары көрсөтүүгө далаалат кылышууда, бирок 1991-жылы ыдыраган СССРдин картасында Днестр бою аймагы Молдованын ажырагыс бөлүгү катары тастыкталган.

1990-жылы 2-сентябрда Днестр боюндагы кеңештердин өкүлдөрү Тираспол шаарында курултайга чогулушуп, СССРдин курамындагы “Днестр боюндагы Молдавия Советтик Социалисттик Республикасы” (Приднестровская Молдавская Советская Социалистическая Республика) деген түзүлүштү бир тараптуу жарыя кылышты.

Парламент спикери Мирча Снегур (Mircea Snegur) 1990-жылдын 3-сентябрынан тартып жумурияттын алгачкы президенти болуп калды.

1991-жылы 17-мартта Молдова ССРинин бийликтери Советтер Биримдигин жаңы негизде сактап калуу боюнча бүткүл союздук референдумга бойкот жарыялады. Днестр бою, Гагаузия сыяктуу айрым гана аймактарда Кишинёвго каяша көрсөтүлүп, бул референдум үчүн добуштар уюштурулду.

1991-жылы 23-майда жумурияттын парламенти өлкө аталышын “Молдова Республикасы” деп расмий атоо тууралуу мыйзам кабыл алды. Өлкө аталышындагы “советтик” жана “социалисттик” сөздөрү алынып ташталды. (Кыргызстан болсо 1990-жылдын 15-декабрынан тартып “Кыргыз(стан) Республикасы” деп аталып калган).

Тираспол шаары, Днестр бою, Молдова. 27.8.2020.
Тираспол шаары, Днестр бою, Молдова. 27.8.2020.

1991-жылы 25-августта Днестр боюндагы аймактын жикчилдер арбын топтолгон бөлүгү өзүн бир тараптуу түрдө көз карандысыз мамлекет жарыялады жана “Днестр боюндагы Молдавия Республикасы” (Приднестровская Молдавская Республика) деген аталышты бир тараптуу кабыл алды.

Бүгүнкү күнү дүйнө коомчулугу, дүйнөлүк уюмдар (анын ичинде БУУ) Днестр бою аймагын Молдованын ажырагыс бөлүгү деп гана таанып келет.

Ал эми мурдагы эскичил советтик тоталитардык мамлекетти сактап калуу максатында 1991-жылдын 19–21-августунда жасалган коммунисттик кутум (ГКЧП) далаалаты майнапсыз аяктаган соң, Молдовада да эгеменчил күчтөр жаңы демөөргө ээ болушкан.

Натыйжада 1991-жылы 27-августта Молдова парламенти жумуриятты көз карандысыз мамлекет деп жарыялады.

Молдованын СССРдин курамынан биротоло чыгышынын жүрүмү 1991-жылдын декабрындагы СССРдин биротоло ыдырашы менен жыйынтыкталды.

Азыркы эгемен Молдованын күрдөөлү

Бүгүнкү күнү Молдова – унитардык парламенттик демократиялык жумурият болуп саналат.

2020-жылдын 24-декабрынан бери Майя Санду (Maia Sandu) айым – өлкө президенти. 51 жаштагы бул айым кесиби боюнча экономист, демократиячыл көз карашы менен таанымал. Ал өлкөнүн Европа менен тыгыз ширелишин жактайт. Санду айым эне тилинен тышкары англис, орус жана испан тилдерин билет.

Молдованын президенти Майя Санду менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. 22.3.2023.
Молдованын президенти Майя Санду менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. 22.3.2023.

Днестр боюндагы тынчтыкты камсыз кылып туруучу эл аралык күчтөр ЕККУнун колдоосу астында аракет кылууда. Бул күчтөрдүн курамындагы молдовалык, Днестр бою аймагынын жана украиналык жоокерлерден сырткары 1500дөй орусиялык жооокерлер кызмат өтөөдө.

2016-жылдын 17-сентябрында Молдованын ошол кездеги өкмөт башчысы Павел Филип (Pavel Filip) Бишкектин түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылынын жанындагы "Ата-Бейит" эскерүү жайына келип, падышалык Орусияга каршы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштө жана Улуу Үркүн маалында курман болгон кыргызстандыктардын элесине арналган жаңы эстеликке гүл койгону эсте.

Молдова 2022-жылдын 23-июнунан тартып Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер макамына ээ болду.

Айтмакчы, өлкө калайыгынын Евробиримдикке карата мамилесин бир кылка дешке болбойт. Маселен, Днестр боюндагы жикчилдердин бир далайы Евробиримдикке алигиче чоочуркап карашат жана путиндик Орусиядан кол үзүүнү каалашпайт.

Түрк тилдүү жана дини ортодокс христиан болгон гагауздар арбын байырлаган Гагауз автоном аймагынын (Avtonom Territorial Bölümlüü Gagauziya) калкынын көпчүлүгү да расмий Кишинёвдун батышчыл саясатына шектенүү менен карап келишет.

2022-жылдын 24-февралында путиндик Орусия коңшу Украинага каршы 2014-жылы башталган баскынчыл согуштун кеңири өлчөмдөгү баскычына өткөн соң, Молдованын бийликтери Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырааттуу колдоого алышууда.

Президент М.Санду БУУнун Жалпы жыйынынын 77-сессиясында чыгып сүйлөдү жана өз сөзүндө Украинадагы согуш маселесине да кайрыла кетти.

М.Санду айым “Телеграм” каналдагы баракчасында бул сөзүнүн мазмунун кыскача баяндады. Ал Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун терең айыптагандыгын, Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоп жаткандыгын, ошондой эле көз карандысыздык үчүн күрөшүн улантып жаткан украиналыктарга суктанаарын билдиргенин айтты.

“Мен ошондой эле биздин чек арабыздан өтүп келген он миңдеген качкындарга үйлөрүн жана жүрөгүн ачкан бардык молдовалык үй-бүлөлөргө таазим кылдым. Биздин моралдык милдетибиз – Украинаны колдоону уланта берүү”, – деди президент Санду.

Молдовандар быйылкы эгемендик күнү майрамын коңшу Украинадагы Путиндин режими таңуулаган баскынчыл согуш тез арада басылса экен, согуш өртүнүн эпкини өз өлкөбүзгө тийбесе экен, деген санааркоолордун коштоосунда белгилешүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG