Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

"Эмдөөдөн баш тартуунун кесепети тийип жатат". Дүйнөдө кызамык күч алды


Кызамыкка каршы эмдөө
Кызамыкка каршы эмдөө

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 22 миң киши эмдөөдөн баш тартканын билдирди. Өткөн жылдан бери кызамык күч алып, эки жылда тогуз бала чарчап калды. Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганы айтылат. Дүйнөдө да оору жайылып баратат.

Министрлик бул жаатта маалымат таратуу үчүн дин өкүлдөрүнөн да көмөк сурап, тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынды.

15-январда президент Жапаров “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон. 2023-жылы ноябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган документте саламаттык сактоо тармагындагы бир нече мыйзам бириктирилген. Ал алты айдан кийин күчүнө кирип, иштей баштайт.

Жаңы мыйзам боюнча эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жер-жерлерде балдардын укугун коргоо боюнча комиссия мүчөлөрү иш алып барат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жугуштуу оорулардын алдын алып, калктын саламаттыгын сактоодо жакшы жыйынтык берет деген ишеним бар.

"Биз сөзсүз вакцина алышың керек деп эч кимди мажбурлай албайбыз. Бирок кырдаал курчуп, эпидемиологиялык абал начарлап кеткен учурларда билим берүү мекемелери балдарды окуу жараянына аралаштырбайт, бала бакчага, окууга кабыл албайт. Ал эми ишке жарамдуу жаран кеңсеге бара албайт. Мына ушул мыйзам президент Жапаровдун буйругу менен инвентаризацияга кирди. Эми жергиликтүү бийлик органдары кырдаалга жараша чечим кабыл ала алат".

Эмдөөдөн баш тартуу 10 жыл мурда башталган

Статистикага ылайык, эмдөөдөн баш тартуу 2012-жылы башталган. Бирок кыргыз медицинасы вакцина албай, тил кат жазып бергендердин эсебин 2016-жылдан тарта санап келет.

Эмдөөнү албай коюунун кесепети Кыргызстанда 2014-2015-жылдары сезилип, бул жылдары кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, көрсөткүчтөр кескин жогорулап кеткен. Дарыгерлер коңгуроо кагып, Кыргызстан дин башкармалыгы менен биргеликте иш алып барган. Калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, адистер үймө-үй кыдырып, кызамык тууралуу кеңири маалымат берген.

Буга карабай, жыл өткөн сайын мамлекет жана эл аралык донорлор каржылаган бекер вакцинаны алууну каалабагандардын саны жылдан-жылга өсүп келет. Алсак, 2018-жылдын 11 айында жети миң киши вакцинадан баш тарткан. 2019-жылы бул көрсөткүч 6,5 миң кишини түзсө, 2020-жылы жети миң киши болгон.

Эмдөөдөн баш тарткандардын эң көп саны 2023-жылга туура келет. Бул жылы 22 миң киши балдарына вакцина сайдырууну каалабай, тил кат жазып берген.

Кыргызстан менен Казакстанда кызамык жайылууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:48 0:00

Мындай ата-энелер менен эми жаңы мыйзамга ылайык бир гана медицина кызматкерлери эмес, атайын комиссиялар да иш алып бармай болду.

"Медиктерге келип вакцина алуу боюнча күмөн санап, баш тартарын айткан ата-энелер болсо, алар менен иштешүүгө комиссия мүчөлөрү тартылат. Азыр ар бир аймакта, айыл өкмөттөрдө балдардын укугун коргоо боюнча иш жүргүзгөн комиссиялар бар эмеспи. Мына ошол адистер жаңы мыйзам боюнча медиктерге көмөктөшөт. Калк менен иштейт. Мындай аракеттер менен түшүндүрүү иштери күчөтүлүп жатат. Тагыраагы, вакцианын маанилүүлүгү жөнүндө бир эле медицина кызматкери айтпастан, ага социалдык кызматкерлер, комиссия мүчөлөрү, билим берүү кызматкерлери жана казыяттан адистер кошулат. Жалгыз бир адистин айтканына караганда бир канча адистин сөзү өтүмдүү болот деп турабыз. Балдардын укугу тууралуу кодекстин 9-беренесинде ар бир ата-эне анын саламаттыгы үчүн жооптуу экени жана кам көрүшү керектиги айтылат. Мына ушу беренелер айтылып, эл менен иштөө күчөтүлөт. Айтор, ата-энелерге өз баласына тиешелүү укуктары жана милдеттерин түшүндүрөбүз. Биз тиги же бул жаранды жоопко тарталы деген ниетте эмеспиз. Өкмөт жөн гана ар бир кыргыз жараны үчүн кам көрүүдө. "Бул менин балам" деген түшүнүк менен эле чектелбей, коомду да ойлошубуз зарыл болуп турат", - деди Гүлбара Ишенапысова.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун 30-январдагы маалыматына ылайык, жыл башынан бери 1088 адам кызамык жугузганы аныкталган:

Бишкек шаарында 317, Ошто 49, Жалал-Абад облусунда 255, Чүй - 242, Ош облусу - 181, Талас облусу - 15, Нарын облусу - 13, Баткен облусу - 11, Ысык-Көл облусунда 5 кишиден вирус табылды.

Жугуштуу ооруга чалдыккандардын 423ү бир жаштан төрт жашка чейинки балдар. Ал эми 360 бала бир жашка чыга элек наристелер.

Оору 20 жана 30 жаштан жогору адамдар арасында да катталууда. Алсак, кызамыктын 49 учуру 20-29 жаштагылар арасында катталган. Дагы 32 учур 30 жаштан жогорку жаштагылар арасында болууда.

Кызамык деген эмне?
Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Инфекциянын булагы – оорулуу адам болуп саналат. Кызамыкты бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөөнөттө байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жугузуп алышат. Бир оорулуу адам 10 кишиге кызамыкты жугузушу мүмкүн.
Кызамыктын белгилери:
Кызамыкты жугузуп алган адамдын дене табы 40 градуска чейин жогорулайт, мурду бүтүп, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт.
Эн алгач исиркектер оорулуунун кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, көкүрөгүндө жана тулку боюнда пайда болуп, андан кийин колу-буттарына тарайт.
Кызамык эмнеси менен коркунучтуу?
Иммунитети начар бейтаптар кызамыктын оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши, өпкөнүн сезгениши (пневмония) (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турган бузулууларына алып келет.
Андан башка кызамык эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Оору өлүмгө да алып келет.
Кызамыктан кантип сактануу керек?
Кызамыкты алдын алуунун ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналат. Кыргыз Республикасындагы эмдөө жадыбалына ылайык, балдар КПК вакцинасын (кызылчага, эпидемиялык тепкиге жана кызамыкка каршы) төмөнкү куракта алууга тийиш:
I. 12 айында
II. 6 жашында

"Түшүндүрүү иштери жетишсиз"

Кызамык күч алган мезгил 2014-2015-жылдарга туш келген. Анда 17 миң киши бул ооруга кабылган. 2018-жылдын күз айларында да 500 киши ооруп, анын 48% бир жашка чейинки балдар болгон. Ошол жылы жети айлык наристе кызамыктан чарчап калган.

Кыргызстанда вакцина алып, саламаттыгы начарлап же майыптык алып калган бир да учур тууралуу маалымат жок. Сотко кайрылып, "вакцинанын таасиринен улам балам жапа чегип калды" дегендер да болгон эмес. Ошентсе да, диний көз караш жана вакцинага ишенбей, андан баш тарткандардын саны жылда- жылга көбөйгөнү байкалат.

"Мутакалим" коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы эмдөө тууралуу айрымдардын кооптонуусу негиздүү деп эсептейт. Маселен, чет жактан алынып келген вакцина тууралуу сурагандардын дээрлик бардыгы жетиштүү маалымат ала албайт:

"Түшүндүрүү иштери жакшы жүрүшү керек. Эски ыкмага салып алып эле "ооба, биз түшүндүрдүк, маалыматтар сайтыбызда турат" деген натыйжалуу болбойт. Бул иштер системдүү түрдө жүрүшү зарыл. Мисалы, азыр кызамык күч алып турганда гана ойлонуп, чуркап, маалыматтык компанияны өткөрө салуу дароо кызамыкты токтотуп жибербейт, же болбосо вакцинадан баш тарткандардын санын азайтпайт. Жаш баласы бар бүлөлөр медициналык мекемелерге барып, вакцина тууралуу күмөн оюн бир жаңсыл кылуу үчүн маалымат алайын десе, ошол эле медиктер "алгың келбесе баш тартам деп, тил кат жаз" деп ак кагазды колуна кармата салып атышат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда мына ушундай чоң көйгөй бар. Ошондой эле бир гана диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартып аткандарды баса белгилөөнүн кереги жок, алардын арасында ошол эле атеисттер, медиктер өзүлөрү да бар. Андан сырткары эң негизги эки жагдай бар - "ошол вакцианы ким алып келип атат жана анын курамында эмне бар?" деген суроо көпчүлүктү кызыктырат. Аалымдар кеңешинен, муфтияттан, Саламаттык сактоо министрлигинен эксперттер вакцина чыккан жерди барып, өз көзү менен көргөнүн видеого тартып, элге көрсөтүп, айтып бергени алда канча жыйынтыктуу иш болот".

Вакцинасы текшерүүдөн өтпөй калган компаниялардын да эмдөөдөн баш тартып аткандардын көбөйүшүнө таасир этиши ыктымал экенин Фронтбек кызы кошумчалады.

Эмдөөдөн баш тарткандар жана эпидемиологиялык абал

2024-жылдын алгачкы 29 күнүндө эле вакцина алуудан баш тартып, тил кат жазып бергендердин саны миң адамды түзгөн. Эгер бул көрүнүш улана берсе, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал мындан да курчуп, өлүм-житимдин саны көбөйүп, кооптуу абал жаралышы ыктымал экенин адистер эскертүүдө.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учур катталып, алынган анализдерди изилдеп чыкканда, вирустун D8 генотиби аныкталган.

Былтыр оорунун 7046 учуру катталып, алардын 43,5% 1-4 жаштагы балдар түзгөн.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда бул оорудан тогуз бала чарчап калган. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырып келет.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

Өлкөдө вакциналарды сатып алуу Кыргызстандын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы меморандумдун алкагында ишке ашырылат. ЮНИСЕФтин сатып алуулар бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт, анда продукциясы эл аралык GMP стандарттарына жооп берген жана ДСУнун алдын ала квалификациялоо процедурасынан өткөн фармацевтикалык компаниялар гана катыша алат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова Кыргызстандын аймагына алып келинген ар бир вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өтүп, эксперттердин колдоосун тапкандан кийин гана колдонууга берилерин айтууда:

"Кыргызстанда колдонулуп жаткан вакцинанын бардык түрлөрү текшерүүдөн өткөн. Алар улуттук стандарттарга жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Биз колдонуп аткан вакциналар ошол эле Европа өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонулат. Вакцинаны алган бала ооруп, ден соолугу жабыркаган бир да учур катталган эмес".

10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан вакциналарды төмөнкү жеткирүүчүлөрдөн сатып алууда:

GlaxoSmithKline (Белгия), Sanofi Pasteur (Франция), Biopharma (Индонезия), BCG nonlaboratory (Жапония), Crucell (Швейцария), Panacea Biotech, Serum Institute (Индия), Intervax Biological (Болгария Berna Biotech Korea Corporation, Crucell Company (Корея), LG Life Sciences Ltd. (Корея), Pfizer Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу (Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу).

Вакцина менен камсыз кылуунун бардык деңгээлдеринде, өндүрүүчүдөн баштап, саламаттык сактоо уюмдарына жана вакцинаны алуучуга чейин, сактоонун жана ташуунун температуралык шарттары камсыздалат. Бул үчүн стандарттык операциялык процедураларга ылайык температураны эсепке алуучу аспаптар колдонулат.

ЮНИСЕФтин 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Негизинен кызамыктан эмдөө 1963-жылы башталган. Ага чейин кызамыктын, шал оорусунун кесепетинен көз жумгандар көп болсо, эмдөө жасала баштагандан бери жоготуулар кескин азайып, илдеттин жайылышы токтогон.

"Азыркы күндө ошол эмдөөдөн өткөн адамдар, 50-60-70 жаштагы, улуу муундагы адамдар өздөрү эмделип, оорубагандыктан, бул ооруга олуттуу мамиле кылбай жатышат. Алар өздөрү чоңоюп алышып, минтип неберелеринин ден соолугу менен ойноп жатышат. “Биз ооруган эмеспиз, балдар деле оорубайт” деген жүйөнү келтирип жүрүшөт. Балдары, неберелери ооруйт, анткени алар эмдөөдөн өтпөй жатышат", - деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова.

Төрөтканадан вакцина албагандар

Кыргызстанда жылына 160 миңдин тегерегиндеги наристе жарык дүйнөгө келет. Алардын айрымдарынын ата-энеси төрөтканадан эле бала туулганда алынуучу эки вакцинадан баш тарта баштаганын дарыгерлер айтып, тынчсыздануусун билдирүүдө.

Балдар невропатологу, 30 жылдык эмгек тажрыйбасы бар дарыгер Бурул Кубакееванын айтымында, төрөт үйүндө жаңы көз жарган энелерди балдарына эмдөө жасатууга көндүрүү барган сайын кыйын болууда:

"Жадыбал боюнча бардык вакциналар алынышы керек эле. Бирок бир үй-бүлөдө, мисалы, азыр беш бала болсо, бешөө тең эмделген эмес болуп атат. Төрөтканада жаңы туулган ымыркайга кургак учук жана сарыкка каршы вакцина жасалат, бирок ошондон да баш тартып, басып кеткендер көп. Биз кандай кылышты билбей калдык. Колуңан келишинче түшүндүрүп атсаң, "мен бул вакцинага ишенбейм" деп коюшат. Айлабыз кеткенде жаңы көз жарган энелерге "сен да убагында эмделгенсиң, мен да эмделгем, ошондуктан жугуштуу оорулардан оолакпыз" деп айтабыз. Ошондо да угушпайт. Мисалы, мен окуу жайды жаңы бүтүп атканда кызамык катталып, катуу ызы-чуу болгон. Андан кийин бул тууралуу уккан да, көргөн да эмесмин. Анан шал оорусун көрдүм, менин көзүмчө наристелердин дене бою кыймылдабай калган эле. Бул өтө оор жана кооптуу оорулар экенин аңдап, түшүнгүсү келбегендер бизди адис катары кейитет. Ошондуктан ата-энелерден суранабыз, балдарыңызга вакцина жасаткыла, анын терс таасири жок".

17-январда Республикалык саламаттыкты бекемдөө борборунун адистери жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү Чүй облусундагы 25 имамдын катышуусунда эмдөөнүн мааниси жана кызамык коркунучу талкуулаган. Адистер эпидемиологиялык абал, анын ичинен кызамыктын жайылып жатканы тууралуу маалымат беришкен. Молдолордон жума намаз жана башка учурларда кызамыкка каршы эмдөөнүн мааниси жана зарылчылыгы жөнүндө туура маалыматтарды жеткирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Мындай иштер ушул тапта өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлүүдө.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Дүйнөдөгү абал

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2023-жылы Европада кызамык менен ооругандардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 45 эсеге көбөйдү.

Андан тышкары АКШнын айрым штаттарында дагы бул илдетке кабылгандардын саны өсүп жатат. Уюм мунун себебин СOVID-19 пандемиясынын учурунда көп балдардын кызамыкка каршы эмделбей калышынан көрүүдө.

Европада кызамыкка чалдыккандардын саны боюнча учурда Британия алдыда. 2023-жылдын соңку төрт жумасында эле Англия менен Уэльсте бул илдетти 200 бала жуктуруп алган. Улуттук саламаттык сактоо кызматынын статистикасына караганда, өлкө боюнча 16 жашка чейинки 3,4 миллион бала кызамыкка каршы эмделген эмес.

“Кызамык-абдан жугуштуу илдет. Көп учурда адамдар аны жөн гана денеге чыккан бүдүр катары кабыл алышат. Англияда жана жалпы Бириккен падышачылыкта кызамык ооздукталгандыктан, буга чейин ооругандардын саны кыйла аз болчу. Ошондуктан эл аны саламаттыкка өтө чоң коркунуч катары кабыл алышпайт. Бирок кызамык жугуштуу болгондуктан биз вакциналоону жогорку деңгээлде жүргүзүп турушубуз керек”, - дейт Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын өкүлү Стив Рассел.

Британиядан тышкары Румынияда кызамыкты жуктуруп алгандардын саны медиктерди кооптондуруп жатат. Былтыр декабрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги эпидемия жарыялагандан бери илдет төрт кишинин өмүрүн алды. Алардын үчөө балдар. Жалпы өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны үч миңге чукулдады. Андан тышкары Австрия, Франция, Германияда дагы кызамык жуктуруп алгандар катталган.

АКШнын Филадельфия штатында быйыл кызамык жуктуруп алган тогуз киши катталган, Вашингтон штатында үч, дагы башка штаттарда бирден учур аныкталган.

Январь айына карата кызамык жайылган мамлекеттердин саны 49га жетти. Кызамыкты көзөмөлдө кармаш үчүн калктын тийиштүү бөлүгүнүн 95% эмдөөдөн өтүшү керек.

Оору эмдөө менен ооздукталат

АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун кызамыкка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Дэвид Шугермандын айтымында, вирус абада эки саатка чейин кармалат.

Илдеттин белгилери катары дем алуунун кыйындашы, аба табынын көтөрүлүшү, конъюнктивит жана денеге чыккан бүдүрлөр саналат.

АКШда кызамыкка каршы вакцина эки доза менен сайылат. Алгачкысы баланын 12-15 айлык чагында, кийинкиси 4-6 жашында сайылат. Шугерман белгилегендей, вакцинанын бир дозасы вирустан 93% сактай алат.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму илдетке чалдыккандардын санын көбөйүшүн вакцинациянын деңгээлинин төмөндөшүнөн көрөт.

Жалпысынан бул көрсөткүч 2020-жылдан бери ылдыйлоодо.

Уюмдун жетекчилиги кырдаалды коронавирус пандемиясы дагы оорлотконун белгилейт. 2020-2022-жылдары Европада 1,8 миллион ымыркай вакцина албай калган.

“COVID-19 пандемиясынан улам жаралган чоң көйгөйлөрдүн бири - көп өлкөлөрдө иммунизация боюнча программа үзгүлтүккө учурады. Мындан улам кызамык, дифтерия, полиомелит жана башка оорулар күчөп кетти”, - дейт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус.

Дэвид Шугерман бул оору айрымдарга жеңил келгени менен, жарымынан көбү медициналык жардамга муктаж болорун белгилейт. Ошондой эле илдетти жугузуп алган балдарда диарея, пневмония оорулары өөрчүшүп кетиши мүмкүн. Ал эми кээ биринин мээсине чейин доо кетип, неврологиялык көйгөлөргө алып барышы ыктымал.

Статистикага караганда, кызамык менен ооруган миң баланын биринде угуу көйгөйлөрү жаралып, акыл-эсинин өнүгүүсү артта калат.

Борбор Азия боюнча Казакстан алдыда

Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, кызамыктын жайылышы боюнча учурда дүйнөдө Йемен менен Индиядан кийин эле Казакстан турат. Жакында эле расмий Астана илдетти ооздуктоо максатында 1,5 миллион доза вакцина алып, жапырт эмдөө башталганын жарыялады.

Анткен менен казакстандыктар балдарын эмдетүүгө анча шашылбай турат. Бийлик муну социалдык тармактарда вакцинага каршы пикирлер таратылып жатканынан көрөт.

Instagram жана TikTok социалдык түйүндөрүндө вакцинага каршы чыккандар Индиядан алынган вакцинанын натыйжалуулугунан күмөн санап жатышат. Бийлик бул дооматтарды четке кагып, он жыл ичинде бул вакцинадан жабыркагандар катталбаганын билдирүүдө.

Эмделген бала шал жана кызамыктан алыс болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG