Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

"Эмдөө гана оорунун алдын алат". Кыргызстанда кызылча, кызамык күч алды


Эмделген бала шал жана кызамыктан алыс болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Эмделген бала шал жана кызамыктан алыс болот

Кыргызстанда соңку эки жылда дээрлик токтоп калган кызамык (корь) оорусу кайрадан катталып жатат.

Быйыл жыл башынан бери бул кооптуу жугуштуу илдет менен 300дөн ашуун адам катталды. Алардын дээрлик бардыгы жаш балдар жана басымдуу бөлүгү эмделбегендер. Адистер ар кандай себептерден улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны азайбай жатканын белгилешүүдө. Вакцинадан жабыркаганын айтып, анын сапатынан күмөн санаган ата-энелер дагы бар.

Кызамак оорусуна байланыштуу Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында 20дай бейтап жатат. Алардын алтоонун оорусу аныкталса, 10у бул илдетке шек саналууда. Дагы үчөө кызамык болгондор менен байланышкан делип, өзүнчө изоляцияга алынган. Аталган клиниканын жетекчиси Гүлжигит Аалиевдин айтымында, бейтаптардын бирөө 26 жашта, калгандары балдар. Көбү кызамык жана кызылча ооруларына эмделген эмес.

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

"Эгер кызамыкка шек саналып бизге кайрылса, дароо эле ооруканага жаткырабыз, үйдөн дарыланууга кетирбейбиз. Дарыланып жаткандардын экөө гана эмделген, калгандары эмдөөдөн өткөн эмес. Бул оору жуккандан кийин 15 күндүн ичинде белгилери байда болот. Анын корь деп такталышы үчүн дагы убакыт керек. Денеге кызыл бүртүкчөлөр чыгат, ошол чыккандан беш күн өткөндөн кийин гана анализдер алынат. Ошондуктан дартты аныктоо татаал жана кыйын. Анын белгилери дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү вирустук инфекциясына окшоп өтөт, ошондуктан аныктоо оор", - деди Алиев.


Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык (корь) менен ооругандар 313кө жеткенин "Азаттыкка" Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Алардын көбү (158) Ош облусунда. Ишенапысова буга короновирус пандемиясы маалында балдарды пландык эмдөө аксап калганы, ата-энелердин ар кандай себептерден улам эмдөөдөн баш тартканы да түрткү болгонун айтты.

"Негизи биз кызамык, кызылчага каршы алты жашында эмдейбиз. Азыр 1 жаштан 4 жашка чейинкилер жана бирге чыга электер ооруп жатат. Бул вакцина албаган жана эмдөөгө жашы жете элек балдар болуп жатат. Жашы жете электер арасында 84 учур катталды. Анан эмдөөнүн биринчи дозасын алып, экинчисин ала электер арасында бар. Анткени иммунитет эки дозасын алгандан кийин гана иштелип чыгат. Ошону ата-энелер түшүнүшү керек. Өзүнчө бригада түзүлүп, апрель айынан бери эмделбеген балдарды өзүбүз издеп таап, эмдеп жатабыз", - деди башкы иммунолог.


Кызамык - аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет. Оору өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишигине алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө.

Мындан сырткары Кыргызстанда кызылча (краснуха) оорусу менен 10 учур катталган.

Ишенапысова өлкөдө балдарды эмдөөгө вакцина жетиштүү экенин, кокус учурунда албай калгандар жашаган жеринен балдарын эмдөөдөн өткөрсө болорун белгиледи.

"Кызамык менен ооруган балдар менен байланышта болгон чоң адамдарга 72 сааттын ичинде сайышыбыз керек. Ошол вакцинаны Орусиядан алчу элек. Азыр ал жакта дагы чоң кампания жүрүп жатат. Роспотребнадзордон 10-июндан кийин жардам беребиз деген жооп алдык. Ошону күтүп жатабыз. Энелер мурда эмдөө албаса, балдарына дагы таасирин тийгизет. 2000-жылдан бери эле мигранттар арасында, дагы башка себептер менен эмдөөдөн баш тарткан учурлар катталган. Ошол кезде төрөлгөн балдар азыр 23кө чыгып калды. Ошолордун арасында ооругандар болушу мүмкүн. Эмделген адам оорубайт", - деди Ишенапысова.


Ал арада вакцинадан жабыркаганын айтып, анын сапатынан күмөн санаган ата-энелер дагы бар. Төрт баланын энеси Динара үчүнчү баласы эмдөөдөн кийин ооруп калганын айтып берди:

"Эмдөөнү балам ушул оорулар менен оорубасын деп аласың, бирок анын аягы өкүнүчтүү болуп каларын өз башымдан өткөрдүм жана башка энелерди дагы көрдүм. Менин үчүнчү баламды эки айында УЗИге түшүргөндө башында кичине суу бар экен деп айтышкан. Фучиктеги №1 эмканага алып келсем, невропатолог, канча жылдык педиатр деле эч нерсе болбойт, коркунучу жок эмдөө ала берсеңер болот деп айтышты. Эки жашка чейинки эмдөөлөрдүн бардыгын алдык. Эки жашында АКДСти алгандан кийин жакшына сүйлөп келаткан балам такыр өзгөрүп, сүйлөбөй, көзгө карабай, атын чакырса карабай калды. Өзүнөн-өзү ызы-чуу сала турган болуп калды. Дарыгерге көргөзүп, билген адамдардан кеңеш алдым. Дарыгерлер өнүгүүсү артта калып калган дешти. Ага түздөн-түз эмдөө себеп болгонун башка дарыгерлер айтышты. Бир топ коррекция кылып, чуркап жүрүп, балам бир аз жакшы болуп баратат", - деди биздин маектешибиз.

Азыр бул үй-бүлө баласын айыктырып алуу максатында айына 30-50 миң коротуп дарыгерлерге улам каттап жатыптыр.

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар 11-12 миңдин тегерегинде. Мындан 1-2 жыл мурда балдарын эмдетпегендердин саны 9-10 миңдей болчу.

Адистер эмдөөдөн баш тартууга вакцинанын курамы, таасири тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу деген тыянакка келишкен.

Жарандык активист, Балдарды коргоо борборунун адиси Кумар Токоева ЮНИСЕФтин долбоорунун алкагында жаңы конуштарда эмдөө боюнча эки жыл иштеген. Ал эмдөө канчалаган оорунун алдын алып жатканын жана муну түшүнүп-түшүнбөгөн ата-энелер көп экенин билдирди.

"Эмдөө далилденген нерсе да. Эмделген баланын дени сак болот, мунун арты менен биз канчалаган дарттан арылганбыз. Каршы чыгып жаткандар тарыхты бир окуп койсо, канчалаган адам тумоодон кырылган. Биз 14 конушта иш алып барганбыз. Эмдөөгө маалыматы аз киши каршы болуп жатат. Аларды билими жок дейбиз, билимдүүлөрдүн деле маалыматы жок болсо каршы болушат. Ошону туура багытка буруп, элди ынандырыш керек. Ушул маселе аксап жатат. Медициналык кызматкерлер план үчүн, жакшы көрүнөм деп эле баланын акыбалын карабай, тумоолоп турган балдарга деле боло берет деп элди үркүтүп коюп жатат. Ошондой эле энелер дагы баланы эмдетүүгө даяр болуш керек. Ыксыз чочулай берүү дагы балага таасирин тийгизет", - деди Токоева.


Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдар төрөлгөн күндөн тартып атайын жылнаама боюнча бекер эмделет.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG