Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

Кызамык эмдөөнүн зарылдыгын көрсөттү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кара-Суу районундагы ооруканага баласына кызамык жуккан элүүдөн ашык ата-эне кайрылды.

Догдурлар кызамык эмдөөдөн өтпөгөн бир жашка чейинки курактагы балдар арасында жайылып жатканын билдиришти.

Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургуну Гүлмира Алымова тогуз айлык кызын райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарылатып жатат.

Жаш эне кызамыкты Кара-Суу райондук балдар ооруканасынан жугузганын айтып, ошол жерде иштеген ак халатчандарды күнөөлөдү:

- Балам жөтөлүп, дене табы көтөрүлгөндө райондук балдар ооруканасына барып жатканбыз. Үйгө чыккандан кийин кайра ооруп калды. Бизге чейин кызамык менен ооруган баланы жаткырышкан экен. Ошондо жугуштуу ооруларды дарылаган догдурду чакырып, кеңешсе болот эле. Эми баарына жугузуп биз кыйналып жатабыз. Буга дарыгерлердин күнөөсү бар.

Кара-Суудагы оорукана.
Кара-Суудагы оорукана.

Ушундай эле жагдайга кирептер болгонун баласын дарылатып жаткан атын атагысы келбеген дагы бир эне айтты:

- Кызамык жуктургандар менен төрт күн бирге, бир бөлмөдө жаттым. Бешинчи күн дегенде башка палатага которушту. Анан үйгө чыгып кеттим. Бир жумага жетпей жугуштуу оорулар бөлүмүнө келдим. Ошондон бери дарыланып жатабыз.

Энелер кине коюп жаткан Кара-Суу райондук балдар ооруканасында башка илдеттер менен дарыланган балдардын 33үнө кызамык чыгып, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулушкан.

Башкы дарыгер Насыр Пазылов мындай көрүнүш бар экенин ырастап, бирок ага оорукананын күнөөсү жок деп эсептейт:

Насыр Пазылов.
Насыр Пазылов.

- Кызамыктын өзүнө жараша белгилери бар, айыккандан кийин да денеде тагы калат. Биздеги бейтапта андай болгон эмес. Мен деле кырк жылдан бери иштейм, кызамык болуп келген бейтапты кантип соо балдарга кошмок элем? Бирок биздин ооруканадан дарыланган 33 бала кайра жугуштуу оорулар бөлүмүнө барган.

2018-жылдын 26-декабрынан бери Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 53 бейтап кайрылган, ушу тапта анда жыйырма бала дарыланып жатат.

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Абдыгапар Гаиповдун айтымында, кызамык жуктургандардын дээрлик 90% бир жашка чейинки балдар жана алардын көпчүлүгү убагында эмделбей калган.

Абдыгапар Гаипов.
Абдыгапар Гаипов.

- Бизге кайрылган 53 баланын үчөө бир жаштан өткөн. Бирок алар кызамыкка каршы эмдөө алган эмес. Ал эми калган 50 бала бир жашка чейинкилер. Кызамык оорусу аба аркылуу аркылуу жугат. Оорунун белгилери бир жумадан баштап 21 күн аралыгында билинет. Он күн ичинде толук дарылап чыгабыз, - деди Гаипов.

Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Маккамбай Даминов кызамыктын жайылышына эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүшү да себеп болуп жатканын белгиледи.

2018-жылы Кара-Суу району боюнча 347 ата-эне өз ыктыяры менен балдарын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан.

Маккамбай Даминов.
Маккамбай Даминов.

- Биз жылына эмдөө жүргүзөбүз. Бирок баш тарткандар бар. Кара-Суу району чоң. Жылына 5-6% эл эмделбей калса эле көбөйүп кетет. Кудай сактап чоңдорго жуга элек. Эгерде мектеп, бала бакчадагы балдарга жукса, анда кыйын болуп калат. Биз кызамык жукту деген балдар жаткан ооруканадагы медкызматкерлерден тарта балдарга чейин тийиштүү эмдөө жүргүздүк.

Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору берген маалыматка ылайык, 2011-жылы Ош облусу боюнча кызамык жуктурган 800дөн ашуун адам катталган. Ал эми 2015-жылы Кара-Суу районунда 400 жаран ооруга кабылган болсо, алардын бирөө каза болгон.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG