Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат


Кызамыкка каршы вакцина.
Кызамыкка каршы вакцина.

Кыргызстанда быйыл кызамык жуктургандардын саны төрт миңден ашып, үч бала чарчап калды.

Тиричиликтен бошобой же диний көз карашынан улам баласын эмдетпеген ата-энелердин перзенттери азап тартып, аларга кошулуп энелер түйшүккө кабылууда. Ал арада кезинде эмдөөдөн баш тарткан айрым жарандар АКШга Green card алуу максатында дарыгерлерге келип, эмдеп коюусун суранып жатышат.

“Балам кыйналганда мен түгөндүм...”

Кызамык айрыкча, Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жайылууда. Бейтаптардын 88% 10 жашка чейинки балдар. Ооругандардын 87% түрдүү себептен улам эмдөөдөн өткөн эмес.

Макаланын аудиосун угуңуз:
Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:35 0:00

“Азаттык” маектешкен жалалабаддык Гүлзыйнат аттуу келин бир аптадан бери үч жаштагы кызы менен ооруканада жатат.

“Баланын дене табы көтөрүлүп, ага кошумча жөтөлүп, кээде дем ала албай кыйналды. Эч кимдин сөзүн укпай эле баланы убагында эмдетиш керек экен. Кызымдын кыйналганын көрүп мен түгөнүп бүттүм. Башында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Бир топ күндөн кийин денесине кызарып бүртүкчөлөр чыкты. Анан ооруканага кайрылдык, дароо жатып дарылана баштады. Азыр кыйла жакшы, сакайып баратабыз”, - деди ал.

Биз менен телефондо сүйлөшкөн Гүлзинаттын айтымында, бейтапкананын жугуштуу дарттар бөлүмүнө сырттан эч ким киргизилбейт, мүмкүн болушунча палаталарга бирден бейтап жайгаштырылат. Кызамыкка кабылган балдарды энелери карап жатат.

Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасы, кызамык менен ооругандарды кабыл алуучү бөлмө.
Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасы, кызамык менен ооругандарды кабыл алуучү бөлмө.

Кызамык менен балдар эле ооруйбу?

“Азаттыктын” кабарчысы Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар бейтапканасына 16-ноябрда барып, абалды көрүп келди. Кызамыкка кабылгандар үчүн өзүнчө бир бөлмөгө сырттан кире турган эшик бар. Оору курчуп кеткени тууралуу, беткап кийүү зарылдыгы жөнүндө эскертүүлөр жазылган (Редакциядан: Маалыматтардын дээрлик баары орус тилинде. Кыргызча эскертмелер жоктугун дарыгерлер өздөрү да четке каккан жок).

Кызамыктын орусчасы - корь. Медицина кызматкерлеринин көбү ушул аталышты колдонушат.

Асел Балабасова иш бөлмөсүндө.
Асел Балабасова иш бөлмөсүндө.

Кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Асел Балабасова буларды айтты берди:

“Кызамык аябай жугуштуу оору. Он киши жашаган үй-бүлөдө бирөө ооруп калса, эгер вакцина албаган болсо, башкаларына да жугат. Же көп кабаттуу үйдүн подъездинде бир киши ооруса, эмдөө албаган башка кошуналары да дартка чалдыгышы толук ыктымал. Кызамык менен балдар эле ооруйт деген түшүнүк туура эмес. Былтыр декабрдан бери биздин ооруканага кайрылган 1700дөй кишинин ар бир онунчусу чоң кишилер. Статистиканы карап көрсөк, чоңдордун арасында кызамык жуктургандардын көбү 1990-жылдары төрөлгөндөр. Ал кезде союз ыдырап, ата-энелер тиричиликтин айынан балдарын эмдеткен эмес”.

Балабасова ооруларга каршы вакцина жөн жерден эле чыкпай турганын, аны адамдар туура түшүнүү менен кабыл алышы зарылдыгын белгиледи. Дарыгер бейтапканада жаткандардын көбү убагында эмдөөдөн баш тартканы үчүн өкүнүп жатканын кошумчалады.

Кызамык үч баланы алып кетти

Ушул тапта Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун маалыматына караганда, быйыл кызамыктан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес.

Кызамык аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы дүйнө жүзүндө кызамыктан 140 миңге жакын адам каза болгон, алардын көбү беш жашка чейинки балдар. Уюмдун адистери Кызамык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балдардын өлүмүнүн негизги себеби бойдон калып жатканын белгилешет.

Дарыгерлерди капаланткан кайдыгерлик

Республикалык Эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Нуржан Замирбекова Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

Нуржан Замирбекова
Нуржан Замирбекова

Замирбекова эмдөөдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар элге толук жетпегени, жетсе да ал айрым үй-бүлөлөрдө кабыл алынбай жатышынын себептерине токтолду:

“Буга негизинен тийиштүү медициналык маалыматтарга көңүл бурбоонун жыйынтыгы деп карасак болот. Андан тышкары, диний көз караштан улам вакцинадан баш тарткандар бар. Ошондой эле ички миграциянын таасирин да буга себеп кылып көрсөтсөк болот. Айылдан шаарга иштегени келген кээ бир ата-энелер тиричиликтин айынан балдарын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна каттоого тургузушпайт. Мунун баарын кайдыгерлик деп атасак болот”.

Дарыгер Нуржан Замирбекова бул кайдыгерлик медицина кызматкерлерин айрым учурда капалантарын, эл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн ак халатчандардын эмгеги кээде жоопсуз калары өкүнүчтүү экенин кошумчалады.

Эмдөөдөн баш тартуу келиндерди түйшөлтөт

“Азаттыктын” кабарчысы маектешкен дарыгерлер “диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартуу” маселесин көбүрөөк көтөрүштү. Кызы менен ооруканада жаткан Гүлзыйнат аттуу келин дагы жолдошу менен кайнатасы баласын эмдетүүгө каршы болгонун билдирди:

“Вакцинаны алыш керек экен. Байкуш келиндер “алба” десе, макул деп кала беришет. Эмне демек эле. Анын азабын өзүбүз – келиндер балдарыбыз менен кошо тартат экенбиз”.

Кызамыкка каршы Ошто 2015-жылы өткөрүлгөн өнөктүктө тартылган сүрөт.
Кызамыкка каршы Ошто 2015-жылы өткөрүлгөн өнөктүктө тартылган сүрөт.

Бул маселеде дарыгер Нуржан Замирбекова Эмдөө борборунун сурамжылоосунун жыйынтыгына таянуу менен жооп берди:

“Көп учурда баланын атасы эмдетүүдөн баш тартат. Кээ бир учурда чоң ата, чоң энелер каршы чыгышат. Түйшүгүн оорулуу баланын апалары тартышат. Ооруканада чогуу жатат. Дартка чалдыгып кыйналганга караганда вакцина алып койгон жакшы”.

Кызамык менен кызылчанын кандай айырмасы бар?

Кызамык жана кызылча. Бул эки оорунун айырмасы кандай? Эмне үчүн кызамык тууралуу айрым маалыматтарда кызылча деген термин да колдонулат? Бул суроого дарыгер Замирбекованын жообу:

“Экөө эки башка, бирок клиникалык белгилери окшош. Орус тилинде кызамыкты корь, кызылчаны краснуха деп аташат. Кызамык көп учурда эмдөө албаган балдар арасында жайылат жана кооптуу. Ал эми кызылча кош бойлуу келиндерге көбүнчө терс таасирин тийгизет. Түйүлдүк түшүп калышы же баланы саламаттыгында мандем жаратышы мүмкүн. Кызамык менен кошо быйыл кызылчанын да 11 учуру катталды. Эки ооруга тең вакцина бар”.

Медициналык маалыматтарда кызамык жайык формада денеге акырындык менен тарай турганы, жөтөл коштоп, дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөрү айтылат. Ал эми кызылча бүдүр болуп, ооругандын эртеси эле бүт денеге чыгат.

  • Кызамыктын инкубациялык убагы бир-эки жумага созулат. Алгач дене табы көтөрүлөт, алсырайт, тамакка табити жоголот, кургак жөтөл башталат, мурду агат, көздүн ыйлаакчалары сезгенет.
  • Төртүнчү күнгө барып, ооз көңдөйүндө ак бүртүкчөлөр, андан соң териде ачык-кызыл түстө тактар пайда болот . Кулактын артына, чекеге бүртүкчөлөр чыгат. Кийин бүт денеге тарайт.
  • Мындай учурда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгер оору өтүшүп кетсе, кулак, өпкө сезгенип, сокурлукка алып келиши мүмкүн.
  • Кызамык менен көбүнчө балдар ооруйт. Бала кезинде оорубаган чоң кишилер да бул дартка кабылат. Андан сактануунун бир гана жолу – вакцина. Кыргызстанда улуттук календарга ылайык, балдар 1 жана 6 жашында эмдөөдөн өтөт. Вакцина акысыз. Оору сейрек учурларда эмделгендерге да жугат, бирок тез сакаят.

Биринчи жолу кызамыкка 1740-жылы немис терапевти Фридрих Хофман тактама жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучун 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуу тапкан.

Кошуна өлкөлөрдөгү жана дүйнөдөгү абал

Расмий эсепте Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызамыкка кабылгандар катталып, күздүн келиши менен курчуп кетти. Акыркы жолу мындай кырдаал 2015-жылы болгон.

Кошуна Казакстанда да ушундай эле көрүнүш. “Азаттык” радиосунун казак кызматы ноябрда саламаттык сактоо министрлигине таянып билдиргендей, өлкөдө 10 миң адам бул дартты жуктуруп, жугуштуу ооруканалар бейтапка толуп калып, кабыл алуучу убактылуу борборлор ачылды. Казакстанда да оорунун жайылышы – баланы эмдетпөөнүн кесепети экени айтылып жатат. Өзбекстан менен Тажикстанда балдар кызамыкка кабылганы тууралуу маалымат каражаттары жазууда. Түркмөнстанда да жүздөгөн бала ооруканада жатканын azathabar сайты маалымдады.

Былтыр Африканын 28 мамлекетинде бул дарттан адамдар жапа чеккен. Европанын айрым мамлекеттеринде да катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, убагында вакцина албоонун натыйжасында, 2022-жылы экономикасы чабал өлкөлөрдө кызылчага жана кызамыкка чалдыккандар 18% өскөн.

Грин карт үчүн вакцина сурагандар көбөйдү

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын дарыгери Асел Балабасова эмдөөгө байланышкан кызык бир тенденция болуп жатканын айтып берди. Анын белгилешинче, акыркы кезде эмдөө алам деп келгендер көбөйгөн, бирок ал саламаттык үчүн эмес, таптакыр башка максатта.

"Алар АКШга кетүү үчүн Грин картка анкета толтуруп жатыптыр. Ал үчүн вакцина алган болушу шарт экен. Муну кандай түшүнсө болот? Кыргызстанда эмдөөтөн өтпөй жашаса боло берет да, Америкага кетиш үчүн сөзсүз алыш керек экен", - деп өкүнүчүн билдирген Балабасова дагы бир жолу жарандарды өздөрүнүнүн жана балдарынын саламаттыгына кайдыгер болбоого чакырды.

Айрымдар кызамык же кызылча менен ооругандарга кызыл мөмө-жемиш бербей, ырым-жырымдарга көңүл бурушат. Дарыгерлер мунун пайдасы жоктугун эскертишет.
Айрымдар кызамык же кызылча менен ооругандарга кызыл мөмө-жемиш бербей, ырым-жырымдарга көңүл бурушат. Дарыгерлер мунун пайдасы жоктугун эскертишет.

Макаланын аягында аталган ооруга байланыштуу эл арасында жайылган ырым-жырым тууралуу кеп кылабыз. Айрымдар кызамык же кызылча чыккан балага кызыл кийим кийдирип, помидор, кулпунай өңдүү кызыл мөмө-жемиштерди бербей сакташат. Бул тууралуу "Азаттыкка" айтып бергендер муну дарттан арылуунун жолу деп түшүндүрүштү.

Республикалык Эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Нуржан Замирбекова мындай ырым-жырымдар эч кимди вирустан сактап кала албастыгын, эгер буга көңүл бурулбаса, оорунун аягы өкүнүчтүү окуялар менен бүтүшү ыктымалдыгын эскертти.

  • "Азаттыктын" подкасттарын Google podcast, iTunes (Apple) жана Spotify аянтчаларынан угуп, социалдык түйүндөрдө бөлүшүңүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG