Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

COVID-19: АКШ мурдагыга кошумча 200 миллион доза вакцина алат


АКШда ушул күнгө карата 33 миллиондон көп адам вакцинанын бир же эки дозасын алды, бул жалпы жарандардын 10 пайызын түзөт.
АКШда ушул күнгө карата 33 миллиондон көп адам вакцинанын бир же эки дозасын алды, бул жалпы жарандардын 10 пайызын түзөт.

АКШ дагы кошумча 200 миллион доза вакцинаны мөөнөтүнөн мурда сатып алууну "Moderna" жана "Pfizer-BioNTech" компаниялары менен макулдашты. Жо Байдендин айтымында, муну менен бир топ адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Президент Жо Байден жай айларында өлкөдөгү жашы жеткен жарандардын дээрлик баарын эмдеп үлгүрүү мүмкүн экенин билдирди. Бирок вакцина менен өз маалында камсыздоодо айрым бир маселе чыгышы мүмкүндүгүн эскертти.

Президент Жо Байден "Moderna" жана "Pfizer/BioNTech" компанияларынын ар биринен 100 миллоин дозадан вакцина алуу тууралу макулдашканын билдирди. Ал бейшембиде Вашингтондун четиндеги Саламаттык сактоо улуттук институтунун штаб-кеңсесине барганда вакцина июль айынын аягына чейин бардык жашы жеткен жарандарга жете турганын айтты:

Жо Байден
Жо Байден

"Мына, бүгүн эле биз "Moderna" компаниясынан 100 млн, ал эми "Pfizer-BioNTech" компаниясынан 100 миллион доза вакцина алуу тууралуу келишимге кол койдук. Кошумча бул 200 миллион дозаны июль айынын аягына чейин алуу тууралуу сүйлөштүк. Дагы бир жакшы жаңылык: бул эки компания тең буга чейин ар бири 100 миллион дозадан убада кылган вакцинаны июнь эмес, дагы тездетип май айынын аягына чейин жеткирүүгө макул болушту. Бул бир айга эрте дегенди, бир канча өмүр сакталат дегенди билдирет",-деди Байден.

Кошмо Штаттарында ушул күнгө карата 33 миллиондон ашуун адам вакцинаны бир же экиден ирет алды, бул жалпы жарандардын 10 пайызын түзөт.

АКШда январь айынан бери коронавирус жуккан учурлардын күнүмдүк көрсөткүчү жарым-жартылай азайып, 100 миң адамга жетип жатат. Бирок ооруканага түшкөн учурлар дагы деле көп бойдон, соңку апталаларда күн сайын орто эсеп менен 2750дөй бейтаптын өмүрү кыйылууда.

Европада бир катар мамлекеттерде карантиндин пайдасы тийип, коронавирус жуккан учурлар азая баштады. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) вирустун жугуштуу жаңы түрлөрүнөн улам чектөө чараларын дароо жумшартпай турууга чакырды:

"Ушул тушта көпчүлүк Европа өлкөлөрү дагы деле аялуу бойдон калууда. Азыр вакцина жараткан үмүт менен коопсуздук тууралуу жалган сезимдин аралыгы өтө эле жакын. 37 мамлекеттин 29унан алынган маалыматка ылайык жалпысынан Европа аймагында 7,8 миллион адам эмделди. Бул 29 мамлекетте жашаган калктын 1,5 эле пайызын түзөт", - деди ДССУнун Евразиялык аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге.

Коронавирустун Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда табылган жаңы түрлөрү ондогон мамлекетке тарап кетти жана бул кооптонуу жаратты.

Анткен менен ДССУнун эскертүүсүнө карабай Чехияда парламент өлкөдөгү өзгөчө абалдын мөөнөтүн дагы бир аптага узартуу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жок. Мындан улам түнкү коменданттык саат алынып, топтошуп чогулууга салынган тыюу жоюлат жана чекене дүкөндөр ачылат.

Чехия ар кандай карантин чараларын былтыр октябрь айынан тартып киргизе баштаган. Аталган өлкө оору жуккан күнүмдүк көрсөткүчтөргө карап соңку эки аптадан бери Португалиядан кийинки эле Европадагы экинчи өлкөгө айланды.

Буга чейин Германия Чехиянын чектешкен аймактарынан жана Австриянын Тироля облусунан келип-кетүүгө тыюу саларын билдирген.

Өпкөнү сезгенткен илдетти жуктуруп алгандар дүйнө жүзүндө 107 миллион адамдан ашып, бул оору 2,36 миллиондой бейтаптын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG