Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

“Жэй-энд-Жэй” (J&J) компаниясы бир гана жолу эмделчү вакцина сунуштайт


"COVID-19" илдетине каршы вакциналар. КЭРдин туусунун жанындагы жалпы сүрөт.
"COVID-19" илдетине каршы вакциналар. КЭРдин туусунун жанындагы жалпы сүрөт.

COVID-19 илдетине каршы атаандаш вакцина өндүрүү жүрүмүнө дары-дармек чыгаруучу “Johnson & Johnson” (кыскача “Жэй-энд-Жэй”; J&J) компаниясы да кошулду. 29-январда бул компания таркаткан билдирүүгө караганда, ал иштеп чыккан вакцина бир гана ийне саюу менен коронавируска каршы иммунтетти жогорулатууга көмөк кыла алат.

Вакцина таңкыстыгы маалында бул дары заттын да мааниси зор. АКШда жана дагы башка 7 өлкөдө өткөрүлгөн сынактар анын натыйжалуулугу орточо симптому бар бейтаптар үчүн 66 пайызды көрсөтөөрүн, ал эми өтө олуттуу симптомдору барлар үчүн 85 пайызга жакындагандыгын компания өз билдирүүсүндө баса белгилейт.

“Жэй-энд-Жэй” компаниясы бир аптанын ичинде бул дарыны АКШда чукул кырдаалда колдонуу үчүн уруксат сурап тийешелүү бийликтерге арыз жолдой тургандыгын билдирди. Уруксат алынса, анда июнга чейин АКШ үчүн 100 миллион доза вакцина даяр болушу күтүлөт.

Бул эмдөө дарысын алдын ала сыноо үчүн 44 миң ыктыярдуу өз көмөгүн сунуштаган. Сынак дагы эле улантылууда.

“Жэй-энд-Жэй” вакцинасы 2–8 градус жылуу шартта үч айга чейин сакталышы мүмкүн. “Эгерде бул вакцина кабыл алынып калса, анда ал миллиондогон кишилерге огожо болушу мүмкүн”, - дейт компаниянын илимий кызматкери Пол Стоффелс (Paul Stoffels).

“Жэй-энд-Жэй” компаниясы коронавируска каршы эмдөө дарысын иштеп чыгуу үчүн демейдеги суук тийгизчү вирусту пайдаланган. Бул анча коркунучтуу эмес вирус оболу организмге кирген соң, клеткалар белоктун зыянсыз көчүрмөлөрүн иштеп чыгышат, ал эми коронавирустун вирусу жуккан маалда, бул белоктун көчүрмөлөрү иммунитет системасын чыңдап, денени алааматтуу вирустан коргоп калат. (TT)

XS
SM
MD
LG