Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Израил вакцинация боюнча дүйнөдө алдыда баратат


Израилдеги аскердик бөлүктөрдүн биринде вакцинация башталды.
Израилдеги аскердик бөлүктөрдүн биринде вакцинация башталды.

Израил бийлиги 9 миллион калкынын 41% вакцинанын биринчи дозасын сайды. Төрттөн бир бөлүгү толук эмделди. Муну менен Израил вакцинациялоо жагынан дүйнөдө алдыда баратат.

Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун айтымында, соңку айда коронавирустан каза болгондордун 97% эмдөөдөн өткөн эмес.

Америкалык Johnson & Johnson компаниясынын аткаруучу директору Алекс Горскинин пикиринде, вирустун мутацияланган түрүнө байланыштуу ар жыл сайын адамдар коронавируска каршы вакцина менен эмделип туруш керек. Бул компаниянын вакцинасы бир эле жолу сайылып, коронавируска каршы 66% туруштук бере алары кабарланган.

АКШ бийлиги кийинки аптадан баштап эмдөө өнөктүгүн тездетүү максатында вакциналарды коомдук саламаттык борборлоруна жөнөтөт.

Венесуэланын лидери Николас Мадуро орустардын «СпутникV» вакцинасынын алгачкы 100 миң дозасы кийинки аптада алып келинерин билдирди. Орус бийлиги Латын Америкасындагы бул жакыр мамлекетке 10 миллион доза вакцина жиберүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG