Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Борбор Азия орус пропагандасына каршы тура алабы?


Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникова "Время" программасында түз эфирде акция өткөрдү. Ал "Согушту токтотуңуздар. Пропагандага ишенбеңиздер. Бул жерде сиздерди алдап жатышат" деген плакатты кармап чыкты. 14-март, 2022-жыл.
Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникова "Время" программасында түз эфирде акция өткөрдү. Ал "Согушту токтотуңуздар. Пропагандага ишенбеңиздер. Бул жерде сиздерди алдап жатышат" деген плакатты кармап чыкты. 14-март, 2022-жыл.

Орусиялык пропагандалык телеканалдар Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда көрсөтүүсүн ээн-эркин улантууда. Украинадагы согуштун фонунда бул аймактагы өлкөлөрдүн маалыматтык коопсуздугу башкы маселеге айланды. Аны кантип камсыз кылыш керек? "Азаттыктын" казак кызматы алдыдагы макалада ушул теманы талдаган.

Казакстан: Петиция жана эр жүрөк провайдер

Казакстанда марттын башында Орусиянын мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүүнү жана башка медиаресурстарын жайылтууну токтотууну талап кылган петицияга кол топтоо башталган. Анда масштабы жана ырайымсыздыгы боюнча болуп көрбөгөндөй зордук-зомбулук актыларын актоого багыттап атайылап жалган маалымат таратуу менен казак элинин коомдук пикирине басым кылып, мамлекеттин маалыматтык коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратууда" деп баяндалган.

Көрсөтүүнү токтотуу прецеденти буга чейин эле башталган. 28-февралда Караганды облусунун 40 миңдей адам жашаган Шахтинск шаарында жергиликтүү провайдер Орусиянын Украинага кол салуусуна каршылык билдирип, орус телеканалдарын өчүрүп салган. Бирок кийин трансляцияны кайра калыбына келтиришти. Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлиги бул алардын чечими менен болбогонун маалымдады.

Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы кырдаал

Кыргызстанда марттын башында Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев өкмөттү эки орусиялык телеканалды мамлекеттик бюджеттин эсебинен трансляция кылууну токтотууга чакырды.

Өлкөдө жергиликтүү Next TV телеканалына кылмыш иши козголуп, анын жетекчиси Таалайбек Дүйшөмбиев камалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы телеканалга козголгон иш “улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы” менен байланыштуу деди. Тергөөнүн версиясы боюнча, “телеканал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисине таянуу менен Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт деген жалган маалымат тараткан”.

Өзбекстанда “Россия 24” телеканалынын репортажынан кийин журналист Эльдор Асанов президентти жергиликтүү журналисттерди жана блогерлерди “орусиялык кара ниет чабуулунан” коргоого үндөдү.

“Россия 24” өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттарын “согуштук аракеттер учурунда Киевди колдоп жатат” деп айыптаган. Бул орусиялык телеканалдар Борбор Азияда өз жаңылыктарын трансляция кылгандан сырткары жергиликтүү медиа ресурстардын ишине кийлигишип жатканын күбөлөндүрүп турат.

Украинанын аймагындагы Орусия баштаган согуш Борбор Азиядагы чыңалууну дагы да курчуткандай болду. Чөлкөмдүн бийликтери нейтралитет кармоого умтулушканы менен баары бир Москвага кылчактап турушат.

Казакстан жана Кыргызстан Орусия менен Евразия Экономикалык Биримдигинде байлануу, ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) да чогуу. Ал эми бийлик атадан балага өткөн Түркмөнстан болсо Орусия менен транзиттик карым-катышта турат.

“Орусиянын телеканалдарын жабуу маселени чечпейт”

“Азаттык” сурамжылоо кылган Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эксперттер бир ооздон чөлкөмдө Орусиянын пропагандасы күчөгөнүн белгилешти. Өзбекстандагы саясат талдоочу Камолиддин Раббимов орусиялык телеканалдар өлкөдө өтө популярдуу экенин айтты.

“Менин көз карашымда, көпчүлүк өзбектер, өзгөчө чоң шаарлардын жашоочулары орусиялык маалымат мейкиндигинде камалып калган. Жергиликтүү борбордук телеканалдарда эркин, жандуу маалыматтык-аналитикалык программалар жокко эсе. Каримовдун доорунан бери ички цензуранын салкын илеби сакталып келатат”,-деп эсептейт ал.

Раббимов чөлкөмдөгү мамлекеттерде “геосаясий коркунуч” бар экенин кошумчалайт:

“Эгер өзбек жалпыга маалымдоо каражаттарын карасак, Украина же Орусия жоктой, согуш болбогондой элес калтырат. Интернет-ресурстарда талкуу болуп жатат, бирок өтө этияттык менен жүрүүдө. Ошондуктан өзбектер Орусиянын телеканалдарын гана көрүп, бир тараптуу маалымат алышууда”,-деди ал.

Кыргызстандык саясат таануучу Эмилбек Жороев болсо сапаттык жана технологиялык чектен алганда маалыматтык коопсуздук жаңы тепкичке чыкты деп эсептейт.

“Кремл өзүнө жакпаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын баарын жаап салганын көрүп жатабыз. Москва азыр өзүнө ыңгайлуу гана маалыматтарды таратып жатат, анын ичинде Борбор Азияга дагы. Бул кооптонууларды жаратат жана чукул чараларды көрүүнү талап кылат. Биздин аймактарда Орусиянын расмий телеканалдарын көрсөтүүнү токтотуу же чектөө зарыл”,-дейт эксперт.

Борбор Азиядагы маалыматтык коопсуздук жана сөз эркиндиги маселеси орусиялык медиа ресурстарды бөгөттөө менен гана чечилбей турганын айткандар да бар. Казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеит да ушундай пикирде.

“Саясий куугунтук, цензура, анын ичинде журналисттердин өзүн-өзү цензуралоосу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоонун жоктугу сыяктуу жалпы көйгөйгөйлөр бар. Чөлкөмдөгү мамлекеттерде көз карандысыз медиаларды катталуу же жарнама аркылуу колдогон адамдар аябай аз. Бул өлкөлөрдө адатта чет элдик медиалардын филиалдары же фрилансер-журналисттер гана эркин боло алышат. Бирок аларга да тоскоолдуктар көп. Жергиликтүү медиа каражаттар атаандаштыкка туруштук бере турган материалдарды даярдай баштаганда гана Орусиянын пропагандасына каршы туруу мүмкүн. Ошол эле маалда сөз эркиндиги жок туруп маалымат коопсуздугун камсыздоо бир да өлкөдө мүмкүн эмес экенин да белгилеп коёлу”,-деди казакстандык талдоочу Шалкар Нурсеит.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 79-орунда турат жана бул чөлкөмдөгү эң алдыңкы позиция. 180 мамлекеттин ичинен Казакстан анда 155-орунда, Өзбекстан 157-орунда жана Түркмөнстан 178-орунда турат.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Куанышбек Каринин макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG