Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

"Беш-Сарынын" салыгы: Экс-депутат Жолдошбаевдин бизнеси


Коллаж
Коллаж

Улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги "Беш-Сары" соода жайынын ээси, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу, кош бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүү фактысына шек саналып кармалганын билдирди.

Өткөн айда Ош базарындагы “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода түйүндөрүнүн негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып камалган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин базар ээлери соодагерлерге шарт түзүп, ижара акыны төмөндөтпөсө, ал соода жайлары мамлекетке өтөрүн эскерткен жана бул билдирүү талаш-талкуу жараткан.

УКМК Камчыбек Жолдошбаевди каматкан жагдай тууралуу учкай билдирүү таратты. Маалыматта Ош базарындагы ага таандык "Беш-Сары" соода борборунда салык төлөөдөн качуу, кош бухгалтердик эсеп жүргүзүү өңдүү каржылык мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленет.

"Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун (аталган фирма - Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу механизмдерин уюштурганы аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен "Беш-Сарынын" администрациясы көп жылдан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени белгилүү болду. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы андан бир нече эсе жогору болгон. Бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына алып келген. Ошондой эле, "Беш-Сарынын" бухгалтериясы салык документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген. Иш жүзүндө ижарачы "Беш-Сарынын" администрациясына бир соода орду үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишимде 9600 сом деп жазылган. Андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде 4800 сом деп көрсөтүлгөн", - деп жазылган маалыматта.

Камчыбек Жолдошбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Камчыбек Жолдошбаев. УКМК тараткан сүрөт.

УКМК анда ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилбегенин, соода түйүндөрүн өздөрү оңдоп-түзөп келгенин, ижарачылардын укугу менен ижара шартын ырастаган документтери болбогонун белгилеген. "Беш-Сарынын" жетекчилиги соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алганын айткан.

Камчыбек Жолдошбаевдин жакындары жана адвокаттары анын камалганы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканованын пикиринде, бир канча жылдан бери айрым ишкерлер ар кандай айла-амал менен салык төлөөдөн качып келген.

Ал соңку окуяларды көмүскө экономикага каршы чаралардын бири катары сыпаттады.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

"Айрым жеке ишкерлер ушу кезге чейин киреше алууну гана ойлоп, мамлекетти унутуп калышты. Мамлекетке төккөн салыктар бул биздин аскерлерге, дарыгерлерге, мугалимдерге, жолдорду салууга жумшалат да. Ошол эле "Беш-Сары" өңдүү соода жайлары кассалык-көзөмөл аппараттарын койгондон кийин ачык болуп калды да. Мурда мындай система жок, ким төлөп, ким төлөбөй жатат, декларациясында эмне жазылып, эмне жазылган жок деп текшергенге мүмкүнчүлүк жок болчу. Азыр ушундай маалыматтык системалар, ККМ кирип, ачык болуп калды. Коррупция болсо ачыктыктан коркот. Өздөрү байып бирок толук салык төлөбөй жүргөн ишкерлер азыр ачык көрүнүп калды. Азыркы аракеттер биринчинден коррупциянын тамырына балта чабылып жатканын билдирет, экинчиден ишкерлерде мамлекеттин алдында милдети бар да. Ошол милдеттеринин бири - салык төлөө. Азыр көмүскө экономика деп көп айтабыз. Көмүскө экономика бул биринчиден аткезчилик, экинчиден салык төлөөбөө дагы ошого алып барат".

Былтыр жыл аягында Кыргызстандагы бир катар ири базарларда кассалык-көзөмөл аппаратын киргизүүгө каршы нааразылык акциялары өткөн.

Мындан улам президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барып ишкерлер менен жолуккан жана ККМ киргизүү мөөнөтү дагы алты айга узартылган.


Көп өтпөй атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген. Анда ал атаган өлкөдөгү эң бай ири соода-сатык комплекстеринин ээлеринин арасында Камчыбек Жолдошбаев дагы болгон.

Ташиевдин бул билдирүүсүнөн кийин эле айрым базар ээлери ижара акысы төмөндөтүлгөнүн айтып, видео кайрылуу жолдошкон. Былтыр жыл аягынан тартып айрым базарлардын башчылары менен салыкчылар ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу жана коррупциялык схеманы уюштурууга шек саналып кармала баштаган.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышов салыкты жашырууга көмөктөшкөн аткаминерлердин жоопкерчилиги толук каралбай жатканына токтолду.

"Камчыбек Жолдошбаев эгемендиктин алгачкы жылдары элден суурулуп чыккан бизнесмендердин бири. Ал аксакал дагы болуп калды. Көп эле жердештери эскерип жүрөт, ал адегенде "Жигули", "Москвич" менен суурдун терисин чогултуп, андан кийин Торугартка кытайларды, уйгурларды, алгачкы челнокторду ташып иштеп, ошону менен соодага кирген. Бизнести өз күчү менен баштаган. Кийин Кара-Кечеде көмүр казган. Ал кезде Кара-Кечеде көмүр казуу кыйын болчу, техника, күч жана транспорт жок эле. Ошол кезде өздөрүнүн акчасын салып, тууган-туушкандары менен чогуу баштаган. Азыркы кырдаалга келсек, албетте, мамлекетте коррупцияга, жемкорлорго каршы саясат жүрүп жатат. Эгер буга чейин Камчыбек Жолдошбаевдей ишкерлер салыгын жашырып келсе, ошого жол берген мамлекеттик чиновниктер дагы кошо кармалышы керек. Мисалы, ошол "Беш-Сары" ушунча жылдан бери салыгын жашырып келсе, анда Ленин районунун салыкчылары ошончо жылдан бери жашырылган салыктын эсебинен байып келишкен. Алар дагы көрсөтпөй олчойгон пара алып турган. Демек, ошончо салыкчыны кошо абакка киргизиш керек. Жеке ишкерлерди эле камап, чиновниктер камалбай кеткенине күйүп атам. Ушунча жылдан бери салык жашырууга жардам берген салыкчылар, текшерген аудиттер кошо кармалышы керек да. Карыбы-жашпы мыйзам алдында баары жооп берет деңизчи, бирок ошол салык жашырууга жол бергендер, өнөктөш болгондор эмнеге кармалбайт деген суроо туулат".

Өткөн айда УКМК Ош базарындагы “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода борборлорунун негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирген. Анда бул соода түйүндөрүнүн жетекчилиги соңку бир канча жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашканын маалымдаган. Атайын кызмат тараткан маалыматта, бул жайларда соода орундарынын чарчы метри 500дөн 2000 долларга чейин болгону, мындан сырткары ишкерлерди 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашкан.

Камалгандардын жакындары жана жактоочулары комментарий берген эмес.

Өлкөдөгү бай адамдардын бири саналган Камчыбек Жолдошбаев соңку парламенттик шайлоодо Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан талапкер болгон. УКМК ага добуш сатып алууга байланыштуу айып таккан жана анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы жарыштан четтеткен.

Ага чейинки чакырылышта Жолдошбаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке мандат алган, кызы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

Жолдошбаев парламенттин 3-чакырылышында, тактап айтканда 2005-жылы Бишкектеги округдардын биринен шайланып, депутат болгон.

Ал депутат кезинде бир катар талаш-талкуу жараткан билдирүүлөрү менен аты чыккан. Ал ошондой эле ачуусу чукул, орой, "чоң муштум" адам катары таанылып, "Беш-Сарыда" иштеген айрым соодагерлер Жолдошбаевге нааразылыгын билдирип чыккан.

Жолдошбаев 1995 жана 2000-жылдары эки жолку парламенттик шайлоодо Ат-Башы жана Нарын райондук округдардан ат салышкан, бирок утулуп калган. Жергиликтүү тургундар ошол шайлоолордо Жолдошбаевдин акысыз көмүр таратканын айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG